Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

AI жаңы баяндамасы: Дүйнөдөгү адам укугу жана эки жүздүү саясат


Украиналык качкындар Польшада. 26-февраль, 2022-жыл.
Украиналык качкындар Польшада. 26-февраль, 2022-жыл.

28-мартта Amnesty International эл аралык уюму адам укуктарынын абалына арналган жылдык отчетун жарыялады. 156 өлкө камтылган документте негизги көңүл куралдуу жаңжалдарга бурулган. Авторлор Украинадан башка кризистерди көз жаздымда калтырган айрым мамлекеттерди эки жүздүүлүк үчүн сындашты.

Кыргызстанга арналган бөлүгүндө тынч демонстрацияларды чектөө, өкмөттү сындаган журналисттер менен активисттердин социалдык түйүндөрдө чабуулга жана негизсиз соттук куугунтукка туш болушуна басым жасалган.

Укук коргоочулар 2022-жылы да эң негизги укуктарды сактоо жаатында чоң өзгөрүүлөр болбогонун, жакыр катмарлар, аялдар менен балдар мурдагыдай эле жапа чегип келатканын белгилешти.

"2022-жылы адам укуктары, өзгөчө өз пикирин эркин билдирүү, эркин чогулуу, митингдерге чыгуу укуктары, аялдардын укуктары, экономикалык жана социалдык укуктар начарлады", - деп билдирди уюмдун баш катчысы Аньес Калламар.

"Батыштын эки жүздүү жана кош стандарт саясаты"

Amnesty International эл аралык уюму адам укуктарынын абалына арналган жылдык отчетунда Орусиянын Украинага кол салуусу көптөгөн согуш кылмыштарына алып келип, дүйнөнү энергетикалык жана азык-түлүк кризиси каптаганын, муну менен катар Кремлдин агрессиясына жооп кайтарган Батыш мамлекеттеринин эки жүздүүлүгүн ачыкка чыгарып койгонун белгиледи.

Париж, 24-февраль 2023-жыл
Париж, 24-февраль 2023-жыл

Калламардын айтымында, кош стандарт мамиле адам укуктарынын жалпы баалуулуктарына көлөкө түшүрөт:

"Дүйнөдөгү башка кризистерди көз жаздымда калтыруу Украинага тиешелүү жасалган иштердин маанисин төмөндөтүп салды жана анын жөнгө салынышын бир топ кыйындатты. Кризистер универсалдуу баалуулуктарга жана мыйзамдын үстөмдүгүнө таянып чечилиши керек. Коалиция андай жолду издеп жатканын айтат, бирок ушул эле эрежени башка кризистерге келгенде колдонуу зарыл. Ошондуктан биз Батыш болобу же Кытай сыяктуу башка мамлекеттер болобу, кош стандарт мамилени токтотууну суранабыз".

156 өлкөдөгү абал талданып чыккан докладда адам укуктарын бузуу учурларына тиешелүү реакция билдирбөө бейстабилдүүлүктүн отуна май тамызып жатканы айтылат.

Мисал катары Евробиримдик өлкөлөрүнүн орус агрессиясынан улам жер которууга мажбур болгон украиналыктарга чек арасын ачканын, ошол эле маалда Сирия, Ооганстан жана Ливиядагы репрессиялардан жан сактай качкан адамдарды өз аймагына кое бербей жатышын келтирет.

Отчетто Израилдин “палестиналыктарга каршы апартеид системасына”, Шиңжандагы мусулмандардын абалына көңүл кош мамиле жасалганы да белгиленет.

Калламар билдиргендей, Орусиянын Украинага басып кирүүсү кээ бир мамлекеттер эл аралык укукту жана адам укуктарын чексиз буза берсе, арты кандай болорун көргөзгөн үрөй учурган мисал.

Орусиядагы абалга токтолуп, отчет авторлору фейктер, армиянын аброюна шек келтирүү тууралуу мыйзамдар, тынч демонстрацияларды кууп таркатуу, бийликтен башкача көз карашты кармангандарды куугунтуктоо жана башка терс көрүнүштөрдү тизмектеп чыккан.

"Украинадагы адам укуктарынын бузулушуна орус армиясы жооптуу"

Буча шаары. 2-апрель, 2022-жыл
Буча шаары. 2-апрель, 2022-жыл

"Ал эми Украинада орус армиясы жарандык жайларга сокку урганы, кыйноолор жана сексуалдык ыдык көргөзүү негизги көйгөйгө айланган", - деп жазышты укук коргоочулар.

Алар Запорожьедеги гуманитардык кербенге сокку уруу же Бучанын тургундарын көчөдөн эч кандай себепсиз атып салуу, башка трагедияларды эске салышкан. Андан тышкары, миллиондогон кишинин жашоого укугу бузулганы, бозгунга айланганы, суукта электр жарыгысыз, суусуз отуруп калганы айтылат.

Кошумчалай кетсек, былтыр августта Amnesty International "украин куралдуу күчтөрүнүн тактикасы тынч тургундарды коркунучка кептеп атат" деген мазмундагы докладынан кийин катуу сынга кабылып, президент Владимир Зеленский агрессор өлкөнү актап, "жоопкерчиликти жапа чеккен тарапка оодаруу" үчүн уюмду айыптаган.

Amnesty International кийин жарым-жартылай кечирим сурап, Орусиянын мыйзам бузууларын актабаганын билдирген. Докладдан кийин уюмдун Украинадагы кеңсесинин жетекчиси кызматынан кеткен.

"Кыргызстанда адам укуктары жана эркиндиктери чектелүүдө"

Аялдардын укуктарын коргоо акциясы. Бишкек, 8-март, 2023-жыл
Аялдардын укуктарын коргоо акциясы. Бишкек, 8-март, 2023-жыл

Кыргызстанга арналган бөлүгүндө тынч демонстрацияларды чектөө, чет жактардан каржыланган бейөкмөт уюмдардын отчет берип туруу эрежелеринин киргизилиши, өкмөттү сындаган журналисттер менен активисттердин социалдык түйүндөрдө чабуулга жана негизсиз соттук куугунтукка туш болушуна басым жасалган.

Авторлор өлкөдө сөз эркиндигин чектөө, аткаминерлердин дарегине айтылган сын-пикирлерди алдын алуу үчүн түрдүү мыйзамдар колдонулганын белгилешет.

Ошондой эле жабык жайлардагы адамдарды кармоо шарттары минималдык стандарттарга дал келбегени, бул өз кезегинде адам өлүмдөрүнө алып келгени да сөз кылынат.

Докладда былтыр мартта Бишкекте Украинага тилектештик билдирүү акциясынын катышуучулары кармалганы, ошол эле маалда Орусияны колдогон митингге уруксат берилгени белгиленет.

Укук коргоочулар жалган маалыматтан коргоо мыйзамын бетке кармап, Res Publica гезитинин сайты бөгөттөлгөнүн эске салышты. Отчетто "Азаттык Медиа" мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүнө, Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышына, Next TV каналынын жетекчиси Таалайбек Дүйшенбиевдин, Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин сот иштерине көңүл бурулган.

Укук коргоочулар Кыргызстандагы кыз-келиндерге каршы, үй-бүлөлүк зомбулук учурларына, асыресе милиция кызматкерлери жарым жылдай зордуктап жүргөн 13 жаштагы өспүрүмдүн окуясына токтолгон.

Кыргыз бийлигинин позициясы

Кыргызстандын өкмөтү бул баяндамада айтылган жагдайларга комментарий бере элек.

Бирок кыргыз бийлигинин өкүлдөрү өлкөдө адам укуктары, сөз эркиндиги чектелгени тууралуу маалыматтарды буга чейин бир нече жолу четке каккан.

Быйыл 2-мартта тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев БУУнун Адам укуктары кеңешинин Женевадагы 52-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан БУУнун хартияларында, адам укуктары тууралуу жалпы декларацияда бекитилген принциптерди сактап келатканын айткан.

Кыргызстандын башкы дипломаты “Кыргызстандын ички мамлекеттик саясаты түп тамырынан бери адам укуктарын коргоо менен байланышканын” билдирип, Бишкек жаңы мүчө болгон БУУнун Адам укуктары кеңешинин ишине жигердүү катышууга даяр экенин белгилеген.

“Кыргызстанда жарандык коомду мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарт түзүлгөн. Алты миңден ашуун активдүү, көз карандысыз бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар, Акыйкатчы, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор жана көптөгөн эл аралык агенттиктер бар. Ошону менен бирге адам укуктары боюнча жогорку комиссардын Борбор Азиядагы регионалдык кеңсеси Кыргызстанда жайгашкан”, - деген Кулубаев.

2021-жылы Садыр Жапаров ант берип жаткан учурда анын президенттик мөөнөтүндө Кыргызстанда сөз эркиндиги камсыздаларына ишендирген. Мамлекет башчы “президенттик башкаруу адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес” деп кесе айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG