Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Газ карыз былтыркыдай көбөйө элек


Быйыл май айында “Кыргызгаз” акционердик коомунун жеткчилиги алмашылды. Компаниянын өзбекстандык өнөктөшү алдындагы карызы 1,7 миллион долларга жетти. Анткен менен тармакта жоготуулар кескин кыскарган жок.

Анын үстүнө Өзбекстан эмдиги жылга “көгүлтүр отун” баасын канчага көтөрөрү да белгисиз.

Карыздардын төө бастысы

Керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 500 миллион сомго чукулдап калганда быйыл 11-майда “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси кызматтан алынып, аялдабай артынан ага каршы кылмыш иши козголгон. “Кыргызгаз” акционердик коомунун директору С. Айтикеевдин кызматтан алынышына апрель айында газ акысын чогултуу иштери начар жүргүзүлгөнү, анан да Өзбекстандан келчү кымбатбаа газдын нормативде көрсөтүлгөн өлчөмдөн 4,3% арбын жоготулганы себеп болгон. Айтса-айтпаса Өзбекстандан миң кубометрин 210 доллардан сатып келген “көгүлтүр отундун” 23,5 миллион кубометри төрт ай ичинде ушунча жоголуп отурса ойлонбой турган жорукпу?

Билем, бирок айтпайм

Ошентип тармак жетекчилиги жаңыланып, ушу тапта жоготууларды азайтып, отун акы чогултууну арбытуу милдети коюлууда. А бирок керектөөчүлөрдүн компания алдындагы карызы канча экени, ал эми “Кыргызгаздын” өзбекстандык өнөктөшү алдындагы бересеси көбөйгөнүн же азайганын тактап алуу кыйла түйшүктүү жумушка айланып калыптыр.

- Биз ошон үчүн сөгүш алганбыз. Бүт бөлүм менен. Анын үстүнө биздин ордубузга бирөөлөр айта коюп,- деп билдирди өз атын атагысы келбеген тармак адиси.

Андай этият сөздү “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчи орунбасары Евгений Орленкодон да уктук.

- Мен сизге айтып коеюн. Иштегениме 3 - 4 күн эле болду. Командировкадан жаңы эле келип жагдайдын кандай экенин биле элекмин.

Ушундай эле жоопту компаниянын каржы бөлүм жетекчиси Анатолий Владин да узатты.

- Мен андай маалыматты айта албайм. Башкы директордун жардамчысына кайрылыңыз, ал жетекчиге чыгып көрүңүз.

Антип чоң сыр катары жарыя кылынбай жаткан маалыматты атын атагысы келбеген министрлик кызматкери билдирди. Анын айтуусунда, “Кыргызгаз” акционердик коомунун өзбекстандык өнөктөшү алдындагы аласасы быйылкы 8 айда 2,1 миллион долларга чыгып, керектөөчүлөрдүн компания алдындагы карызы 166 миллион сомго жеткен. Сентябрга чейин Өзбекстандан макулдашылган “көгүлтүр отундун” 150 миллион ашуун кубометри келген.

Сандарды тактап алалы

А бирок “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчи орунбасары Куралбек Наскеев быйыл газ акысын чогултуу, Өзбекстан алдындагы карызды жабууда эч кандай кыйынчылыктар болбойт деп эсептейт. Анын ырасташынча, быйыл компаниянын Өзбекстанга карызы 1 миллион 758 миң доллар эле. Ал эми элдин компания алдындагы карызы 313 миллион сом. Быйылкы жоготуулар 37 миллион кубометрден ашуун. Бул былтыркы 25% жоготуудан төрт пайызга аз көрсөткүчтү түзөт.

- Эми акы төлөө жагы, былтыр 19 миллионго жакын доллар карыз болсо быйыл 1 миллион 700 миллион доллар. Кудай буюрса аны төлөгөнгө, бу акча төлөш жагынан маселе болбойт го деп турабыз. Эл азырынча газ менен камсыз,- дейт К.Наскеев.

Жөжө жаңы жылда саналат

Негизи “Кыргызгаз” акционердик коомунун “Узтрансгаз” алдындагы карызын жабуу 90-жылдардан бери кыргыз өкмөтүнүн баш оорусуна айланып келаткан маселе. Көбөйүп кеткен карыз жыл аягында бюджеттик ссуда эсебинен жабылып келатканы деле көпчүлүккө дайын. Бул ирет компания карызын өзү жаба алабы-жокпу – аны жыл жыйынтыгы көрсөтөт.

Ал эми тармактагы коммерциялык жоготуулар, жөнөкөй тилде айтканда, уурдоолор 2008-жылы 43,6 миллион кубометрге жеткен. Андан бери деле жоготуулар кескин кыскарбай, компания жылды олчойгон чыгаша менен жыйынтыктап келаткан. Кыргызстанда газды арбын керектеген ири өнөр жай ишканалары токтоп, калгандары отундун башка түрүнө өткөнү “көгүлтүр отун” керектөөчүлөр көпчүлүк эл болуп калган. Бирок алардан газ акы чогултуу кыйынга туруп, ортодо уурдоолор тыйылбай, тармактагы абал жылдан-жылга начарлап бараткан. Ошондон айрым адистер коррупциялык схемага түшүп калган тармактын абалынын кыска убакта оңолуп кетиши деле кыйын деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG