Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:07

Транзиттик борборго депутаттык саякат


Транзиттик борбордон күн сайын 20-25 учак учуп-конуп турат
Транзиттик борбордон күн сайын 20-25 учак учуп-конуп турат

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары АКШнын Транзиттик борборуна барып, Ооганстанга жүк ташуучу базанын иши менен таанышты.

Кыргыз парламентинин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков баштаган “Ак жол” фракциясынын өкүлдөрүнө Транзиттик борбордун жаңы дайындалган жетекчиси Блайн Холт маалымат берип, борбордун иши менен толук тааныштырып чыкты.

Депутаттарды негизинен АКШнын “Манас” аскерий аба базасынын аскердик эмес багыттагы жүктөрдү ташуучу борбор болуп макамы өзгөртүлгөндөн кийинки борбордун иш-аракети тууралуу маалыматтар кызыктырды.

ЖК депутаты Бейшенбек Абдрасаков “Манас” аба базасы болуп турган тушта базадагы учактар тарабынан Кыргызстандын аймагында абага керексиз күйүүчү майды төгүү учурлары көп болгондугун белгилеп, мындан ары бул маселе кандайча чечилип жаткандыгына кызыкты.

Депутаттын суроосуна жооп берген Транзиттик борбордун жетекчиси Блайн Холттун маалыматы боюнча күйүүчү май аргасыздан бир акыркы учурларда гана төгүлөт, ошондо да бул борбордун жетекчилиги менен макулдашуудан кийин гана жүргүзүлөт:

-Биз экология маселесине өтө олуттуу карайбыз. Ошондуктан, ар бир учкуч Кыргызстандын аймагына учуп киргенде же учуп чыгып жатканда кандай аракет болбосун, аны Транзиттик борбордун жетекчилигинин уруксаты менен гана ишке ашырат.

Транзиттик борбордун жетекчиси Блайн Холттун маалыматы боюнча борбордон ай сайын 400 тоннадан 700 тоннага чейинки жүк ташылат.

Ал эми борбордун коомчулук менен кызматташууга жооптуу кызматкери Ятсек Домпниактын “Азаттыкка” билдиргени боюнча “Манас” аэропортунан күн сайын 20-25 учак Ооганстанга учуп чыгат. Алар аскер кызматкерлерин, азык-түлүк жана башка гуманитардык жүктөрдү ташыйт:

-Бул борбор адамдарды, жүктү жана күйүүчү майды ташуучу борбор. Биздин учуу тилкесине АКШдан жарандык учактар
Аскердик учактардын ичи жүк ташууга да, киши ташууга да ыңгайлашкан.
аскерлерди, борбордо иштеген персоналдарды бул жерге чейин алып келет. Бул жерде бир нече күн өргүү алган аскерлер Ооганстанга аскердик учактар менен учуп кетишет. Аскердик учактардын ичи жүк ташууга да, киши ташууга да ыңгайлашкан. Бардык шарттары бар.

Антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасы үстүбүздөгү жылдын июнь айындагы жаңы келишим боюнча Транзиттик борбор болуп түзүлгөн. Жаңы келишимге ылайык АКШ тарап Кыргызстандын аэронавигация тармагына жардам көрсөтүү милдетин алган, мындан тышкары “Манас” эл аралык аэропортуна ижара акысын көбүүрөк төлөөгө милдеттендирилген.

Бирок азыркы убактарда булардын айрымдары ишке ашып атса, кээ бирлери кагаз жүзүндө гана калып жатат. “Манас” эл аралык аэропортунун президенти Бакыт Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча АКШ тарап аэропортко ижара акысын көбөйтүп төлөөдөн баш тартууда:

-Америка тарап, жаңы келишимдеги ижара акысын аэропорттун аймагынан башкасын көтөрүүдөн караманча баш тартууда. Жылына 1 млн. 100 миң доллар ижара акысы төлөнчү. Жаңы келишимде 1 млн. 800 миң долларга көтөрүлгөн. Мына ушуну да өндүрө албай атабыз, -дейт “Манас” эл аралык аэропортунун президенти Бакыт Сыдыков.

Транзиттик борбордун иши менен таанышуу учурунда ЖК депутаттары борбордогу аскерлер жатуучу казармалар, алар эс алуучу, тамактануучу жайлар менен таанышып чыгышты. Мындан тышкары Транзиттик борбордун учактары учуп-конуучу тилкеге келип, учактарда ташылып жаткан жүктөр менен таанышты.

АКШнын Транзиттик борборунда жергиликтүү элдин өкүлдөрүнөн да иштешет. Алар көбүнчө тейлөө тармактарында. Биз алардын айрымдарын кепке тарттык. Аскерлер эс алуучу жерде координатор болуп иштеген Улан Абдыманаповдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча борбордо иштеген жергиликтүү элдин өкүлдөрүнө мамиле жакшы:

-Бизге мамиле жакшы, айлык акы жогору. Шаардан атайын автобустар менен алып келип, кайра жеткирип турушат. Ооруп калсак, келишимге ылайык төлөп беришет.

Депутаттык топтун жетекчиси Кубанычбек Исабековдун билдиргени боюнча бүгүнкү сапар АКШнын Транзиттик борбору тууралуу мыйзамдардын кандай иштеп жаткандыгын аныктоо болчу:

ЖК вице-спикери К. Исабеков баштаган "Ак жол" фракциясынын өкүлдөрү Транзиттик борбордун иши менен таанышты
-Айрым депутаттар биринчи жолу келип отурушат. Биздин максат эң биринчиден Транзиттик борбордун иши менен таанышуу болчу. Экинчиден жаңы түзүлгөн келишимдерге ылайык кабыл алынган мыйзамдар канчалык деңгээлде ишке ашырылып жаткандыгынан кабар алууну чечтик. Мына бүгүн өзүңүздөр да күбө болдуңуздар, нааразылыктар жок. Бул жерде иштеп жаткан кыргызстандык жарандар да ыраазы. Айлыктары, иштөө шарты, тамак-аштары да жакшы экен. Эми мындан ары да борбор менен кыргызстандык ишканалар кызматташып иштеп калышса жакшы болот. Эң негизгиси –борбордун болушу бүгүнкү күнү Ооганстанда жана Пакистанда кырдаал курчуп турган учурда Кыргызстандын аймагында турушу учурдун талабы деп эсептейм.

Транзиттик борборго депутаттык саякат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG