Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Подполковник Г. Абдурахманов жиндиканага которулду


Жалал-Абаддын Топурак-Бел ашуусунун айланасындагы адам өлтүрүүлөргө катышы бар деген шек менен кармалган милициянын отставкадагы подполковниги Гафуржан Абдурахманов Кызыл-Жардагы психикалык ооруканага которулду.

Облустук милиция муну оор кылмыштар боюнча айыпталып жаткан адамдын акыл-эсин текшерүү иш-чарасы менен байланыштырууда. Ошол эле учурда серепчилер андагы башаламандык боюнча башкы көрсөтмө берүүчүнүн ал жакка которулушу тергөөнүн будамайланышына же соттук чечимге таасир этиши мүмкүн деп тынчсызданышууда.

Бишкек-Ош жолунун Топурак бел аймагында адам өлтүрүүлөрдү уюштурган жана кишилерди барымтада кармаган деген шек менен июль айынын аягында милициянын подполковниги Гафуржан Абдурахманов, полковник Баходыр Жалалов жана Усманжан аттуу адамдар кармалган. Аларды кармоого барымтадан бошонуп чыккан жабырлануучунун көрсөтмөсү негиз берди.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаевдин айтымында, "Билайн" компаниясынын Топурак-Белде колго түшкөн кызматкеринин аялына барымтачылардын жашырылган номерден телефон чалуусу анын тирүү калышына себеп болгон.

- Күйөөсү үчүн акча талап кылгандардын жашырылган номерин мобилдик оператордон аныктап туруп, кайра чалып, ким бул десе Гафуржан деп атын айтып алат. Андан кийин ал "мени телефондон билип калышты, бир нерсе болсо мени кармашат" деп барымтадагы баланы коё берели дейт. Анан аны "айтсаң кайдан болсун кайра кармап туруп жок кылабыз" деп коркутушуп, тирүү коё беришкен. Булар ага чейин ашуудагы жолдон өткөн унааларды тосуп алышып, аткылап, адам өлтүргөн кылмыштуу топту жетектешкен деп шектелип жаткан эле.

Мындан бир жума мурун кармалган адамдардын ичинен Гафуржан Абдурахманов Кызыл-Жардагы жин оорулуулар диспансеринин абак бөлүмүнө которулду. Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда Гафуржан мындан бир жыл мурун жин оорулуу катары каттоого турган. Анын тергөө абагынан психдиспансерге которулгандыгын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы катчысы Таалайбек Сусунбаев тастыктап, бул чараны оор кылмышка шектелип жаткан адамдын акыл-эсин текшерүү үчүн болгон тергөөнүн адаттагы аракети катары мүнөздөдү:

- Алар өздөрүн жин оорулуу катары көрсөтөбү же жокпу анын мааниси жок бул жерде. Ким гана болбосун оор кылмышка шектелип жатса аны ал жакка алып барып акыл эси жайындабы же жокпу деп текшеришет. Анан дарыгерлердин бүтүмү чыгат. Анткени эртең сот болот. Анан анын акыл-эси жайында экендигин кантип далилдейсиңер дейт да. Ошондо аны текшерүүдөн өткөрүлгөн деп медициналык документи ишке тиркелет. Ошого керек. Анан ал жакка алып барылгандан кийин бир айдын ичинде акыл-эси ордунда же ордунда эмес деген бүтүм чыгарып беришет.

Учурда жабырлануучулардын талабы менен подполковник Гафуржан Абдурахмановдун акыл-эсинин жайындалыгын текшерүү боюнча жергиликтүү дарыгерлерден турган комиссия түзүлдү.

Саламатыкты сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов бул ишти жеринен барып көзөмөлдөп туруу үчүн республикалык психдиспансердин башкы дарыгерине тапшырма бергендигин белгиледи.

- Албетте бул иш атайын комиссиялык негизде каралат. Мен республикалык психдиспансердин башкы дарыгерин ал жактагы жергиликтүү дарыгерлерден турган комиссиянын ишинин мыйзамдуулугун көзөмөлдөйсүң деп жөнөткөм. Ал киши азыр ошол жакта жүрөт. Комиссия ал жактан түзүлөт. Зарылдыкка жараша аякка кошумча адистерди чакыртыша турган болсо бул жактан жөнөтөбүз.

Анткен менен талдоочулар арасында оор кылмышка шектелип жаткан ал адамдын абактан психдиспансерге которулушу боюнча күмөн саноолор күч. Алардын айтымында, органдын кызматкерлери жыл сайын милдетүү медициналык кароодон өткөрүлөт. Мындай шартта "болгону бир жыл мурун милициядан кеткен Гафуржан Абдурахмановдун жин оорулуу болуп чыга келиши шектенүүнү жаратат" дешет серепчилер.

“Антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков бул иштин артында өтө чоң каражат же таасирдүү күчтөр турушу мүмкүн деп божомолдойт:

- Мунун артында кандайдыр бир күчтөр болушу мүмкүн. Болбосо мурдатан жыл сайын текшерүүдөн өтүп иштеп жүрүп, кантип эле ошол окуялардан кийин, бир күндө эле келесоо болуп калсын. Эгерде жеңилирек шизофрения же ошого окшош оорусу бар экен деп дарыгерлер бүтүм чыгарып беришсе деле мыйзам боюнча ал сот жоопкерчилигинен бошотулат. Аны сот дарылансын деп кайра ошол жакка жөнөтүп салат. Эң башкысы анын сотко бере турган көрсөтмөсүнүн күчү жоголот. Же ошол боюнча өзү да ошол жактан жок болуп кетиши мүмкүн. Себеби аны ал жакка киргиздирип жаткан жактарга анын көрсөтмөсү коркунуч алып келиши мүмкүн.

"Санпа" пахта заводунун айланасындагы адам өлтүрүүлөргө тиешеси бар деп шектелип жатышкан полковник Бахадыр Жалаловдун жана подполковник Гафуржан Абдурахмановдун жактоочулары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Топурак-Белден түшө бериштеги "Санпа" пахта заводунун айланасында 12-15-июнь күндөрү он алты адам өлтүрүлүп, эки адам дайынсыз жоголгон.
XS
SM
MD
LG