Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:44

Эки көзү азиз ырчы дүйнөнүн тынчтык чабарманы болуп дайындалды


Стив Вандер жана Барак Обама музыканттын Ак үйдөгү концерти маалында. Вашингтон, 25-февраль, 2009-ж.
Стив Вандер жана Барак Обама музыканттын Ак үйдөгү концерти маалында. Вашингтон, 25-февраль, 2009-ж.

Дүйнөдө мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эл аралык күнү белгиленип жаткан чакта, Улуттар уюму америкалык ырчы, обончу, атактуу музыкант Стив Вандерди тынчтык чабарманы кылып дайындады.

Төрөлгөндөн эки көзү азиз Вандер Американын музыкалык башкы сыйлыгы Грэммини 22 жолу утуп алып, рекорд койду, деги анын баскан жолу, азыркы атак-даңкы дүйнөдөгү бардык майып төрөлгөндөргө өрнөк боло алат.

АКШ президенти Барак Обамадан жакында “музыка чөйрөсүндө сизге эң катуу таасир эткен киши ким? – деп сурашты эле, ал “бирөөнү гана аташ керек болсо, ал Стив Вандер”, - деп жооп берди.

Бейшембиде эл аралык коомчулук майыптардын эл аралык күнүн белгилеп жатканда Бириккен улуттар уюму Стив Вандерди тынчтыктын чабарманы дайындаганы жакшылыктын белгисиндей кабыл алынды.

1950-жылы мөөнөтүнө жетпей ара төрөлгөн Стив Вандердин көзүнүн карегиндеги кан тамырлар бышып жетилбей калып, болочок атактуу музыкант бул дүйнөгө эки көзү азиз бойдон келген. Алты балалуу афро-америкалык үй бүлөдө үчүнчү уул болуп төрөлгөн Стив төрткө чыкканда ата-энеси ажырашып, ал бир туугандары менен энесинде калат.

7 жашында көзү көрбөгөн Стив пианино ойногонду үйрөнүп, чиркөөдөгү хордо ырдап, кийин кулагы чалган аспаптардын улам бирин үйрөнүп, бат эле мыкты өздөштүрүп, 11 жашында контрабас, урма аспаптарды, гармоника, пианино чертип, түрдүү обондорду өз кайрыгына салып ырдап элди тамшандыра баштаганда, Мотаун Рекордс кампаниясы аны менен келишим түзүп, эң алгачкы альбомун жаздырып сатыкка чыгарат. Дал ошол альбомдо Стивдин өз фамилиясы өзгөртүлүп, “бул бала бир керемет экен” деп таң калгандардын айтканы келип, ырчы ошондон тарта Стив Вандер, кыргызча “керемет” деген ысымды алып калды.

Андан бери америкалык музыканттар үчүн эң башкы сыйлык Грэммини 22 жолу утуп алып, рекорд койгон Стив Вандер бейшембиде Улуттар уюмунун чабарманы болуп дайындалган салтанатта бул окуяга байланыштуу дагы бир керемет ыр жаратууну убада кылды. “Алдыдагы милдет – дагы бир ыр жазуу вазийпасына окшош. Күн батканда алдыда дагы бир жаңы ыр жазуу түйшүгү турса, ал ыр сөзсүз баарынан мыкты хит, номур биринчи ыр болоруна ишенем. Бул иште да сөзсүз жеңебиз”, - деди ырчы.

Чыгармачылык жолу 1970-жылдарга туш келген афро-америкалык музыкант катары Стив Вандер Америкадагы бир катар укук коргоо кыймылдарына аралашып калды. Андан улам Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун ырчы дүйнөдөгү тынчтык чабарманы болууга коомдук ишмердиги үчүн тандалганын белгиледи. “Стив убагында апартеидге каршы күрөшкөн, майыптар жана жакырлыкта жашаган балдарга жардам берген улуу инсан. Биз ырчынын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары үчүн күрөшкө кошулганына абдан курсантпыз”, - деди БУУнун баш катчысы.

Тынчтык чабарманы вазийпасын алып жатып Стив Вандер көңүлүн өйүткөн маселелерге токтолуп: “Дүйнө калкынын 90%ы калган 10%дын жашоосуна кайдыгер караганы менин акылыма сыйбайт. Ишенүү кыйын. Ошол мүмкүнчүлүктөрү чектелип, ансыз да мандеми бар 10%дын алдында бардык эшиктер ачылып, дүйнө аларга мээримдүү караганда гана аларга биз чындап кам көргөн болобуз”, - деп чогулгандарга кайрылды.

Мүмкүндүгү чектелген адамдардын саны Стив Вандер айткан 10%дан көбүрөөк. Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө майыптардын саны 800 миллиондун тегерегинде, же калктын 13%ына жакын. Соңку 30 жыл ичинде АКШ жана Европалык бир катар өлкөлөр алардын укуктарын коргоо тууралуу атайын мыйзам кабыл алышты, андай мыйзам керектигине көзү жеткен мамлекеттер саны азырынча өтө аз болууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG