Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Кыргызстанда митингдер күч алууда


7-апрелде курман болгондордун туугандары митингге чыгып жатышат
7-апрелде курман болгондордун туугандары митингге чыгып жатышат

Өлкөнүн ар кайсы аймагында өткөн митингдердин түбү барып эле парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына барып такалууда.

"Ата-Журтка" каршы митинг

Төрт күндөн бери уланып жаткан “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” кыймылдарынын 500дөн ашуун өкүлү “Ата- Журт” партиясынын шайлоодо жеңип чыкканына каршы болуп, нааразылык акцияларын токтотушкан жок. Митингге чыккандардын бири Турусбек Сагынаев өз талаптары туурасында буларга токтолду:

- Биз шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, “Ата-Журтта” биздин балдардын курман болушуна түздөн түз тиешеси барларды сотко берип, алар соттолмоюнча жана кыргыздын 20 жыл канын соруп келгендерид люстрация кылып, тазаламайынча биз эч жакка кетпейбиз.

Ушундай эле маанайдагы митинг бүгүн Нарын облусунда да өттү. Облустук мамлекеттик администрациясынын алдына чыккан 20 чакты адам парламентке бакиевчил күчтөр келатканын айтып, президент Роза Отунбаевага кайрылышты. Кайрылууда мурдагы президенттин бийлигин бекемдеген адамдарды бийликке жолотпоону, Ак үйдүн алдында курман болгондордун мээнетин текке кетирбөөнү талап кылышууда.

Анткен менен “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Садыр Жапаров “Азаттыкка” партия шайлоодо өз күчү менен, ачык жана таза жеңишке келгенин белгилеп, аларга каршы митингдерди туура эмес деп баалаган.

Беш пайыздык чектен чыккан чыр

Ал арада “Бүтүн Кыргызстандын” үч миңге чукул тарапкерлери партияны парламентке өткөрүү талабы менен эски аянтка митингге чыгышты. Алар партиянын жетиштүү добуш алганына карабай өтпөй жатышын бут тосуу катары сыпатташууда. Ушундай эле талаптары менен Ош шаарында партиянын беш тарапкери ачкачылык акциясын баштады.

"Бүтүн Кыргызстандын" лидерлери өздөрү да БШКны шайлоочулардын санын кескин көбөйтүп жиберди деп сындашып, аны далилдеп берүүсүн талап кылып жатышат.

- Шайлоо кодексинин 23-беренесинин 7 пункту бар,-
дейт партия лидерлеринин бири Марат Кайыпов. - Анда шайлоо бүткөндөн кийин, бюллетендер эсептелип жатканда шайлоочулардын санын өстүрүүгө тыюу салынат деп жазылып турат. Биз ар бир участоктон протоколду алдык, ошолор менен МАС “Шайлоо” автоматтык эсептөө системасындагы маалыматын салыштырдык. Асмандан алып МАС “Шайлоого” киргизе берген. Мисалы, Баткен облусу боюнча 15 миңден ашуун, Ноокенде – 7 миң. Токтогул районунун бир эле участогунда 500дөн ашуун шайлоочуну көрсөтүп койгон. Бардыгын эсептеп бүтүп атабыз. 100 миңге жетейин деп калды. Бул атайылап өстүргөн добуш.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча беш пайыздык добуштан өтүү үчун 141 828 добуш алууга жетишүүсү керек болсо, бул көрсөткүч кийин 150 миңдей добушка чыккан. БШК өкүлү Эрик Ырыскулбеков мурда берилген маалыматтар алдын ала, орто эсеп менен алынган сандар экенин, азыр так маалымат жоктугун кабарлады. Анын айтымында, азырынча бардык аймактар боюнча протоколдор келген. Учурда чет өлкөдөн протоколдорду күтүүдө. Ал эми БШК төрагасы Акылбек Сариев митингчилердин алдына чыгып жагдайды түшүндүрүп берди.

Кайра шайлоо болобу?

Ал арада “7-апрель” кыймылы да шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу демилгесин көтөрүп чыкты. Кыймыл жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдун пикиринде 10-октябрда өткөн шайлоо өзүн актаган жок:

- Себеби революцияга эмгеги сиңген, революциячыл партиялар келип парламенттик түзүлүшкө багыт алган өлкө болобуз деп сүйүнүп жатканбыз. Бирок сүйүнгөнүбүз курусун. Бакиевдин командасында иштеп, элди алдап, акчага сатып алган партиялардын алдыга чыгып отурганы бизди канаатандырбайт.

Мындан улам серепчилер өлкөдөгү кырдаал шайлоодо марага жеткен партиялардын тил табышуусуна байланыштуу деген пикирлерин айтышууда. Конфликтолог, саясий серепчи Жыргалбек Касаболотовдун айтымында, митингдердин көп болушу эл өзүнүн укугун талашканга ыкташып калганын билдирет:

- Экинчиден, бул азыркы болуп өткөн шайлоонун жыйынтыктарына баардыгы эле макул эмес экенин билдирет. Бул жерде жеңген партиялардын өз ара бири-бири менен тил табышканына байланыштуу болот. Эгер ошого жетишсе калган маселелерди акырындап сүйлөшүп басып, жолун тапса болот. Анте албаса кырдаалдын курчушуна булар да өбөлгө түзүп берет.

Ошентип “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери да, “Мекен шейиттери”, "Айкөл Ала-Тоо" кыймылынын өкүлдөрү да талаптары аткарылмайынча митингдер уланарын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG