Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Кыргызстан Чек ара кызматы Өзбекстандын билдирүүсүн четке какты


Чек аранын өзбек тарабы жабык
Чек аранын өзбек тарабы жабык

Кыргыз-өзбек чек арасына жакын Ханабад жана Анжиян шаарларында 26-майда болгон окуя тууралуу Өзбекстандын УзА маалымат агенттиги Башкы прокуратуранын маалыматына таянып, 2-3 адамдан турган куралчан топ Кыргызстан тараптан кирип чабуул жасашты деп кабарлады. Кыргызстандын Чек ара кызматы өз кезегинде мындай билдирүүнү негизсиз деп четке кагып, бардык окуялар Өзбекстандын өзүнүн ичинен чыгып жатат деп билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков "Азаттыктын" таңкы уктурууларына катышып, Анжияндагы окуялар боюнча суроолорго жооп берди.


"Азаттык":
-Чолпонбек мырза, Өзбекстандын Ханабад жана Анжиян шаарларында болгон окуяга байланыштуу кечээ Өзбекстандын УзА маалымат агенттиги чабуул Кыргызстандан кирген 2-3 адамдан турган бандиттик топ тарабынан жасалды деп Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө таянган маалымат таратты.

Турусбеков: -Мындай маалымат кечээ кечки саат 20.15те Фергана. Ру сайтына чыкты. Биз ага абдан таң калып олтурабыз. Ал жерде Кыргызстандын аймагынан бандиттик топ кирди деп жазылып турат. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындай малыматты четке кагат. Мындай маалымат туура эмес.

“Азаттык”: - Демек, Кыргызстандын чек арасынан эч кандай бандитик топ же шектүү адамдар өткөн эмес деп ишендире аласызбы?

Турусбеков: -Ушундай маалымат берүүгө эмне себеп болгондугун билбейм. Болгондо да өзбек тарап мындай маалыматты расмий түрдө таратып жатат. Биз кечээтен тарта кандай маалыматты берип жатканыбызды байкап көрсөңүздөр эле Кыргызстандын аймагынан Өзбекстандын аймагына эч кандай топ кирбегендиги ачык-айкын болуп турат. Эч кандай топ кирген эмес. Окуянын бардыгы Өзбекстандын ички аймагында болуп жатат.

“Азаттык”: -Ушундай маалыматтын таратылышына эмне себеп болду жана кандай максат менен таратылып жатат?

Турусбеков:- Кандай максат менен жасалып жатканы мага түшүнүксүз. Азыр ар кандай маалымат каражаттарында түрдүү кабарлар берилип жатат. Ошолордун баарын иликтеп көрсөк өзбек тараптагы кесиптештерибиз туура маселе көтөрүп жатабы же туура эмес берип жатабы деген түпөйүл суроо турат. Биз эмне үчүн ушундай маалыматтар берилип жаткандыгын түшүнө албай жатабыз. Мындай маалымат бериш уят иш.

“Азаттык”: - Азыр кыргыз-өзбек чегарасындагы кырдаал кандай? Кыргыз тарап чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кандай чараларды көрүп жатат?

Турусбеков:- Эртең мененки саат сегизге карата кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал тынч, абал биздин көзөмөлдө. Көзөмөл бекеттеринде кооптонуу жараткан жагдай болгон жок. Бирок Өзбекстан тараптын бүт көзөмөл бекеттери жабык. Кирүү-чыгуу Сох анклавында гана болуп жатат. Кыргызстандын жарандары Кара-Суу районундагы Ак-Таш көзөмөл бекети аркылуу Өзбекстандын ичиндеги Барак анклавына кирип чыгып жатышат. Калган чек ара бекеттеринин баары өзбек тараптан жабылган.

“Азаттык”:- Эми ушул маалыматтарды тактоо жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн кыргыз өкмөтү кандай аракеттерди көрөт?

Турусбеков:- Чек ара кызматы азыр өз милдетибизди аткарып жатабыз. Бизге коюлган тапшырмалар бар. Ал эми Кыргызстандын атынан кандай аракеттер болору алдыда бир сааттын ичинде белгилүү болот.

“Азаттык”: - Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG