Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:29

Удмурт илимпозу өз тили үчүн өрттөнүп өлдү


Альберт Разин Ижевскиде Мамлекеттик Кеңештин имаратынын алдына митингге чыккан эле.
Альберт Разин Ижевскиде Мамлекеттик Кеңештин имаратынын алдына митингге чыккан эле.

Орусияга караштуу Удмуртия Республикасында Мамлекеттик Кеңештин имаратынын алдында өзүн өрттөгөн окумуштуу Альберт Разин ооруканада каза тапты.

79 жаштагы философия илимдеринин кандидаты, Удмуртияда илимге эмгек сиңирген ишмер Разин парламенттин алдына удмурт тилин коргоп, өнүктүрүү талабы менен чыккан эле.

Соңку эки жылдан бери Орусиянын карамагындагы айрым республикаларда өз эне тилине байланыштуу маселе жаралды. Буга президент Владимир Путиндин орус тилинен башка тилдерди мажбурлап окутууга тыюу салганы негиз болду.

Альберт Разин Удмуртиянын борбор шаары Ижевскиде 10-сентябрда эртең менен Мамлекеттик Кеңештин имаратынын алдында өзү жалгыз наарызылык акциясына чыккан. Ал удмурт улутун коргоп-колдоо тууралуу талаптар жазылган баракчаларды өткөн-кеткен депутаттарга тараткан жана анда «Эгерде эртең менин тилим жоголуп кете турган болсо, мен бүгүн жан бергенге даярмын», «Менин мекеним барбы?» деген жазуулар болгон. Парламенттин сессиясы башталганга аз калганда өзүн өрттөп жиберген.

Аны өтө оор абалда ооруканага алып кетишкен. Дарыгерлердин айтымында, анын денесинин дээрлик баары күйүп калган жана алган жаратынан өзүнө келбей ажал тапты. Бул окуядан улам Мамлекеттик Кеңештин 10-сентябрдагы сессиясы үзгүлтүккө учурады.

Ал быйыл жайында Мамлекеттик Кеңештин төрагасы Алексей Просоловдун атына ачык кайрылуу жазган 14 окумуштуунун бири болгон. Ал катта мектептерде орус эмес тилдерди окутуу тууралуу Мамлекеттик Думадан келген мыйзам долбоорун колдобоо тууралуу талап айтылган.

Альберт Разин «Удмурт Кеңеш» деп аталган улуттук кыймылдын жана «Тодосчи» окумуштуулар кеңешинин жигердүү мүчөсү болгон. Аталган улуттук кыймыл удмурт элинин бакубаттуулугун тилеп сыйынуу жөрөлгөлөрүн өткөрүп, аны жаш муунга үйрөтүп да келген.

Удмуртиянын улуттук саясат министри Лариса Буранова «Национальный акцент» жергиликтүү басылмасына комментарий берип жатып, Альберт Разиндин өлүмүн өлкөдөгү тилге байланыштуу абал менен байланыштырбай турганын айтты:

«Мен Альберт Алексеевичти эс тарткандан бери эле билем. Ал удмурт кыймылынын тарыхындагы өтө сыйлуу инсан болгон. Бул окуя менин жүрөгүмдү оорутту. Биз, аны жакшы билгендер, эмнеге ал бул кадамга барганын талдап-түшүнгөнгө аракет кылып жатабыз. Биз баарыбыз эле нес болуп калдык».

Буранова өлкөдө тил саясатына байланыштуу кыйчалыш жагдай жок деген пикирин да айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин мындан туура эки жыл мурун «орус тилинен башка бөтөн тилдерди мажбурлап окутууга болбойт» деген мазмундагы билдирүү жасаган:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Урматтуу достор, орус тили биз үчүн - мамлекеттик тил жана улут аралык байланыштын тили экенин, аны башкага алмаштырууга болбой турганын эске салгым келет. Ал - биздин көп улуттуу өлкөбүздүн табигый, руханий пайдубалы. Аны ар бир адам билиши керек. Орусиядагы улуттардын тилдери да Орусия элинин маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Аларды окуу - Конституция кепилдик берген укук, ыктыярдуу укук. Орус тилин окутуу деңгээлин түшүрүүгө кандай жол берилбесе, кайсы бир адамды өз эне тили болбогон тилди үйрөнүүгө мажбурлоого да жол берилбейт. Орусия Федерациясынын аймактарынын башчыларынын көңүлүн буга өзгөчө бургум келет».

Путин бул билдирүүсүнөн кийин эле аймактарда улуттук тилдерди ыктыярдуу окутуу жана орус тил программасы кандай жолго коюлганын текшерүүнү тапшырган. Мындан улам аймактарда тил саясаты кескин өзгөргөн.

Орусиянын карамагында 22 республика, төрт автономдук аймак (округ) жана 1 автономдук облус бар. Өлкөдө 200дөн ашуун ар кыл улуттардын өкүлдөрү байырлашат. Федерациянын билим берүү тармагында баш-аягы 58 тил колдонулат. Алардын айрымдарында жергиликтүү эне тили мамлекеттик тил катары республикада жашагандардын баарына милдеттүү түрдө окутулуп келген.

Республикаларда мамлекеттик тилдердин макамы Орусиянын жана аймактардын конституцияларында жазылган. Маселен, Татарстандын Баш мыйзамында «татар жана орус тилдери бирдей салмактагы мамлекеттик тил» деп жазылган. Бул мамлекетте Путиндин билдирүүсүнө чейин татар тили мектептерде орус тилиндей эле саатта окутулуп келген. Аны Татарстанда жашаган улуттардын баары окууга милдеттүү болгон.

Былтыр Мамлекеттик Дума бир канча айдан бери талаш жараткан тил мыйзамын жактырган. Анда «Орусиянын республикаларындагы мектептерде окуучу кайсы тилди эне тил предмети катары окуй турганын мындан ары анын ата-энеси чечет» деген жобо болгон. Татарстан сыяктуу республикаларда жарандык активисттер анча соң эмес улуттардын тили орус тилинин көлөкөсүндө калат деп тынчсызданып жатышканын айтып чыгышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG