Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:18

Түркмөн диссиденттери ЕККУ жыйынында түрткүгө кабылды


Казакстан ЕККУдагы төрагалыгын декабрда саммит өткөрүү менен жыйынтыктаган жатат.
Казакстан ЕККУдагы төрагалыгын декабрда саммит өткөрүү менен жыйынтыктаган жатат.

Түркмөнстандын сүргүндөгү активисттери үчүн ЕККУ уюмунун соңку конференциясына катышуу кыйынчылыктар менен коштолду. Алардын бири учурда Варшавада өтүп жаткан конференцияга кечээ гана кире алды, экинчиси артка кайтууга аргасыз болду. Байкоочулар мындай көрүнүш алгачкы жолу орун алып жатканын белгилешүүдө.

Учурда Казакстан төрагалык кылып жаткан ЕККУнун мамлекет башчылар деңгээлиндеги саммити быйыл декабрдын башында Астана шаарында өтөрү күтүлүүдө. Ушул саммитке даярдык иретинде алдыдагы эки ай ичинде үч конференция уюштурулмак. Алардын алгачкысы ушул аптада Варшавада жүрүүдө.

ЕККУнун адамдын өнүгүү ченемдери боюнча жыл сайын өтүп туруучу конференциясына бул ирет түркмөн диссиденттеринен сүргүндөгү Республикалык партиясынын негиздөөчү жана төрагасы Нурмухаммед Ханамов менен “Ватан” кыймылынын мүчөсү жана өлкөнүн Улуттук банкынын мурдагы төрага орун басары Аннадурды Хажиевдер барган. Аннадурды Хажиев акыры конференцияга, анын бул аптадагы үчүнчү иш күнү, 6-октябрда гана кирүүгө мүмкүндүк алганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун түркмөн кызматына мындайча баяндап берди:

- Төрагалык кылып жаткан өлкө Казакстан мени бул конференцияга киргизүү чечимин кабыл алды. Коопсуздук курчоосунан өткөнүмдөн кийин мени Евробиримдиктин, АКШ, Канада, Швейцариянын өкүлдөрү күтүп турушуптур жана буга алар өз көздөрү менен ынанышты. Андан соң ЕККУнун башкатчысынын өкүлү залга мени менен бирге кирди жана төрагалык кылып жаткан тарап мага конференцияга катышууга уруксат берилгенин жарыялады. Делегациялардын баары бул маалыматты жылмаю менен кабыл алышты.

Аннадурды Хажиев менен Варшавага келген дагы бир активист Нурмухаммед Ханамов кайра саясий башпаанек алган өлкөсү - Болгарияга кайтууга аргасыз болгон.
Нурмухаммед Ханамов
Ханамовдун ырастоосунда, ал конференцияга ЕККУнун жобосуна ылайык катыштырылган жок. Ал жобо боюнча эгер мүчө өлкөлөрдүн кайсыл бири каршы чыкса, бейөкмөт уюмдун өкүлү ЕККУ жыйынына катыштырылбайт. Ханамовдун айтымында, түркмөн өкмөтү аны бийликти күч менен кулатууну көздөгөн топтун мүчөсү катары мүнөздөшкөн жана эгер конференцияга койо берилсе, Астанадагы саммитти бойкотторун эскертишкен.

Варшавадагы конференцияга барган эки түркмөн диссидентинин бирин жыйынга киргизбөө жөнүндө өтүнүч кат келгенин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы менен маегинде ЕККУнун басма сөз өкүлү Фрейн Марович да ырастады:

- Биз мүчө өлкөлөрдүн биринен кылмыш иштери үчүн айыпталган инсан конференцияга катыша албай тургандыгы белгиленген кат алганбыз. Ушундан соң жогорудагы өтүнүчтүн негизинде биз уюмга мүчө 56 өлкө менен кеңешип-кептешүүгө кириштик.

ЕККУнун өкүлү атын атабаган өлкөдөн өтүнүч кат конференцияга кечирээк киргизилген Аннадурды Хажиевге байланыштуу түшкөн. Ал эми Нурмухаммед Ханамовдун конференцияга киргизилбешин ЕККУ өкүлү ал каттоодон өтпөгөндүгүнө байланыштырды.

Баш кеңсеси Венада жайгашкан, Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси деген уюмдун жетекчиси, “Түркмөнстан хроникасы” деген интернет сайттын редактору Фарид Тохбатуллиндин айтымында, ЕККУнун жыйындарына түркмөн диссиденттерин киргизбөөнү талап кылган каттарды расмий Ашхабад жылда эле жөнөтүп келген. Бирок диссиденттер жыйынга ачыктан-ачык эле киргизилбеген же кыйынчылыкка кабылган учур биринчи ирет орун алып олтурат.

Мунун бир жүйөөсүн укук коргоочу Фарид Тохбатуллин “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде мындайча чечмеледи:

Фарид Тохбатуллин
- Дипломаттар диалог деп айтканды жакшы көрүшөт эмеспи. Эгер түркмөн бийликтери талап кылып жатса, азыр биз кандайдыр бир чегинүүгө барсак, кийин түркмөн бийликтери да ЕККУга чегинүүгө барат деп ойлошсо керек. Анткен менен диалогго умтулуу Ниязовдун доорунан бери эле башталып, узактан бери натыйжасыз уланып келе жатат. Муну батыш дипломаттары деле түшүнө турган болду. Эгер биз чегинсек, алар да эпке келет деп алданбоо керек.

Укук коргоочу Фарид Тохбатулин кошучалагандай, түркмөн бийликтери ЕККУнун адатта расмий делегациялар да катышуучу конференцияларына келбөөнү салтка айлантып алган. Мындай учурларда Түркмөнстандын орду бош калат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG