Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Чочко ылаңы чоң коркунучка айланды


Люксембург -- Саламаттык сактоо иштери боюнча еврокомиссар Андрула Василиу "чочко ылаңы" дегендин ордуна "жаңы грипп" деген айтымды колдонууну сунуш кылды.
Люксембург -- Саламаттык сактоо иштери боюнча еврокомиссар Андрула Василиу "чочко ылаңы" дегендин ордуна "жаңы грипп" деген айтымды колдонууну сунуш кылды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чочко ылаңынан тараган сасык тумоону бир өлкөнүн аймагында кармап калуу мүмкүн эместигин эскертти.Ошол эле учурда уюмдун эксперттери азырынча чек араларды жаап, адамдардын кыймылын чектегенге да болбойт дешет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчилеринин бири Кейжи Фукуда өкмөттөргө сасык тумоо менен негизинен өз өлкөсүндө күрөшкөнгө кеңеш берди.

"Азыркы учурда башкы күч-аракет илдеттин жайылышын токтотконго эмес, анын салакаларын жеңилдеткенге багытталышы керек. Анткени илдет ансыз деле таралып кетти,аны бир жердеги очогунан тап жылдырбай тазалап салуу мүмкүн эмес",-деп айтты Фукуда.

Уюм адатта коркунучтуу илдеттерди алты деңгээл менен аныктайт. Сасык тумоонун бул түрүн адистер төртүнчү даражага коюшту. Мындай учур дарттын адамдан адамга жугуп, жайылып баратканын билдирет. Ошондуктан бардык өлкөлөр ага шайма-шай турууга тийиш.

Ошентсе да Фукуда сасык тумоонун жаңы түрү дүйнөнү каптаган илээшме илдетке - пандемияга айланып кетери айныксыз деп эсептегенге азырынча негиз жоктугун кошумчалады.

Чочконун ылаңы адатта адамга жукпайт дешет.Бирок бул жолу ал куш ылаңы менен адамдын сасык тумоо илдетине аралашып, жаңы түргө өтүп кеткен.

"Бул илдетти изилдөө иши жаңы эле башталды.Ал кандайча пайда болот,кантип жугат, канчага сакталат – бу тууралуу жетерлик маалыматтар жок. Эмне үчүн ал Мексикада адамдардын өлүмүнө алып келсе,башка жерлерде анчалык апааттуу боло элек,мунун баарын айкындап,аныктаганга аракет кылып жатабыз",- деп билдирди дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Грегори Хартл.

Мексикада набыт болгондор саны 150 адамдан ашты,болгону алардын 26сы гана азырынча ырасмий түрдө чочконун ылаңынан тараган сасык тумоодон каза болгону ырасталды.

Деген менен бул дартка чалдыккандар башка өлкөлөрдөн да табылууда. Алар Жаңы Зеландияда, Израилде, Канадада, Испания менен Британияда жана башка жерлерде катталды. АКШда сасык тумоо тийгендер саны 50дөн ашты.

Бүгүн дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери жолугуп,жагдайды талкуулап жатышат. Эгер алар бул илдет дүйнө үчүн жугуштуу дартка – пандемияга айланып баратат деп тыянак жасашса,анда айрым өлкөлөрдүн чек аралар жабылып, адамдардын аркы-терки кыймылы,соода-сатык чектелиши мүмкүн.

Евросоюз өлкөлөрү министрлер деңгээлинде эртең жыйын өткөрөт.

Еврокомиссия Мексикага аз каттаганга чакырган мурдагы эскертүүсүнөн айнып,азырынча келим-кетимди кыскартканга жүйөө жок деп тапты. Мындан тышкары илдеттин өзүн "чочко ылаңы" эмес, "жаңы грипп” деп атоону сунуш кылды.

Еврокомиссар Андрула Василиу сасык тумоого байланышкан тапалаңдан улам керектөөчүлөр чочко этинен жапырт баш тартып, шаркеттин мал чарбачылыгы чоң зыянга учурашы мүмкүн деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG