Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:57

Ооганстандагы "кандуу ишемби"


Ооган президенти Хамид Карзай жаш балдардын өлүмүнө алып келген аба соккуларын, жайкын тургундарды калка катары колдонгон талиптерди айыптады
Ооган президенти Хамид Карзай жаш балдардын өлүмүнө алып келген аба соккуларын, жайкын тургундарды калка катары колдонгон талиптерди айыптады

Өткөн ишембиде алты америкалыкты өлтүргөн талиптердин чабуулун АКШнын мамкатчысы Жон Керри “мыкаачылык” деп айыптады. Ошол эле күнү НАТОнун аба соккусунан 11 бала өлгөнү айтылууда.

Талиптердин жардыруусунда өлгөндөрдүн катарында бир дипломат аял жана ооган догдуру да бар эле. Ишембиде Забул провинциясынын борбору Калат шаарындагы мектептердин бирине китеп алып бараткан жеринен үч америкалык аскер, эки америкалык жаран жана бир ооган догдуру жардырууда мүрт кетишкен.

Дипломат аялды эскерген сөзүндө Керри аны “өмүрүн ооган жаштарынын жаркын келечеги үчүн бергенин” айтты.

Андан сырткары, мамкатчынын билдирүүсүндө айтылгандай, бул окуяда Мамлекеттик департаменттин төрт кызматкери да жарадар болгон, бирөөнүн абалы оор.

Ишембидеги жардырууну талиптер жасашканын билдиришти.

Америкалыктар бараткан мектепке ошол эле күнү ошол окуяга Забул провинциясынын губернатору да бараткан экен. Губернатор Ашраф Назери кийинчерээк “Ассошиэйтед пресске” сүйлөп, талиптер америкалыктарды эмес, анын өзүн өлтүрүүнү каалашкан деп билээрин айтты.

Дагы бир америкалык жаран, өлкөдөгү эл аралык аскер командачылыгынан билдиришкендей, ошол эле күнү Ооганстандын чыгышында козголоңчулардын чабуулунан көз жумду.

Бул АКШ үчүн акыркы сегиз айдан берки эң эле кандуу күн болуп калды. Анын алдынан эле бир нече күн мурда Ооганстанда соттун имаратына да чабуул болуп, анда 46 адам өлгөн эле.

Акыркы күндөрдөгү кандуу чабуулдар, байкоочулардын баамында, чет өлкөлүк аскерлер мамлекеттен келерки жылы чыгарылышына даярданып жатканына карабай, Ооганстан дале бейстабилдүүлүктүн чордону экенин көрсөтүп турат.

Соңку кан төгүү Ооганстанга жергиликтүү жана эл аралык аскерлер менен консультацияга америкалык эң жогорку даражалуу командачылардын бири келген учурга туш келди. Генерал Мартин Демпсей өлкөдөн америкалык аскерлерди чыгарып кетүүгө даярдык кандай жүрүп жатканын жана ооган коопсуздук күчтөрүн даярдоо кандай өтүп жатканын текшергени барган.

Ал арада...

Ооганстандын чыгышындагы Кунар провинциясында ишембиде НАТОнун аба соккусунан 11 бала набыт болгону кабарланды. Алардан сырткары, окуяда дагы бир аял мерт болгон жана алты киши жаракат алышкан.

Жергиликтүү бийликтердин бул кабарына жооп катары НАТО провинцияда чындап эле козголоңчуларга каршы операцияга альянс көмөк көрсөткөнүн тастыктап, бирок өлгөндөр жөнүндө кабарды ырастаган жок.

Ооган президенти Хамид Карзай жергиликтүү жайкын тургундардын өлүмүн кескин айыптай турганын билдирип, адамдар отурукташкан аймактарда авиасоккуларга тыйуу салган жардыкка кой койгонун айтты.

“Орусия НАТОнун чабуулунан Ооганстанда аялдар менен балдар өлгөнүн иликтөөнү талап кылат”, - деп жазды бүгүн “Твиттердеги” билдирүүсүндө орус Тышкы иштер министрлигинин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Константин Долгов.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG