Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Кыргызстан митингдердин кучагында


Бүгүн бүтүн Кыргызстан боюнча Бириккен элдик кыймыл уюштурган каршылык акциялары өтүп жатат. Митинг акциялары Бишкекте, Балыкчыда, Токмокто, Нарында, Таласта, Сузак районунда, Гүлчө айылында болуп жатканы жөнүндө маалыматтар келүүдө.

Бишкек шаары

Бишкекте Горький эстелигинин жанында Бириккен оппозициянын митинги саат он бирде башталды. Байкоочулардын баамында, саясий акцияга эки миңдин тегерегинде адам катышууда. Митингди "Жаңы Кыргызстан" партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков ачты.

“Ата- Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев чыгып сүйлөп, 20-апрелге чейин бийликке оппозициянын талаптарын орундатуу үчүн мөөнөт коюлганын билдирди.

БЭКтин талаптарына ылайык, президент К. Бакиев күч органдардын башчыларынын баарын алмаштырып, калыс турумдагы адамдарды коюшу керек. Бул органдардын курамынын жарымы оппозициядан болушу зарыл. Улуттук биринчи канал, ЭЛТР коомдук телекомпаниясынын байкоочулар кеңешине, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы жарым-жартылай оппозициядан түзүлүшү керек.

Эгер бул талаптар аткарылбаса 20-апрелден тарта оппозиция өлкө боюнча мөөнөтсүз каршылык акцияларын баштайт. Президент Курманбек Бакиевди шайлоого чейин кетирүүгө аракеттер жасалат.

Митингге байкоо салып турган акыйкатчы Турсунбек Акун акция учурунда тартип коргоо кызматы тарабынан дагы, митингге чыккандар тарабынан дагы мыйзам бузуулар болбогонун “Азаттыкка” билдирди.

Ош областы

Алай районунун борбору Гүлчөдө митингге миңге жакын адам топтолду. Чогулган эл беш күндүн ичинде Исмаил Исаковго козголгон кылмыш иштери токтотулуп, соттон акталып чыгышын талап кылышты. Талаптар аткарылбаса Бишкеке аттанып, ачкачылык акция башташаарын эскертишти.

Жалал-Абад областы

Сузактын Сымкат айылында дагы митинг башталып, ага жүзгө чукул адам катышууда. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абад боюнча координатору Ильич Нарматов билдирди.

Кочкор –Ата шаарчасындагы нааразылык акциясына жетимиштей киши катышууда. Мурда белгиленген Маданият үйүндө электр жарыгы жок болгондугуна байланыштуу жыйын имараттын жанында башталып, аны “Ата-Мекен” партиясынын жергиликтүү координаторлорунун бири Канат Эрбаев ачты. Ал сөзүндө 2005-жылдан бери саясий, социалдык-экономикалык абал оңолбогондугун белгилеп, президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетүүгө чакырды.

Жалал-Абад облусу боюнча партиянын теңтөрагасы Советаалы Сейитбеков акцияга негизинен Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Ноокен аймагынан келген кишилер катышып жаткандыгын белгилеп, элдин көпчүлүгү бийликтин алдын ала жасаган тоскоолдуктарынын натыйжасында катыша албай жатат деп билдирди. Кабарчынын билдиргенине караганда жыйынды Ноокен районунун акими баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тартип коргоо кызматтары акмалап турушат.

Партиянын жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин “Азаттыктын” кабарчысына Базар-Коргондо бийлик уюштурган беш-алты автоунаа чагымчыл аялдардын тобу келди, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да акмалап турушат деп билдирди. Мындай маалыматты бийлик азыр тастыктай элек. Учурда акциялар Базар-Коргон, Сузак райондорунун бирден айылдарында өтүп жаткандыгы маалымдалууда.

Чүй областы

Токмок шаарында митингге катышууга жүздөй киши келишкен. Митинге келгендерди белгилүү оппозцициялык саясатчы Топчубек Тургуналиев баштап жүрөт.

Сокулукта болгон митингге бир миңге чукул адам катышты. Бул тууралуу “Ак шумкар партиясынын лидери Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, митингдин катышуучулары БЭКтин резолюциясын жактырып, кабыл алышып, резолюцияга Курманбек Бакиевге президенттик шайлоого бара турган болсо өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуп туруп, катардагы адам катары шайлоого барсын деген сунушту кошуп коюну сунушташты.

Нарын областы

Нарында шаардык сейилбагында митингге 200 дөй адам чогулду.Чогулуп жаткандар “Ата Мекен”, “Ак Шумкар”, социал-демократтар партияларынын желектерин көтөрүп турушат. Тартип коргоо кызматкерлери байкоо салып жатышат.

Кочкордо Маданият үйүнүн жанында үч жүздөй адам чогулду. Алар Аликбек Жекшенкуловдун абактан чыгарылышын, бийликтин оппозиция лидерлерине карата саясий куугунтугун токтотууну талап кылышты. Оппозициянын жыйынына акимдин орун басары жана айрым айыл өкмөт башчылары байкоо салып турушту.

Ысык-Көл областы

Балыкчыда оппозициялык партиялар уюштурган жыйын шаардагы маданият үйүндө өтүп жатат. Ал жерде беш жүздөй адам чогулган. СДПК фракциясынан депутат К. Кадыров чыгып сүйлөп, үйбүлөлүк башкарууга каршы жана таза шайлоо үчүн оппозициялык күчтөр биригип жатканын жар салды.

Чыгып сүйлөгөн адамдар жергиликтүү элдин турмушундагы социалдык курчуган маселелерди көтөрүшүүдө. Балыкчынын мурдакы мэри 650 миң сом жеп алып качып кеткенин, жоопкерчиликке тартылбай жатканын айтып арызданышты. Жыйынга шаардын мэри, областык прокурордун орун басары баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып жатат.

Талас областы

Таласта башталган жыйынга беш жүздөй адам катышууда. Алар “Бакиев кетсин”, “Мыйзамдуулук, таза бийлик” деген жазууларды кармап турушат. Элдер чыгып сүйлөп, азыркы бийликтин аракеттерин сынга алышты.

Нааразылык акциянын катышуучулары облус жетекчисин жыйынга катышуусун талап кылышты, бирок губернатордун маалымат катчысы атайын чакыруу жөнөтүлбөгөнүн, ошон үчүн губернатор келбей турганын айтты.

P.S. БЭК бүгүнкү митингде президенттик шайлоого чейин БШКнын жарымын, күч бийлигиндеги сегиз министрдин жарымын, Улуттук телерадио компаниясы менен ЭлТРдин байкоочулар кеңешинин жарымын дайындоо укугун берүү, эл аралык байкоочулардын кеңири чөйрөсүн чакыруу, саясий куугунтуктарды токтотуу талаптарын коюп жатат.

Оппозиция убада кылган митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

XS
SM
MD
LG