Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Кыргызстанга курулчу машыгуу борбору Тажикстанга көчтүбү?


Тажикстанга машыгуу борбору курулаарын АКШ өкүлү Роберт Блэйк айтып чыкты.
Тажикстанга машыгуу борбору курулаарын АКШ өкүлү Роберт Блэйк айтып чыкты.

АКШ Тажикстанга машыгуу борборун кураарын бул өлкөнүн расмий өкүлү Роберт Блэйк Орусиядагы иш сапары учурунда билдирди. Буга чейин АКШ Кыргызстандын түштүгүнө ушундай борбор куруу ниетин билдирип келген.

Ал үчүн АКШ элчилиги беш жарым миллион доллар бөлүүгө даяр экенин да билдирген эле. Бирок мындай демилге өлкөдөгү кандуу окуяларга байланыштуу ишке ашпай калган.

Борбор эмне үчүн Кыргызстанга курулбай калды?

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блэйк Тажикстанга болгон расмий иш сапары маалында Дүйшөмбүдө маңзат аткезчилигине каршы күрөшүү үчүн машыгуу борборун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Роберт Блэйктин Орусиянын “Коммерсант” гезитине айтканына караганда, аталаган борбор аскердик мүнөзгө ээ болбостон, тек гана аталган багытта адистерди даярдоо менен гана алек болмокчу.

Расмий Бишкек менен АКШнын ортосунда да буга чейин Кыргызстандын түштүгүндө антитеррордук окуу борборун ачуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргөн эле. Бирок мындай демилгенин жүзөгө ашпай калгандыгы тууралуу саясат таануучу Кубан Абдымен буларды айтты:
Кубан Абдымен

- Анын негизги себеби, Ош менен Жалал-Абаддагы болуп аткан окуялардын айынан токтоп калган. Эгерде ошол окуялар болбосо мүмкүн азыр беш миллиондук аскер базасы болобу, же машыгуу борбору болобу курганга АКШ эчак эле киришмек. Ал эми каргашалуу окуялар болуп кеткенден кийин, Кыргызстандагы кырдаалды ого бетер курчутуп, биздеги улутчулдардын чырагына май тамызбайын деген кооптонуу бар экендигин көрүшүп убактылуу токтотуп койгондогусу белгилүү.

Бирок айрым талдоочулардын пикиринде, АКШнын каржылык колдоосу менен Баткенде машыгуу борбору курулуп кала турган болсо, анда мындай көрүнүш Орусиянын Борбор Азиядагы геосясий позицияларына сокку катары кабылданып калмак. Адыктан АКШнын Борбор Азиядагы таасиринин артышын кубаттабай келген Орусия Тажикстанда да машыгуу базасынын салынышына бөгөт коюга аракет кылат дейт саясат талдоочу Марс Сариев:

- Себеби, Тажикстан менен Кыргызстанды көзөмөлдөгөн мамлекет энергоресурс, Каспий, Кытайдын Шиң-Жаң, ал жак эле эмес индо-пакистандык түйүндү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк алат. Ошондуктан менимче Орусия Тажик президенти Эмомали Рахмонго да кысым көрсөтөт. Анын үстүнө билесиңер Памирде “Окно” деп аталган космосту иликтөө борбору бар. Бул да Орусия үчүн стратегиялык жактан өтө манилүү обьект.

Марс Сариев ошондой эле Тажикстан менен Кыргызстанга басым кылууда Орусия курал катары экономикалык алакаларды жана эмгек мигранттарына байланышкан маселелерди пайдаланышы мүмкүн деп кошумчалады.

Борбор жок, акча да жок...

Баткен аймагында машыгуу борбордун курулушу кыргыз-америка кызматташуусунун эл аралык, аймактык терроризмге, улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка жана маңзаттардын ташылышына каршы күрөшүү тармагындагы долбоорду ишке ашыруу болуп эсептелип, анда куралдуу күчтөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрү кесиптик даярдыгын жогорулатууга мүмкүндүк алмак болчу. Бул үчүн АКШ өкмөтү да 5,5 млн. доллар каражат бөлүүгө даяр экенин билдирген эле. Бирок мындай демилге Кыргызстанда бир колдон колдоого алынган жок.

Маселен саясий серепчи Токтогул Какчекеев Кыргызстан аймагында канча база курулса, ошончолук өлкөнүн өз алдынчалыгына шек
Токтогул Какчекеев
туулат деген пикирде:

- Мына биз демократия, тиги-бу деп отуруп азыр эки жарым миллиард доллар карызбыз. А келген акчалар элге пайдасын тийгизген жок. Ошондуктан кандай деп аталбасын, мейли террористтерге каршы болсун, бул кыргыз элине заян алып келет дагы мамлекет көз каранды болуп калат.

Ал эми саясат таануучу Кубан Абдымен жогорудагы пикир менен макул болбостугун айтып, дүйнөлүк тажрыйбада АКШ базасы жайгашкан өлкөлөр үзүрүн көрүп жатканын мисал келтирди.

- Дүйнөдө Американын аскер базалары бир топ өлкөлөрдө жайгашкан. Алардын ичинде эң эле өнүккөн, экономикасы дагы, жалпы улуттук өнүгүүсү дагы бир топ деңгээлге чыккан Жапония, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө жайгашкан. Алардын бардыгында өзүнүн эгемендүүлүгүн жоготуусуна алып келген жок да. Тескерисинче, ошол мамлекет менен тыгыз байланыш түзгөнгө жана алардын пайдасын көрүп, өзүнүн экономикасын өнүктүргөнгө жардам берип жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк “Коммерсант” басылмасына берген маегинде Кыргызстанда окуу борборун ачуу маселесин кароо үчүн АКШ жаңы өкмөттүн түзүлүшүн күтөрүн билдирген.

Бусурманкул Таабалдиев
АКШ эмне үчүн азыркы Убактылуу өкмөт менен сүйлөшпөй жатат деген сурообуз менен президенттик администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн жетекчиси Бусурманкул Таабалдиевге кайрылдык:

- Жаңы өкмөт келерине 20 күндөй эле убакыт калды. 20 күндүн ичинде стратегиялык маселелерди чечкенге кандай кажет бар. Чечиле турган маселелер бул күндөрдөн кийин деле чечилет. Туура эле, менин оюмча. Ким деле болсо ошентип ойлойт да. Жаңы өкмөт келсе, ошолор менен сүйлөшөбүз дегендин эмнеси бар экен? Бир жылдан кийин, эки жыл, беш жылдан кийин жаңы өкмөт келсе сүйлөшөбүз десе анда бир жөн.

Ошентип АКШ Кыргызстанга курмакчы болгон мындай машыгуу борборун Тажикстанга кура турган болгону айкын болуп калды.

XS
SM
MD
LG