Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Апрель окуясынын соту калың элдин алдында өтөт


Бишкек, 7-апрель 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель 2010-жыл

Кыргыз бийликтери 7-апрелдеги кан төгүлгөн окуя боюнча сот ишин 25-октябрда Спорт сарайында көп адамдын көз алдында өткөргөн жатат.

7-апрелдеги элдик толкундоолорду басууда курал колдонууга буйрук берген жана аны аткарган деген шек менен айыпталган жыйырма тогуз адамдын иши сотко өткөрүлгөн. “Альфа” тобунун жана мамлекеттик күзөт кызматынын он алты адамы камака алынып, алардын көпчүлүгү төрт айдан соң үй камагына чыгарылышкан. Жакында 7-апрелдеги окуя боюнча сотту спорт сарайында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Айыпталып жатышкан аскер кызматкерлеринин укугун жана эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Алымбек Ниязов мындай чечим менен макул эместигин айтып чыкты:

- Аскер адамдарынын сотуна каалаган кишилер катышса болот деп жатышпайбы. Бул сот оюнчук эмес, алар күткөндөй шоу да эмес. Бул жерде балдардын тагдыры тууралуу маселе турат. Биз буга чейин “Мекен шейиттери” уюмундагы адамдар менен жолугушуп, баргыла тигил жигиттерге кандай айыптоолор коюлгандыгын, кимди кандай айыптоо менен соттоо жүрүп жаткандыгын көзүңөр менен көргүлө дедик. Ошол эле учурда спорт сарайында көп элди топтоп алып, шоу кылгандын кереги жок. Сот соттун имараттында өтүшү керек деп талап коюп жатабыз.

Буга чейин 7-апрелдеги окуяга байланышкан сот жараянына беш жүздөн ашуун адам жабырлануучу жана күбө катары чакыртылды. Мындан сырткары каалаган адам соттун ишине байкоо салууга мүмкүнчүлүк берилди. Ошондуктан эл көп топтолгон жагдайда ар кандай чагым чыкпайбы деген кооптонуулар да жок эмес. Анткен менен иштин көлөмүнүн чоңдугу жана катышуучулардын санынын көптүгү сот жараянын кеңири имаратта өткөрүүгө мажбурлаган.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов сот жыйындарында коомдук тартипти камсыздоого ички иштер органдарынын атайын күчтөрү тартыла тургандыгын кошумчалады:

- Сот жараянына айыпталуучулар, жабырлануучулар, күбөлөрдөн сырткары дагы эки тараптан тең байкоочулар келишет. Мындан сырткары маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болот. Ушунун баардыгын батырууга сыйымдуулугу бар сот залы жок экен. Ошондуктан спорт сарайынын имараты тандалып олтурат. Бул жерде коопсуздук толугу менен ички иштер органдарына жүктөлгөн. Андагы коомдук тартип да, коопсуздук да толук козөмөлдө болот деген ишеничтебиз. Бул боюнча тиешелүү тапшырмалар укук коргоо органдарына берилди.

Бул иш боюнча шектелген мурдагы үлкөн чиновниктер Элмурза Сатыбалдиев, Оксана Малеванная, Каныбек Жороев жана Молдомуса Конгантиев үй камагында олтурушат. Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев, мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Темирбаев жана штаб башчысы Данияр Дунганов тергөө абагында кармалышууда. Мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов, Мамлекеттик күзөт кызматтынын жетекчиси Жаныбек Бакиев, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталинов жана анын кеңешчиси Марат Бакиев эл аралык издөөгө берилген.

Аскер кызматкерлеринин укугун жана эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Алымбек Ниязов азыркы бийлик чыныгы күнөөкөрлөрдү кармай албастан, майда офицерлерди милдеттерин өтөп жүргөн жеринен алып барып камап, эл көзүнө отчет бергиси келип жатат деп айыптады:

- 11-майга чейин айыпталып жатышкан жигиттер тиешелүү өкмөт мүчөлөрүн жана маанилүү стратегиялык объектилерди кайтарып жүрүшкөн. Жанагы Азимбек Бекназаров Ошто жалданма “көзгө атарлар” кармалды деп жалгандан жарыялап айткан күндүн эртеси эле аларды улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгына чакыртышып туруп, камакка алып жатышпайбы. Кийин керек болсо алардын өздүк куралдарын баллистикалык текшерүүдө да таза чыккандыгына карабастан соттойбуз деп жатышат. Чыныгы күнөөкөрлөр болсо эркиндикте жүрүшөт.

Буга чейинки маалыматтар боюнча 7-апрель күнү кечинде өкмөт башчысы Данияр Үсөновду жана атайын кызматтын жетекчиси Мурат Суталиновду качырып жиберишкен.

XS
SM
MD
LG