Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:24

Ошто эл дале кооптонуп турганы байкалат


Ошто эл арыз-арманын көчөгө чыгып билдирүүгө аргасыз. 12-июль, 2010-ж.
Ошто эл арыз-арманын көчөгө чыгып билдирүүгө аргасыз. 12-июль, 2010-ж.

Өткөн айда зомбулуктун борборуна айланган Ошто кыргыздар менен өзбектер ортосунда элдешүүнүн белгилери аз болсо да байкалат. Бирок жакындарын таппай кыйналгандар, бири-бирин айыптоо, коркутуп-үркүтүү - эки элдин ортосундагы чыңалууну тымызын күчөтүп жаткандай.

Оштун көчөлөрүндө унаалар көбөйүп, ресторан-кафелер кайра ачылып, кээ бир жерлерде эл эки-үч жума мурун өрттөнгөн үйлөрүн оңдоп жатышат. Айрым көчөлөр дале күйүк жыттанат, үйсүз калгандар эшигинин алдына чатыр тигип, күнүмдүк жашоо-тиричилик уланууда.

Өткөн айда кыргыздар менен өзбектер ортосундагы кагылышта үч жүздөн ашуун киши набыт болуп, жүздөгөн үйлөр жана ишканалар талкаланган. Өкмөт эки элдин ортосундагы ишенимди кайра курууга колунан келгенинин барын жасайбыз дегени менен, бир ай өтсө да, элдешүү жараянынын белгилери аз.

Ушул күнгө чейин коркутуп-үркүтүүлөр, уурдап кетүү, уруп кыйноо тууралуу сөздөр тарап, эки элдин ортосундагы чыңалууга чок салууда.

Үстүртөн эле көчө кыдырып, көз салган киши деле жабыр тарткандардын көпчүлүгү өзбек тарап болгонун айта алат. Азыр алар Кыргызстандын алдыңкы маалымат каражаттары зомбулукта өзбектерди күнөөлөп жатканына нааразы. Кара-Суу районунун тургуну Бахрам Юлдашев расмий телеканалдардын маалыматын айыптап, аларда атүгүл расмий бийлик өкүлдөрү кагылышууга өзбек тарапты күнөөлөп жатканы ансыз да опурталдуу кырдаалды оорлотууда деп кейийт.

Айыптоолор ачык айтылып жаткандыктан, өзбектер көчөдө ээн-эркин баскандан кооптонуп, өздөрүнүн маалесинде туткунга айланганын, кыргыздар да өзбектерден чочулап турганын айтышат.

Атын атагысы келбеген чет элдик байкоочу өзүнүн коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын жана кыргыз каналдарынан өзбектер менен интервью көрбөгөндүгүн өкүнө белгиледи.

- Бир өзбек аял телевизордон өзүнүн үйүн көрүп калып, үйүндөгүлөр чогула калып тиктеп калганын айтып берди. Бирок анын үйүнүн алдына бир кыргыз аял туруп алып «бул менин үйүм болчу, 40 өзбек келип, үйүмдү өрттөп кетишти деп жатты, биз таң калып эле отуруп калдык” деп даттанды. Өрттөнгөн үйлөрдүн 90%ы өзбектердики болсо да , жабыр тарткан өзбектер менен интервью көрө албадым.

Оштогу коопсуздук кызматынын кеңсесинде жакындарын издеп жүргөн өзбектерге учурадым. Бир аял беш жумадан бери күйөөсүн таппай кыйналганын айтса, дагы бир карыя эки баласын издеп кабар алалбай жүргөнүн баяндады. Дагы бир кичинекей баласын көтөргөн келин күйөөсүнүн дайнын таппай сарсанаага баткан.

Ош облустук акимчилигинин жанында кыргыздар чогулуп туруптур. Алар боз үйлөрдү тигип алып, жоголгон туугандарынын сүрөттөрүн кармап турушат. Алар: «биздин жакындарыбыз өзбектердин туткунунда, милиция үймө-үй кыдырып, тазалоо операциясын улантсын, биз ошону талап кылабыз», - дешти.

Мени менен көчөдө маектешкендер негедир жарашуу жөнүндө сөз кылышпады. Оштун борборунда жолуккан жаштар тобу бардык окуяларга жергиликтүү өзбектерди күнөөлөп, алардын лидерлерин таап жазалоону талап кылышты. «Антпесе азыркы бийликке ишенич жок, өкмөт алсыздыгын көрсөткөн үчүн эл өзүн өзү коргоого аргасыз болду», - деп опурулду бир жигит.

Өзбектер басымдуулук кылган Шарк айылында Карим аттуу тургун өзбек жаштарынын көпчүлүгү Орусияга кетип жатканын кабарлады. Ал Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун куралсыз күчтөрүнө үмүтүн артып, балким ошолор тынчтык орнотууга жардам берет деп ишенет.

Оштун чет жагында Шекер Дыйканова аттуу кыргыз аял өрттөлгөн үйүнүн жанында турган экен. «Ушул жерде алты-жети жаңы салынган үй бар эле. Үчөө орду-түбү менен өрттөндү. Кызыма сеп беребиз деп оокат жыйнап койгонбуз, 15-20 жыл чогултуп салган үйүбүз ичиндегиси менен үч-төрт саатта жок болду. Үстүбүздөгү көйнөктөн башка эчтемебиз калбады”, - деп ызалана кайгысын бөлүштү.

Кыргыз өкмөтү өрттөнүп-талкаланган үйлөрдү кайра куруп берүүгө сөз берген, бирок мени менен маектешкен жашоочулар кыш келгенче баш калканч даяр болорунан күмөн санаарын айтып жатышты. Элдин жалгыз тилеп көксөгөнү ушу тапта тынччылык жана коопсуздук экени көздөрүнөн байкалат. Бирок дагы да жаңжал чыгып кетеби деген чочулоо дале күчтүү экенин оштуктар улам кайталап айтып жатышты.

XS
SM
MD
LG