Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:17

Орусия: Жыйынтыгы чыккан “Евровидение”, кууп таратылган гей-парад


"Евровидениеде" баш байгени алган Александр Рыбак.
"Евровидениеде" баш байгени алган Александр Рыбак.

Москвада жыйынтыкталган “Евровидение” сынагында норвегиялык, теги беларус, Александр Рыбак «Жомок» деген ыры менен баш байгени жеңип алды. Добуш берүүгө катышкан 42 өлкөнүн сыналгы көрүүчүлөрү койгон баада Рыбак 387 добуш чогултуп, сынактын тарыхында Норвегияга үчүнчү жолку мөрөйдү алып берди. Экинчи орунга Исландия, үчүнчү орунга Азербайжан өкүлдөрү чыгышты. Орусия талапкери Анастасия Приходько он биринчи орунга татыктуу болду.

«Евровидение -2009» жыйынтыгы чыгып аткан 16-майда кумсалар (гейлер) Москва бийлиги уруксат бербеген парад өткөрүүгө аракет жасашты. Москва мамлекеттик университетинин маңдайына чогулган 30дай киши Орусияда кумсаларды басмырлоого каршы акция уюштурган. Алардын арасында Улуу Британиядан келген сексуалдык азчылык укугун коргоочу Питер Татчелл да болгон. Алар көтөргөн ураан: «Өлкөнү шерменде кылган - гомофобия!», «Өйдө кеми жок - тең укутуулук!» болгон.

ОМОН тобу менен милиция аларды автоунааларга солоп туруп алып кетишкен. ИНТЕРФАКС жазганга караганда, ал жерден 24 киши кармалган. Арасында славяндык гей-парадды уюштурушкан Николай Алексеев, Николай Баев жана Ирина Фет болушкан.

Журналисттер алдында сексуалдык азчылык кыймылын түзүүчүлөр бири Николай Алексеев мындай деди:

- Биз төрт жылдан бери бул парадды өткөрүү аракетин жасап келебиз. Ар жолу ага тыюу салып келишет. Муну башкача жол менен өткөрүүгө үмүт жок болчу.

Москва мэринин маалымат катчысы Сергей Цой мурдараакта мыйзамга ылайык кандай гана уруксаты жок акциялар өткөрүү аракети дароо күч менен токтотулаарын айткан.

Ассошиэйтед агенттиги жазганга караганда, Чикаголук гейлер укугун коргоочу Эндри Тайерди да милиция кармаган. Америкалык укук коргоочу журналисттер алдында: «Эгерде бийлик кумса менен гейлер демократиялык эркиндигине ушундай тыюу салат экен анда калган орусиялык өз укугун талшкан коомчулукка көрсөтүлчү кысымды аңдап билүү кыйын деле эмес», - деген.

Башкортостан мурдагы депутаты, бир жыныстуу бүлө куруу демилгесин колдоого алган Эдвард Мурзин бул маселени бийлик чечпейт, кишилер өздөрү чечет дейт:

- Парад арабызда ушундай адамдардын бар экенин билдириш үчүн өткөрүлүп атат. Маселе бул жерде адам укугун – азчылык укугун коргоо маанайда каралууга тийиш.

Москва шаардык милиция таркаткан маалыматта, парадга чыккандарды кармоо ың-жыңы жок сыйда өткөн. Ошол эле учурда, кармалгандар бири – Ксения Прибельская – милиция кызматкерлери кантип анын көйнөгүн айырып, эти көгөргүчө жулкулдатышканын айтат.

Шаар башчы Юрий Лужковдун бетке кармаган шылтоосу «сексуалдык азчылык акциясы коомчулуктун моралдык негизине бүлүк түшүрөт» болууда.

Ошол эле 16-май күнү, гейлер парадына каршы 50дөй улутчул жана диний топтор уюштурган акция да өткөн. Кремлдик лидерлерди «гей» деп айтканы үчүн алардын бири кармалган.

Кызык жери, «Евровидение» сынагына катышканы келгендер арасында сексуалдык азчылык өкүлдөрү да бар, алар андай жоруктарын жашырып жаппайт дешет.

Тасмада: “Евровидение”: Саясаттан поп музыкага

16-майда “Евровидение-2009” сынагы жыйынтыкталды. Дүйнө боюнча миллиондогон көрүүчүлөрдү тарткан бул сынак саясатташып кетти деген да сын-пикирлер айтылууда. Тасмалар Eurovision.tv. баракчасынан алынды. ZMa.

“Евровидение”: Саясаттан поп музыкага
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

XS
SM
MD
LG