Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Мекеде алатоолук төрт зыяратчы көз жумду


Ажыга барган кыргызстандык зыяратчылардын төртөө Меке шаарында көз жумгандыгы тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2-декабрь күнү гана маалымат таратты.

Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов Мекеде көз жумган кыргызстандык зыяратчыларды бирден атады:

- Саматов Абдынаби 86 жашта, Кадамжай районунун Пүлгөн кыштагынан, Төрөев Мырзакмат 75 жашта, Ноокат районунун Кулатов кыштагынан, Маматкулов Махаммад 72 жашта, Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнөн, Салайдинов Сатыбалды 68 жашта, Ош шаарынан. Булардын ар бири каза болор замат Мекедеги биздин штабдан алардын үй-бүлөлөрүнө кабарлашкан жана үй-бүлөлөрү ошол жакта көмүүгө да макулдук беришкен. Төртөө тең Мекеде “коюлду”.

Мекеде көз жумган кыргызстандык 4 зыяратчы боюнча Кыргызстандын Мекедеги ажылык штабынын башчысы Мамбетасан-ажы Ибраев айрым маалыматтарды кошумчалады. Анын айтуусу боюнча, Саматов Абдынаби өзүнүн күнөөсү менен автомашинага урунуп алып каза болгон, калгандары оорудан “кеткен”. Тууган-уруктары топурак салганга Кыргызстандан келе алышпаптыр. Бир-экөөнүн жанында жакындары бар экен.

Белгилей кетчү жагдай, Мекеде Саматов Абдынаби 26-ноябрь күнү, Төрөев Мырзакмат менен Маматкулов Махаммат 28-ноябрь күнү, Салайдинов Сатыбалды 30-ноябрь күнү кайтыш болгон.

Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарына 2-декабрь күнү зорго муфтияттан кабар тарап баштады. “Азаттык” радиосу Меке менен, асыресе Мекедеги штабдын башчысы Мамбетасан Ибраев менен күн сайын же күн алыс телефон-маек жасап жатканын угармандар жакшы билишет.

Бирок буга чейин Мекедеги штаб башчысы Мамбетасан-ажы Ибраев бул жаңылыктар жөнүндө эч кандай шек-шыбаа билдирбей келген. “Эмне үчүн маалыматты жашырып келдиңиз сиз менен байланышканда?” – деген суроого Мамбетасан-ажы Мекеде туруп:

- “Өткөндөр” барбы деп суралган жок да... – ,-деп жооп кайтарды.

Антип айтканга өзү кимдин оозу барат? “Мекеде эмне жаңылыктар бар? Аманчылыкпы?” деген суроолор жетишсизби? Ал эми муфтий Мураталы-ажы Жуманов мындай орчун маалыматтарды эмнегедир муфтият гана таратарын, андай маселелерди муфтияттан гана сурап турууну кыйытты.

Ал эми Мекедеги орчун маалыматтар бир нече күн кармалып – “топтолуп” туруп анан таратылганын Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректири Каныбек Осмоналиев толук моюнга алат:

- Ооба, ошондой болуп калганын биз өзүбүз дагы сездик. Албетте, муну туура эмес деп эсептеймин! Биз тараптан катуу талап коюлганына карабай – ошондой болуп калды...

Окуя тууралу маалыматтын жалпыга маалымдоо каражаттарына өз убагында таратылбагандыгына “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Кыяс Молдокасымов да нааразы:

- “Кыргыз Туусуна” келе элек мындай жаңылыктар. Интернет сайттарынан деле көрбөдүм. Мекеде атайын штаб иштеп аткандан кийин орчун маалыматтарды басма-сөздөргө таратып туруш керек да. 26-ноябрдан бери мындай окуяны жарыялабай коюш – кыянаттыкка тете.

Өткөн жылкы ажылыкта кыргызстандык зыяратчылардын ичинен 10 адам Саударабстанда көз жумган.

XS
SM
MD
LG