Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Ооган согушунун искусстводогу изи


Ооган согушунун ардагерлери. 15-февраль, 2015-жыл. (Архивдеги сүрөт)
Ооган согушунун ардагерлери. 15-февраль, 2015-жыл. (Архивдеги сүрөт)

Бишкекте Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 28 жылдыгы белгиленди.

Кезинде “жабык согуш” катары мүнөздөлгөн Ооганстан апааты тууралуу ошол учурда да, кийин да көптөгөн ырлар, обондор чыгып, тасмалар тартылган.

Ырга айланган күндөр

Ооган темасы айрыкча орус эстрадасында кеңири чагылдырылып, миңдеген ырлар жаралган. Атүгүл ооганчыларга арналган атайын эстрадалык топтор да түзүлгөн.

Бул кандуу согушка катышкан Улуттук гвардиянын полковниги Абдыганы Маманов жогорудагыдай мазмундагы ырларды укканда жаштыгын, кан кечип жүргөн каардуу күндөрүн эстей турганын кеп кылды:

- Мисалы, орус ырларынан “Салам, Бача”, “Кукушка", “Кандагар”, “Жалал-Абад” деген сыяктуу ырлар көп. Бул чыгармаларды уккан сайын эсиме ошол күндөр түшөт.

Маманов мындай ырлардын дээрлик ар бири кийинки муунга согуш болгон жерде дайыма азап, өлүм, кайгы болорун айтып, тынчтыктын кымбаттыгын даңазалап турарына ишенет.

Ооган согушу “жабык согуш” болгону менен аскерлер арасында алгач бул тема боюнча гитаранын коштоосунда көптөгөн ырлар жаралып, ал ырлар казармадан казармага учуп жетип,жоокерлер жаттап турган экен.

Ооганчылардын республикалык кеңешинин иш башкаруучусу Тыныбек Кадыров мындай чыгармалар өзүн азыр да шыктандырып турарын айтты:

- Биз азыр балдар жолукканда ошол ырларды чогуу ырдап, башыбыздан өткөн окуяларды көп эстейбиз. “Голубой берет”, “Каскад”, “СССР” деген группалар бар. Булар ооган темасында бир топ чыгармаларды аткарып жүрөт. Бизде ооган согушунун ардагерлеринен түзүлгөн “Караван” деген топ бар. Учурда алар өздөрүнүн репертуарын көбөйтүп, иш-чаралар өткөн жерде өздөрүнүн концерттерин берип келатат.

"Тасмадан өзүмдү көрөм"

Ооган согушу же ага байланыштуу окуялар тууралуу советтик жана башка өлкөлөр тарабынан жүздөгөн көркөм жана даректүү тасмалар тартылган. Мисалы, кино күйөрмандары “9-рота”, “Пешавардагы вальс”, “Ооган согушу”, “Апийим согушу”, “Кара акула”, “Ооган рыцары”, "Бир туугандар”, “Рембо III” сыяктуу көптөгөн тасмаларды зор кызыгуу менен сөз кылышат.​

Генерал Абдыгул Чотбаев ортодо. 2015-жыл
Генерал Абдыгул Чотбаев ортодо. 2015-жыл

Совет бийлиги кулагандан кийин же башка өлкөлөр тарабынан тартылган фильмдерде ооган согушунун маани-маңызы ар кандай өңүттө сүрөттөлгөн.

Ооганчы генарал Абдыгул Чотбаев өзү катышкан майдан тууралуу тартылган тасмаларды калтырбай көрөрүн айтты:

- Ооган согушу тууралуу жүрүп жаткан тасмалардагы кээ бир эпизоддордон тасма мен же менин жоокерлерим тууралуу тартылган окшойт деп ойлоп кетем. Себеби биз болгон жерлерде андай окуялар көп жолу болгон. Айрым учурда мен күбө болбогон жагдайлар тууралуу көрсөтүлгөндө, бизде мындай окуялар болгон эмес, демек башка жерлерде ошондой болсо керек деп калам. Тасмада көрсөтүлгөн согуштук операциялар көбүнчө биз күбө болгон окуяларга окшошуп турат.

Ооган темасында жазылган прозалык чыгармалардан Анджей Сапковскийдин “Жылан” аттуу романы, Светлана Алексиевичтин советтик аскер тууралуу жазган даректүү-көркөм баяны кино жана театр режиссерлорду кызыктырган чыгармалардын катарында. Светлана Алексиевичтин даректүү-көркөм баяны боюнча бир нече тасма тартылып, Орусиянын жана Франциянын көптөгөн театрларында коюлган.

Ооган согушу сүрөттө

Адистер көркөм-сүрөт искусствосунда петербургдук кыл калем чебери, ооганчы Анатолий Хомутинниковдун эмгектери сап башында турарын айтышат. ​

Ооган согушунда каза тапкандардын аты чегилген таш
Ооган согушунда каза тапкандардын аты чегилген таш

Ал бул темада жүздөн ашык чыгарма жараткан. Ооганчылар Анатолий тарткан сүрөттөрдөн ошол күндөрдүн унутулган үнү кайра угулуп, атургай жыты да келип турарын белгилеп келишет экен.

Учурда Михаил Фрунзенин үй-музейинде ооган согушунан 28 жылдыгына карата фотосүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Бул ооганчылардын демилгеси менен Бишкекте биринчи жолу уюшулган көргөзмө. Музейдин илимий кызматкери Гүлира Нурбаева:

- Биз уюштурган көргөзмө “Ооганстан биздин эс-тутум жана кайгы” деп аталат. Бул Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышынын 28 жылдыгына арналды. Негизи буга чейин бул тема көп чагылдырылган эмес. Азыр биз өткөрүп жаткан көргөзмө бирден бир көргөзмө болуп эсептелет. Көргөзмөбүз фото даректүү.

Адистердин пикиринде кыргыз маданияты менен искусствосунда ооган темасы дээрлик чагылдырылган эмес. Бирин-серин ырдалган ырлардан башка бул темада тартылган бир да көркөм тасма же картина чыгарма жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG