Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:42

ГКЧП: Август операциясы


Михаил Горбачев 22-августта Форостон үй камагынан кайтып келген учуру.
Михаил Горбачев 22-августта Форостон үй камагынан кайтып келген учуру.

1991-жылы 19-августта Москвада путчисттердин СССР президенти Михаил Горбачевду бийликтен кулатуу аракети ишке ашпай калган

Мындан он сегиз жыл башта КПССте бирге иштеп келе жаткан Михаил Горбачевдун кесиптештери президентти ооруп атат деген кеп таркатып, Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комитет уюштуруп, бийликти өз колуна өткөрүп алмак болушкан.

Карапайым кишилердин эсинде, ал күндөрү мамлекеттик сыналгыдан Чайковскийдин «Аккуулар көлү» балетиндеги бийчи кыздар өзгөчө көп көрсөтүлгөн. Ал күн 19-август болчу. Борбордук сыналгы путчисттер көрсөткөн документтерди улам кайталап окуп турушкан.

А чындыгында москвалыктар көчөдө жүрүп калган танктерды көрүп, ооздору ачылып калган. Ошол күндөрү көз карандысыз абалда берүүлөрдү уюштура баштаган жалгыз үнагы - «Эхо Москвы» болгон.

Мамлекеттик сыналгыдан СССР президентинин орун басары – ГКЧП уюштургандардын бири - Геннадий Янаев чыгып сүйлөп, калкты ынандыруу аракетин жасап:

«Ушундай шартта, өлкө кыйрап жок болуш үчүн жылмышып баратканда аны токтотуп калуу максат менен ушундай чечкиндүү чара кабыл алуудан башка амал-айла калган жок», - деген эле.

ГКЧП мүчөлөрү Орусиялык ТИМде чет мамлекеттерге жасаган кайрылуусун жарыялаган жыйынга катышкан «Азаттык» үналгысынын кабарчысы Дмитрий Волчектин эскерүүсүндө ГКЧП башчылары журналисттердин канчалаган суроолоруна жооп бере алышкан эмес:

«Янаев президенттин эмне болуп ооруп атышын айта алган эмес, Михаил Сергеевич сакаяры менен өзү каалаган кишилер менен жүздөшүп, ал тургай өз ордун кайра ээлей да алат деген".

Ошол эле күнү танктын үстүнөн туруп жамы журтка кайрылган Орусиянын президенти Борис Ельциндин сөзү өзгөчө таасирдүү болгон. Мына ошол мүнөттөрдөн тартып Советтер Союзунун тарыхында бурулуш башталганын тарыхчылар азыр белгилешет.

Левада Борбору жүргүзгөн сурамжылоо жыйынтыгы азыркы тушта орусиялыктар ГКЧПнын натыйжасын оң баалагандар калбай баратканын айгинелейт. Мындай шарт бийликтин түшкөн жолуна байланыштуу экенин серепчи Алексей Малашенко айтат:

«Ырасмий бийлик үгүтүнөн улам жаштар мурдагы СССР картасына карап ушунча көп жерибиз болгон турбайбызбы деп ойлошот. Эмне себептен анча жерден бөйдө айрылдык дешет».



XS
SM
MD
LG