Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:16

Карзайдын жакын жардамчысын атып кетишти


Президент Хамид Карзай жардамчысы Мохаммад Канды акыркы сапарга узатуу учурунда. Кабул, 18-июль.
Президент Хамид Карзай жардамчысы Мохаммад Канды акыркы сапарга узатуу учурунда. Кабул, 18-июль.

Aмерикалык генерал Давид Петреус НАТОнун Ооганстандагы аскерлеринин кол башчылыгын өткөрүп берүүдө. Ал арада Ооганстанда кан төгүү күчөп, анын ичинде дүйшөмбүгө караган түнү президент Хамид Карзайдын жакын жардамчысын атып кетишти.

Жемшембиде Ооганстандан НАТО баштаган чет элдик аскерлерди чыгаруунун алгачкы баскычы башталды, эртеси эле бул күчтөрдүн аскер башчысы генерал Петреус иштен кетүүдө. Ал ортодо, жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү ооган президенти Хамид Карзайдын жакын жардамчысын өз үйүндө өлтүрүп кетишти. Аны менен катар Орузгандан шайланган депутат Мохаммед Хашам Ватанвал да набыт болду.

Мохаммед Кандын үйү Кабулдун батышындагы катуу кайтарылган ооданда жайгашкан. Куралчандар ооган коопсуздук күчтөрү менен атышканын ооган улуттук армиясынын кол башчысы Кадам Шах Шахим кабарчыларга билдирип, буларды кошумчалады:

- Эки куралчан Урузгандын мурдагы губернатору Жан Мохаммад Канды жана төмөнкү палатанын мүчөсү Хашам Ватанвалды өлтүрүштү. Куралчандарды кийин тартип коргоочулар атып салды. Кырдаал азыр тынч.

Мохаммед Кан таасирдүү жана талаштуу адам эле. Куралдуу топтордун башчысы болуп жүрүп, мамлекеттик кызматка келген. Өлкөнүн түштүгүндөгү Урузган дубанынын губернаторлугунан 2006-жылы нарко-аткезчилик менен байланышы тууралуу шектенүүлөрдөн улам алынган. Анын өлүмү үчүн жоопкерчиликти талиптер өздөрүнө алды.

Мындан бир жума мурда президент Карзайдын таасирдүү аталаш иниси, Кандагардын шайланма дубандык кеңешинин төрагасы Ахмад Вали Карзайды жакын шериги атып салган эле. Вали Карзайды талиптердин таянычы болгон өлкөнүн түштүгүндөгү Ооганстандын жана НАТОнун операциялары үчүн чоң мааниге ээ болгон адам деп саналчу.

Ооганстандын түштүгүндө америкалык аскерлердин саны көбөйтүлгөндөн кийин кырдаал бир канча оңолуп калган эле. Соңку өлтүрүүлөр бул жылыштарды жокко чыгарбас бекен деген тынчсызданууга түрткү болууда.

Ушул эле күндөрү өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоону оогандар өздөрүнө өткөрүп ала баштады. Жекшембиде өлкөнүн борборундагы Бамян дубанында НАТО аскерлеринен көзөмөлдү ооган күчтөрүнө өткөрүү салтанаты болду. Ооганстандын коргонуу министри генерал Абдул Рахим Вардак муну Ооганстан үчүн улуу күн деп мүнөздөдү:

- Бүгүн биз Ооганстандын саясий, социалдык, экономикалык тармактарындагы түпкүлүктүү өзгөрүүлөрдү баштап жаткандыгыбыз өтө кубанычтуу.

Бамян - оогандарга өткөрүлүп берип жаткан алгачкы аймак, бул жараян 2014-жылы аяктайт. Анын аралыгында, өлкөдөгү НАТО аскерлерин жетектеген генерал Петреус ЦРУнун жетекчилигине кетти.

Ал Ооганстанга былтыр америкалык кошумча 30 миң аскер алынып келинишине баш-көз болгон эле. Айдын аягына чейин Ооганстандан Канада 3 миңге чукул аскерин чыгарып кетүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG