Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Д.Үсөнов: “Түндүкэлектрону” 1 долларга деле сатмакпыз


Премьер-министрдин басма сөз жыйыны, 24-февраль 2010-жыл.
Премьер-министрдин басма сөз жыйыны, 24-февраль 2010-жыл.

Премьер-министр Данияр Үсөнов 24-февралда айрым өкмөт мүчөлөрү менен бирге маалымат жыйынын өткөрдү. Премьердин айтымында, былтыр экономикада кыйла жылыштар болуп, инфляциянын деңгээли нөл пайызды түздү.

Ошондой эле ал тарифтердин көтөрүлүшү жана мамлекеттик ири ишканалардын сатылышы боюнча да суроолорго жооп берди.

Өкмөт башчы Данияр Үсөновдун айтымында, соңку кездери Кыргызстандын экономикасы кыйла эле тирденип алды. Алсак, былтыр инфляциянын деңгээли нөл пайызды түзүп, бүгүнкү күнү негизги азык-түлүккө болгон баалар кыйла арзандады. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 2008-жылы инфляция 20 пайызга чейин жеткен эле.
Ноябрда биз тарифтерди көтөрүп атканда мен айткан элем, “ким эртең келип “Түндүкэлектрону” бир долларга алам десе, сатып жиберем”,- деп.
Д.Үсөнов

Тарифтердин көтөрүлүшүнө токтолгон премьер, бул эч кимге жаңылык болбошу керектигин, анткени тарифтерди көтөрүү 2006-жылы эле пландалып, атайын токтом чыкканын айтты. Бирок андан кийинки жылдары токтом аткарылбай келгендиктен азыркы тарифтер чоңдой көрүнүүдө. Тарифтерди 2006-жылдан баштап аз-аздап көтөргөндө деле бүгүнкү деңгээлге жетип калмак.

Д. Үсөнов ошондой эле “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком” сыяктуу ири мамлекеттик ишканалардын сатылышы тууралуу “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип, буларды сатуу аркылуу рыноктук системага өтүү каралганын айтты:

- “Кыргызтелеком” боюнча биз баарына сунуштаганбыз. Ачык айтканбыз, “телеком мындай, тарифтери тигиндей, финансылык абалы мындай” деп. Эч ким алган эмес. Бүгүн кудай жалгап менчиктештирүүнүн негизинде “Кыргызтелекомду” саттык деп мага билдиришти. Акчаларды Каржы министрлигине, Мамлекеттик мүлк министрлигинин эсебине түшүшү керек. Бул – түздөн-түз кыргыз өкмөтүнүн кирешеси болот.

“Түндүкэлектро” боюнча... Акыркы үч жылдын ичинде сөз болуп аткан, тендерлер өтүп аткан. Менин билишимче алты жолу конкурс болгон. Эч ким алган эмес. Ноябрда биз тарифтерди көтөрүп атканда мен айткан элем, “ким эртең келип “Түндүкэлектрону” бир долларга алам десе, сатып жиберем”,- деп...


Буга чейин оппозиция өкүлдөрү жана бир катар талдоочулар тарифтердин көтөрүлүшү менен мамлекеттик ири ишканалардын сатылышын катуу сындашкан эле. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы да буга байланыштуу нааразычылыгын билдирген эле. Ал тургай фракция жетекчиси Роза Отунбаева премьер-министрге ачык кат жазып, элдин байлыктары таланып-тонолуп атканын айтып, премьерге кызматтан кетип калуусун сунуштаган:
Р.Отунбаева

- “Түндүкэлектро” мисалы Алексей Ширшовдун “Чакан ГЭС” деген компаниясына 3 миллион долларга кетти деп атышат. Ошол А.Ширшовдун бир эле үйү 3 миллион доллар турат. “Түндүкэлектрого” кирсеңиз кассасындагы күнүмдүк пайдасы эле 30 миллион сомдой болсо керек. Анан кантип 3 эле миллионго кетип калат. Анан кантип эле ушунча арзан кетип калды. Бул деген Кыргызстандын элин тебелеп-тепсеп, бутун арчып атат деген эле сөз.

Өкмөт башчы Д.Үсөнов болсо депутат Р.Отунбаеванын ачык каты менен таанышканын, оппозициялык маанайдагы Социал-демократтар партиясынын аларга болгон мамилеси белгилүү экенин, андыктан депутат сунуштагандай кызматын таштап баса бербесин билдирди:

- Сиз айткан Роза Исаковна жазган саясий катты мен алдым. Эки баракта он жолу айтыптыр, “Данияр Токтогулович отставкага кетиниз” деп. Дагы он жолу жазыптыр, “кыргыз өкмөтү жаман” деп. Эми социал-демократтардын бизге болгон мамилесин жакшы билебиз. Бул саясий мамилеге дагы беш жыл чыдайбыз. Андан кийин убакыт көргөзөөр.

Өкмөт башчы тышкы соода-экономикалык алакаларды да президент айткан көп багыттуу саясаттын негизинде жүргүзүү керектигине токтолуп, Кыргызстан бул жаатта бир дагы мамлекет менен чатагы жоктугуна токтолду. Анын айтымында, учурда Кытай менен 3 миллиард долларлык долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Орусиядан келет делген 2 миллиард долларга жакын кредит боюнча да сүйлөшүүлөр токтогон жок. Коңшу Казакстан, Өзбекстан менен да соода-экономикалык алакаларда чечилбей аткан нерсе жок. “Кандай болгон күндө да башкы кызыкчылык – Кыргызстандын кызыкчылыгы”,- дейт Д.Үсөнов.

Ал арада оппозиция өкүлдөрү бийликтин ички жана тышкы саясатын да катуу сынга алып келатышат.

XS
SM
MD
LG