Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Мекеден кабар: Шайтанга таш атуу каадасы


29-ноябрь күнү ажылык сапарда жүргөндөр Жамаратта шайтанга таш атуу каадасын аякташты.

Биз оболу Сауд Арабстанда ажылык сапарда жүргөн Талант Темирбаев менен телефондо сүйлөштүк:

- Талант мырза, бүгүн 29-ноябрь, саат 17.00.ге жакындап калды. Сиздер азыр кайсы жердесиздер?

- Жамарат деген жерде. Биз азыр шайтанга таш атып, анан кайтып кетип баратабыз.

- Ал жакта быйыл таш атуу жагын кандай уюштурушуптур? Үч жыл мурда шайтанга таш атуу учурунда сүрмө топ айрым кишилерди тебелеп кетпеди беле. Бир нече адам өлгөн ошондо. Азыркы шарты кандай экен дегеним?

- Быйылкы шарт-жагдай абдан жакшы экен. Мурда таш атканы кетип аткан кишилер таш аткандан кийин кайра ушул жол менен кайтышчу. Жөөлөшүп, сүрүшүп эле жатып калышчу. Азыр болсо ошол таш аткандан кийин андан ары уланган кайрылыш жол менен кайтат. Келаткандарга жолукпайт. Бул биринчиден. Экинчиден, быйыл шайтанга таш аткан жерлерге 4 кабаттуу атайын орун жасап коюшуптур. Тыгылышуу, жөөлөшүү жок.

- Шайтанга таш атууга кыргызстандык зыяратчылар толук барып атышабы? Же ооруп-нетип бара албай калгандары да барбы?

- Мен андай барбай калгандарды укпадым. Баарысы эле барып атышат. Бүгүн мына үчүнчү күн шайтанга таш атып атабыз.

- Эрежеси боюнча, канча күн шайтанга таш атыш керек?

- Үч күн. Болду бүгүнкү менен. Асир намазга чейин, күн батканга чейин жалпы кетишибиз керек бул жерден. Бата кылабыз да кетебиз Мекеге.

- Мына биз сиз менен сүйлөшкөндө ракетанын үнү сыяктуу атылган бир нерсенин үнү чыгып атат – ал эмненики?

- Полициялар коопсуздук жагын карап турушат ошентип. Аябай көп алар. Эки-үч метрде эле бирден турат алар. Мотоцикл, автомашина, тик учактар көп пайдаланылат.

Андан кийинки байланышыбыз Кыргызстандын Мекедеги ажылык штабынын мүчөсү Рахматулла-ажы Эгембердиев менен улантылды:

- Быйылкы ажылык эмнеси менен айырмаланып атат?

- Жылдагыдан 700 миңдей адам аз келиптир деп атышат. Экинчиси, быйыл аябай жамгыр жаап, күн салкын. Кудум эле биз жактагыдай. Ысыкка чыдай албай кыйналышчу да мурда. Бул жолу андай кыйынчылык болгону жок.

- Мындай бир бейрасмий ажыга барган кыргызстандыктарды байкабадыңыздарбы? Автоунаа менен баргандарды?

- Ал нерсени иликтей турган атайын кызмат адамдары да келген биз менен. Алар тактап-нетип атышат ко.

- Дайны бар бекен андайлардын?

- Дайны бар. Каттоодон өтүшүптүр. Иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.


XS
SM
MD
LG