Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

Орусия: эмгек мигранттары үчүн жаңы сыноо


Москвада иштеп жүргөн кыргыз мигранттары.
Москвада иштеп жүргөн кыргыз мигранттары.

Орусия Федерациясынын миграциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр ушул айдын башынан тарта күчүнө кирди. Анын негизинде эми мигранттарды ишке алуу кыйла жөнөкөйлөшөт.

Федералдык миграция кызматы ошол толуктоолор негизинде буга дейре эсепке алынбай, жеке кожоюндарда жалданып иштеп келатышкан көптөгөн чет элдик мигранттарды ачыкка чыгарганы атат.

Орусиянын Миграция боюнча федералдык кызматынын маалыматына караганда, сырттан иш издеп ооп келген кишилердин 40 пайызына чукулу жеке менчик сектордо жалданып ишейт. Июлдан тартып күчүнө кирген мыйзамдагы оңдоолор эми бала багып, багбандык кылып, там куруп жүргөндөрдү да ачыкка чыгармакчы.

Кептин ток этер жери – эмгек мигранттарга мурдагыдай квота менен чектөө болбойт. Ким кааласа келе алат, мыйзамдагы толуктоодо жазылгандай, атайын патент сатып алат. Патенттин наркы бир миң рубль. Бирок патент бир ай мөөнөткө жарактуу.

Мыйзамга киргизилген толуктоолор аласы кыйла экенин Москва шаардык бийлигинин аткаминерлеринин бири Михаил Соломенцев: "Эки миллион ишсиз олтургандар бар да, саны жагынан 5-7 эсе көп четтен келгендерге артыкчылык берүү – түпкүлүгүн ойлобогондук", дейт.

Патентти өзү сатып алып ишке орношуу мурда эч боло элек жаңы көрүнүш. Мурда мигрант тапчу жашыруун акчанын бир үлүшү арачыга, дагы бир үлүшү иш берген кожоюнга кетчү. Эми ал бүт бойдон мамлекет казынасына төгүлөт.

"Бул мурдагы советтик аймакта кызматташтыкка баруу үчүн да жана Орусия мамлекетинин иши үчүн да пайдалуу", - дейт талдоочу Гавхар Жураева.

Мыйзамда анча ойлонбогон жери бар экенин Орусиянын өзүнүн ички мигранты эске алынбаганын, бардык шарт КМШ жаатына түзүлүп атканын белгилейт көз карандысыз профсоюз жетекчилерини бири Николай Гладков:

- Жагдай, ал тургай, татаалдашат шекилдүү. Эмне дегенде атаандаштык күчөйт, анын катарында, мыйзамдуу түрдө иш таппай жүргөн мигранттар менен орун талашуу башталат. Бул жерде чет элден келчүлөр жана ичтен ооп келгендер алакасы эске алынбай калган.

Ал эми көчөдөн жолуккан жарандар "четтен келген эмгек мигранттар ордуңузду тартып алат деп чочулагансызбы" деген суроого ар кыл жооп айтышты. Алардын бир бөлүгү сырттан келгендерди билим деңгээли төмөн, ошол себептүү атаандаш боло албайт деп эсептешет. Экинчилери баары бир башка жактан келгендер чоң атаандаш болот деп тынчсызданышат, себеби алар жан сактоо үчүн жанын аябай иштешет деп ойлошот.

Келгиндер колунда патенти болгон күндө да орус жеринде миграциялык каттоого турууга милдеттүү.

XS
SM
MD
LG