Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:37

Кандуу окуяда каза тапкандар кандай узатылат?


Бийлик кысымына каршы козголоң учурунда каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатын Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө жана алардын сөөгүн Ата-Бейит мемориалдык комплексине коюуга аракет жасалууда. Анткен менен сөөктү өз айылына алып кеткендер да арбын.

7-апрелдеги козголоң кан төгүү менен коштолгондугу кимдин гана болбосун жүрөгүн сыздатты. Ботодой боздогон Айдай аттуу кыздын агасы 7-апрель күнү кечке маал атылган. Айдай ыйлагандан башка эч сөз айта албады.

Бизге маалымат бергенге анын башка тууганы Стамбек жардамга келди. Көрсө, Рахат Кожобековду так жүрөккө атыптыр Ак үй жактан. 45 жаштагы маркум курулуш иштери менен алектенип үй-бүлөсүн бакчу экен.

Стамбек сөөктү айылына – Нарын жакка алып кетеби же Бишкекте калтырабы, аны деле азырынча билбейт. Башка туугандарыбыз келетат, ошолор билет ал маселени дейт.

Генерал Исмаил Исаков абактан бошонуп келер замат өзүнүн телекайрылуусунда ошол набыт кеткен кыргыз жигиттери туурасында минтип айткан:

- Кан төгүлүп калды. Бул өтө өкүнүчтүү. Биздин кыргыз жигиттерибиз ок атылып атса дагы тайманбай тике карап баратышты. Биз аны телевизордон көрүп аттык абакта. Бул жигиттер – кыргыздын нак баатырлары! Аларга келечекте ушул борбор аянтта эстелик тургузуп, аттарын алтын тамгалар менен жазууга биз милдеттүү болуп калдык.

Элдик Курултайдын борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү Иса Өмүркулов бийлик кысымына каршы козголоң учурунда каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатын жогорку деңгээлде өткөрүү аракети жүрүп жаткандыгынан кабар берди.

Ал эми 8-апрель күнү Ала-Тоо аянтында өткөн митингде шейит кеткендер бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди:

Аталган митингде Элдик Курултайдын борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү Азимбек Бекназаров:

- Эртең саат 13 .00 дө, куда кааласа, ушул аянтта шейит кеткендерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Баарыңыздар келиңиздер,-деген жарыя жасады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкери Медер Исмаиловдун маалыматына караганда, 8-апрель, саат 19.00 га карата 75 адам каза болгон, алардын ичинен 34 адамдын сөөгүн жакындары өз айылдарына алып кеткен.

9-апрель – Кыргызстанда аза күнү болуп расмий жарыялануусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG