Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Пакистанда адам чыгымы көбөйдү


Пакистанда жанкечти деп шектелген кишилер тобу кармалды. Сват өрөөнү, сентябрь, 2009-ж.
Пакистанда жанкечти деп шектелген кишилер тобу кармалды. Сват өрөөнү, сентябрь, 2009-ж.

Пакистан армиясы билдиргендей, өткөн шаршембиде кармалган талиптердин кол башчысы Шер Мухаммад Касаб урушта алган жарааттардан улам 20-сентябрда көз жумду.

Касабдын 3 уулу ал колго түшкөн салгылаш маалында жантаслим болгон. Бул маалымат Пакистандын түндүк-батыш тарабында согушкер деп шектелген далай тургундар кармалып, адам укуктары тепселенип жатканы туурасында кабатырлануу күчөгөн маалга туш келди.

Керт башына 120 миң долларлык сыйлык сайылган Касаб, пакистандык аскер башчылардын айтымында, догдурлар колдон келген жардамын көрсөткөнүнө карабай о дүйнө салды. Маалыматтарга караганда, урду тилинде аты “касапчы” дегенди түшүндүргөн кол башчы, талиптер Сват өрөөнүн көзөмөлдөп турганда далай пакистан аскеринин башын алган. Пакистан армиясы аймакты согушкерлерден ушул жайда бошотту.

Эл аралык Мунапыс уюму өткөн аптада ишеничтүү булактардан алынган маалыматка таянып, пакистан армиясы Сват өрөөнүн өз көзөмөлүнө өткөрүп алгандан бери чөлкөмдө 164 киши ок жеп өлгөнүн тынчсыздануу менен кабарлады. Жергиликтүү тургундар алар өкмөттүк аскерлердин огунан тындым болгонун айтышкан. Эл аралык укук коргоо уюму бирок, аймакта уруулар аралык эрегиш-уруштар башаламандыкка алып келип, коопсуздук жагдайын кыйла начарлатканын белгилейт.

Лондондо жайгашкан Мунапыс уюмунун өкүлү Сэм Зарифи кырдаалды төмөнкүдөй мүнөздөйт: “Кагылышуу, башаламан кол салуулар абдан күчөп кетти, анткени өкмөттүк күчтөр кырдаалды натыйжалуу көзөмөлдөй албай, жергиликтүү элди жетиштүү деңгээлде коргой албай жатат”.

Мунапыс уюму жана Пакистандын адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясы бийликтерди Сваттагы көптөгөн адам өлүмүн дыкат иликтөөгө чакырышты. Чөлкөмдө өкмөттүк күчтөр менен согушкерлер ортосунда салгылаштар күч алганда үйлөрүн таштай качкан сваттыктардын көбү мусулмандардын Орозо айт майрамын белгилеш үчүн мекенине кайтып келишти. Өрөөндүн башкы шаары Мингорада базарда бут кийим сатып отурган Рашид Али бул күнү өзгөчө кубанычтуу.

- Бизди үйүбүзгө кайра алып келген Аллага миң мертебе ыраазыбыз. Кырдаал оңолуп баратат. Жашоо кадимкидей өз нугуна түшө баштады, мындан ашкан бакыт жок болуш керек.

Пакистандын бийликтери апрелде башталган уруштарда 2000дей согушкер жана армиянын 160тан ашуун жоокери өлгөнүн айтат, андан тышкары Сват өрөөнүнөн башка жакка көчүп кеткен 2 миллиондой кишинин жарымынан көбү кайра кайтып келишти. Алар өкмөт убада кылган акчаны убагында төлөбөй, электр, суу, транспорт өңдүү маселелер жөнгө салына электигине нааразы. Чөлкөмдө жазда уруштар башталганда киргизилген коменданттык саат толугу менен жоюла элек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG