Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Орусия: кол салуулар азайды, бирок токтогон жок


Москвадагы протестанттар коомчулугу 2002-жылдан бери борбор шаарда жашаган түсү каралар арасында сурамжылоо жүргүзүп келет. Ага катышкандардын 58 пайызы Орусияда жашап аткан учурда жок дегенде бир жолу токмок жешкенин билдиришкен.

Адистердин баамында, Орусияда улутчулдуктун деңгээли жогору бойдон калууда. Бирок мурдагы жети жылга салыштырганда саал да болсо азайганы кабарланууда.

Москвада жашаган теги африкалыктардын эсеби 10 миңдин тегерегинде. Эл достугу университетинде эле Африканын 43 өлкөсүнөн студенттер билим алат.

Сурамжылоого Африканын 206 өкүлдөрү жана Ооганстан, Индия менен Индонезиядан бирден өкүлдөр катышкан. Алардын 61 пайызы “терим кара болгон үчүн бул жерде жаман көрүшөт” деп жооп кайтарышкан. 42 пайызы “ушул жылы бери дегенде бир жолу кордоону башыман өткөрдүм” деген. 33 пайызы болсо “түсүмө карап жек көрүүнү дайыма сезем” деген.

Москвалык протестанттар коомунун өкүлү Александранын айтымында, бул көрсөткүч 2002-жылга салыштырганда дурус. 2002-жылы москвалыктардын жек көрүүсүнө кабылган африкалыктардын эсеби 91 пайыз болгон:

- Жыйынтыгында, Москвада жашаган, Африкадан келген териси караларга мамиле 2002-жылга салыштырганда оңоло баштагандай көрүнөт. Бирок африкалыктардын күнүмдүк жашоосун ал маанай чектеп коюуда. Алар эми түнүндө көчөгө чыгышпайт. Метро менен жүрүүдөн качышат. Майрам же футбол оюну болгон күндөрү, Гитлердин туулган күнүндө үйдөн эч жакка жылбай жашаганды өнөкөт кылып алышкан. Алардын 58 пайызы Орусияда жашаган учурда бери дегенде бир жолу сабалган.

Иликтөөнүн жыйынтыгы кол салуулардын 80 пайызы тобу менен жүргөн улутчул жаштар тарабынан болгонун далилдейт. Кол салгандар 30 жолу бычак, уютулган коргошун, союл, топ чапчу таяк жана бөтөлкөнүн сыныгын колдонушкан. Кызык жери, түсү караларга кол салуу, демейде айтылып келаткандай жалаң гана такырбаштар же скинхеддер тараптан болбойт.

Жабыр тарткандардын милицияга кайрылуусунун 4 гана пайызы ийгиликтүү аяктаган. Натыйжада кылмышкерлер кармалып, иштери сотко жеткен. Ошого карабай алар да кордобосун деп, милиция кызматкерлерине кайрылышпайт. Сурамжылоо жыйынтыгында токмок жегенден кийин милицияга кайрылбагандардын саны 77 пайызга жеткен.

“Сова” борборунун жетекчиси Александр Верховскийдин айтымында, такырбаштар түсү караларга кол салуу менен Батыш Европада пайда болгон фашизмди туурап жатышат:

- Биздин өлкөдө Борбор Азия, айрыкча Кавказдан чыккандарды жаман көрүү адаты бар. Андай маанайдын бар экенин сурамжылоо жыйынтыгы көрсөтүүдө.

Мындай көрүнүш артында кийинки учурда эл кирептер болгон жакырчылык жана түркөйлүк жатканын дагы бир серепчилер белгилешет.

XS
SM
MD
LG