Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Абактагы аялдар ыдык көргөнүнө даттанды


Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө изоляторунун имараты.
Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө изоляторунун имараты.

Жалал-Абаддагы № 53 изоляторунда кармалган аялдар ыдык көргөнүн, укуктары бузулганын айтып даттанды. Алар кызматкерлер тарабынан аялдык намыстары тебеленип, кемсинтүүгө кабылганын айтууда.

Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө изолятору - аймактагы шарты стандарттарга туура келет делген жабык мекемелердин бири. Бул аялдар менен жаш балдар тергөө учурунда кармала турган жай. Мында кармалып турган аялдар мамлекеттик Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан укуктары бузулуп жатканын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлү Алишер Эрматов менен жолукканда билдиришкен.

Алишер Эрматов, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлү.
Алишер Эрматов, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлү.

"Абактагылардын бири душка түшкөнү жатканда, эркек коштоочулардын алдында чечинүүгө мажбур болгонун айтып берди. Аялдарга жеке гигиена каражаттарын колдонууга тыюу салынат. Тергөө изоляторунун кызматкери аларга жеке буюмдарын берүү же бербөө керек экенин өздөрү чечишет. Аялдарды бирин абак кызматкери аны кысымга алып, интимдик жерлерине тийген",- деди Алишер Эрматов ​.

Укук коргоочулар ошондой эле тергөө жайын ашканасында тазалык сакталбаганын, кармалгандарга бериле турган 80 грамм эттин ордуна 15 граммдан ашпаган эт берилип жатканын аныктаган. Буга кошумча ашпозчу санитардык китепчеси жок жумушка алынганы билинип, акт түзүлгөн. Борбор тергөө абагынын жетекчилигине жана бардык кызматкерлерине карата чара көрүү, керек болсо кылмыш иштерин козгоо тууралуу кайрылды.

Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө абагынын жетекчиси Максатбек Караев мекемени Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери текшергенин ырастады. Алар айтылып жаткан дооматтарга макул эмес.

Анткени тергөө изоляторунда камералар орнотулганын, адам укугун бузуу фактылары мүмкүн эмес экенин айтууда.

Максатбек Караев, Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө абагынын жетекчиси.
Максатбек Караев, Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө абагынын жетекчиси.

“Эт бир күндө 40 граммдан эки тамакка бөлүнөт. Ал эми "мындагы аялдардын интимдик жерлерине тийген" деген сөз туура эмес. Бизде байкоочу камералар орнотулган, эч ким мында кармалып турган аялдарга туура эмес кыймыл-аракет кыла албайт”,-деди ал.

№53 тергөө изоляторунда 4 жылдан бери жаткан Уулжан (ред. ысымы өзгөртүлдү) мекемеде ашпозчу. Ал мында аялдардын укугу бузулуп, кыйноолор болуп жатат деген маалыматты четке какты.

Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө абагынын ашканасы.
Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө абагынын ашканасы.

“Мен 3 жыл 9 айдан бери мында жашайм. Ашпозчу болуп иштейм. Ар күнү белгиленген этти тамакка кошуп беребиз. Ал эми интимдик жолго барып жатат деген сөз жалган. Бул маалыматтан кийин биздин да жолдошубуз, туугандарыбыз, балдарыбыз угуп алып кандай ойдо болду деп капа болдук”.

ЖАМК кандай чара көрөт?

№53 тергөө изоляторундагы укук бузуу жана тазалык боюнча кайрылуудан кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилиги, жооптуу инспекторлор 6-сентябрда Жалал-Абад шаарына жөнөп кеткени кабарланган.

ЖАМКнын ички иликтөө кызматынын жетекчиси Элбурс Токтомамбетовдун айтымында, учурда укук коргоочулар жарыялаган маалыматтар текшерилүүдө.

Элбурс Токтомамбетов, ЖАМКнын ички иликтөө кызматынын жетекчиси
Элбурс Токтомамбетов, ЖАМКнын ички иликтөө кызматынын жетекчиси

“Арыз берди деген беш аял менен жолуктук. Алар бул маалыматты "жалган", "бизди эч ким кордогон же укугубузду бузган жок" деп айтып жатат. Калган көйгөйлөр боюнча дагы текшерүү болот. Ал эми кызматкерлер мыйзам бузган болсо жооп берет. Азырынча айтылып жаткан дооматтар боюнча жалган маалымат экени ачыктала баштады”.

Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө изоляторунда учурда 34 жаран кармалып турат. Алардын 23ү аялдар.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата 9 миңден ашуун адам жазасын өтөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG