Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Бийликтин жообу, оппозициянын жүрүшү


Оппозиция 27-марттагы митингде бийликке беш бөлүктөн турган талап койгон эле.
Оппозиция 27-марттагы митингде бийликке беш бөлүктөн турган талап койгон эле.

Президенттин катчылыгы оппозициянын талаптары дээрлик мыйзамдарга каршы келет деп билдирээри менен оппозиция лидерлери нааразылык акциялар аркылуу күрөшкө чыгаарын эскертишти.

27-марттагы митингде оппозиция, эгер, бийлик беш талапты аткарбаса 20-апрелден баштап “Бакиевсиз шайлоо!” деген ураан менен мөөнөтсүз акцияларга чыгаарын жарыялаган болчу. БЭК президенттик шайлоого чейин дээрлик бийликтин жарымын, анын ичинде күч министрликтеринин, БШКнын жарымын, УТРК, ЭлТР телеканалдарынын байкоочулар кеңешин оппозициянын макулдугу менен дайындоону талап кылган. Президенттин катчылыгы 17-апрелде оппозициянын айрым талаптары демократиянын нормаларына төп, бирок, негизги талаптары Конституцияга, мыйзамдарга каршы келет деген тыянагын жарыялады.

“Жок” деген жообу аркылуу расмий бийлик президенттик шайлоо алдында оппозиция менен сүйлөшүүлөргө чек койду. Мындай пикирин саясат таануучу Табылды Акеров “Азаттык” менен бөлүштү:

- Президент тарап өз позицияларын алдырбоо үчүн өзү чектеп койгон жол менен жылууну көздөп жатат. Сүйлөшүүлөргө жана жеңилдиктерге баруу четке кагыларын билдирди мунусу менен.

Эки тараптуу сүйлөшүү боюнча буга чейинки аракеттер ийгиликке жетпей калган болчу. Анткен менен президент Курманбек Бакиев сүйлөшүүгө дайым даяр экенин 4-апрелде Токмокко жекшембиликке чыкканда журналисттерге дагы бир ирет минтип билдирген:

- Бийлик менен сүйлөшөм деген кандай гана оппозициячы болбосун келсин, талабын айтсын, эмнеге каршы, эмнени сунуш кылат, сүйлөшөлү, башка жол жок.

Мындай билдирүүгө ишеним арта албастыгын оппозиция өкүлдөрү катчылык талаптарына жооп кайтара электе эле билдирген. Иш жүзүндө БЭКтин талаптары менен эсептешүү президенттин ниетинде жок деп санаган оппозиция катчылыктын жообунан кийин эми өз жемин жедирбестин, бийликти ашкерелеп, өз чындыгын далилдештин кийинки аргасын издөөгө киришти:

- Биз мындай жоопту күткөнбүз. Биздин сунуштан баш тартышты. Эгер биздин сунушту кабыл алса бийликтин күнү бүткөнү болмок. Шайлоонун адилет өтөрүнө ишенбейбиз. Шайлоонун адилет, мыйзамдуу өтүшү үчүн күрөшөбүз. Ал күрөшүүлөрдүн бир түрү –массалык акциялар, - деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка”.

Бирок массалык акциялар мурда убада кылынгандай 20-апрелде эмес, кийинчерээк өткөнү калды. Текебаевдин айтымында, бул күнү БЭК президенттикке бирдиктүү талапкердин атын коомчулукка жарыялаганы атат . Ал эми саясий күрөштүн багыттарын оппозиция 25-апрелге чакырып жаткан элдик курултайында аныктачудай.

Талдоочу Табылды Акеров президенттик шайлоо оппозиция талап кылгандай чын эле мыйзам чегинде болсо өлкөдө күтүлүп жаткан коомдук-саясий чыңалууну кыйгап өтсө болорун айтат. Ошол эле мезгилде 2007-жылкы кезексиз парламенттик шайлоо тыянактарын эске алган оппозиция жана анын тарапкерлери президенттик шайлоону бийлик өз кызыкчылыгына бурмалабай, таза өткөрөрүнө ишенбей турушат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG