Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Владикавказда үрөй учурган жардыруу болду


Түндүк Осетиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Владикавказ шаарынын борбордук базарындагы жардыруудан 17 киши мерт кетип, 130дан ашуун киши жаракат алды. Кабарларга караганда, набыт болгондордун арасында жардырууну ишке ашырган жанкечти да бар.

9-сентябрда кечинде Владикавказдагы жардыруудан жаракат алган 11 киши Москвага учак менен жеткирилди. Түндүк Осетияда бүгүн (10-сентябрь) аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Түндүк Осетиянын ордо калаасы Владикавказда 9-сентябрда орун алган жардырууну АКШнын президенти Барак Обама кескин сынга алды:

- Түндүк Осетиянын тургундарына тилектештигибизди билдиребиз. Бул кайгылуу окуяга байланыштуу терең көңүл айтуу менен Орусия элине биз колдоо көрсөтө турганыбызды айтабыз. Азыркы дүң эткен жарылуу элдин коопсуздугу үчүн террорчулук менен бирге күрөшүүгө Кошмо Штаттары менен Орусиянын чечкиндүүлүгүн гана чыңдады.

Жардыруу үчүн азырынча эч ким өзүнө жоопкерчилик ала элек. Дал ушул эле борбордук базарда 1999-жылы да террордук чабуул болуп, андан 50 киши мерт кеткен. Түндүк Осетияда ал тегеректеги кошуналар арасында жападан жалгыз православ динине ишенгендер басымдуулук кылат. Андан сырткары осетин-ингуш ортосунда жер талаш бар.

Түндүк Кавказда фундаменталисттер Орусияга каршы коргонуп да, кол салуу да жолу менен согуш ачкан. Андай согуш жарыяланганынан бери 11 жыл өттү. Талдоочу Юлия Латынина “тилекке каршы ошол 11 жылдан бери алар маргиналдык кейпинен ажырап, чечүүчү күчкө айланып кетишти” деп эсептейт.

Жанкечтини унаага отургузуп, буйрук бергендерди кармоо тууралуу президент Дмитрий Медведев тапшырма берди. Орусиянын атайын кызматтары акыркы айларда согушчандардын лидерлери өлтүрүлүп жатканын жар салып келет. Бирок андай лидерлердин бири да тирүү кармалып, сот жообуна тартыла элек.

Дмитрий Медведев Владикавказ базарындагы жардырууда курман болгондордун үй-бүлөсүнө миллион рублдан, оор жараат алгандарга 400 миң, жеңил жараат алгандарга 200 миң рублдан жөлөк пул берүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Талдоочу Иван Сухов Түндүк Кавказга Москвадан казынадан барган бюджеттик акчанын көлөмү кескин кыскарганын, бул болсо террордук чабуулдардын күчөшүнө алып келгенин айтат:

- Бөлүнгөн акчаны бардыгы, алар менен бир катар согушкерге да бөлүп берчү, ошол аянтта эми жөөлөшүү болуп атат.

Владикавказ шаарынын ар кайсы базарларында буга чейин бир топ жардыруулар болуп келген: 1999-жылы 52 киши, 2000-жылы 6 киши, 2001-жылы 5 киши, 2002-жылы 8 киши, 2008-жылы 12 киши мерт болгон. Ал эми жараат алгандардын саны мындан да көп.

Владикавказ: базардагы жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG