Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Саясий жарыш кызып баратат


Бай партиялар добуштарды сатып алууга аракет кылууда деп сындалып жатканда, бир катар партиялар аларды каралоо акциясы жүрүп жатканы жөнүндө арызданышууда.

БШКда арыздар бар, бирок одоно мыйзам бузуулар жок

Борбордук Шайлоо Комиссиясына үгүт өнөктүгү боюнча түрдүү арыздар келип түшкөн менен азырынча алардын так саны эсептелип чыга элек. БШКнын өкүлү Эрик Рыскулбековдун айтымында, шайлоонун өтүшүнө терс таасирин тийгизген же одоно мыйзамды бузган учурлар жок. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” узак мөөнөттөгү байкоочусу Медер Талканчиев да ушундай эле оюн “Азаттыкка” билдирди:

- Партиялардан ар жерлерде ар кандай методду колдонуп, айрым жерлерде шайлоочуларга акча каражат сунуштап добуштарды сатып алуу аракеттери да болууда. Бирок бул мурдагыдай басым же буйрук менен эмес, кайсы бир партиянын жер жерлердеги жактоочулары өздөрү билгенин жасап жатат. Негизинен шайлоонун жыйынтыгына же даярдыгына орчундуу, терс таасирин тийгизген мисалдар каттала элек. Мурда белгиленгендей ички мигранттар, Бишкектин четиндеги жаңы конуштун туруктуу каттоодо турбаган жашоочулары кошумча тизменин киргизилишин талап кылышкан эле. Бирок бул маселе чечилген жок. Ар бир жаран катталган жеринен гана добуш бере алат.

Буга чейин добуш берүү маалында көзгө көрүнгөн сыя колдонуу маселеси да көтөрүлгөн. БШК өкүлү Абдымомун Мамараимовдун айтымында, мунун башка жолу каралды:

- Сыянын ордуна суу куюп алдап атышат деген сөздөр болгон. Бул үчүн биз ачканга да, ичиндеги суюктукту алмаштырганга да болбой турган пломба чаптап коюу ыкмасын колдонобуз. Ал эми административдик ресурс дегенде көбүрөөк бийликке жан тарткан, жакын партиялар жөнүндө айтылат. Бизде бийликке оппозицияда туран деле партиялар деле административдик ресурсту пайдаланып атат деген маалыматтар бар. Алардын деле бийлик органдарында өкүлдөрү бар. Аны да эске алыш керек. Негизинен биз ушундай учурлар болбосун деп аракет кылып жатабыз.

"Айыл турмушу" гезитинин айланасындагы жаңжал

Бүгүн “Республика” партиясы билдирүү таратып, анда «Айыл турмушу» жана «Учкун» басмаканасынын жетекчилиги тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери одоно бузулуп жаткандыгын айыптап чыкты. Билдирүүдө "Айыл турмушу» гезитинде шайлоого катышып жаткан бир катар партиялардын лидерлерин каралаган макалалар басылган деп айтылат. Аталган партия жетекчиси бул иштин артында шайлоолордун таза жана адилеттүү өтүшүнө кызыкдар болбогон саясий күчтөр турганын белгилеп, БШКга жана тиешелүү укук коргоо органдарына арыз жолдоду.

“Айыл турмушунун” редактору Кеңеш Бакировдун “Азаттыкка” айтымында, бул кимдир бирөөнүн заказы эмес жана гезитке мурда башка маалымат каражаттарында басылган сын көз караштагы материалдардын топтому басылган. Аларда Акаев, Бакиев тушунда иштер турган “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-Намыс”, “Ата-Журт” сыяктуу партия лидерлери тууралуу макалалар жарыяланган.

БШК өкүлү Абдымомун Мамараимов аталган гезит чынында эле өзүнүн тиражын 10 миң деп көрсөтүп, бирок андан алда канча көп нускада чыгып жатканы аныкталганын билдирди:

- Чындыгында “Учкунда” ушундай гезит табылган. Алар өздөрү 10 миң нуска деп жазылган менен, бирок 200 миңден ашуун нускада чыккан. Анда бир эле “Республика” эмес, бир нече партиялар жөнүндө сын материалдар жазылган экен. Бирок алар үгүт материалдар дегенге болбойт. Эмнегедир “Республика” партиясына басым жасалып, айрыкча бул 5-каналда байкалды. Бул жерде мүчүлүштүктөр болуп атат. Ошол эле учурда “Айыл турмушу” да мыйзам бузган. Эми муну кандай болгон, эмне болгонун укук коргоо органдары иликтеп атат. Керек болсо биз дагы чара көрөбүз.

Ушул тапта республика боюнча 2289, өлкөдөн сырт жактагы шайлоочуларга 44 шайлоо участкалары ачылып, 2 млн. 800 миңден ашуун бюллетен басылып чыккан. БШКнын маалыматы боюнча, бюллеттендердин дээрлик бардыгы жер-жерлерге жеткирилип берилди. Ошондой эле шайлоо комиссияларынын ар бирине факстарды жеткирүү, орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул жардамды Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы берген.

Парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленген. Бул шайлоодо 29 партия ат салышууда. Шайлоонун жүрүшүнө 600гө чукул эл аралык, ар кайсы бей өкмөт уюмдардан, партиялардын өкүлдөрүнөн болуп беш миңдей жергиликтүү байкоочулардын көз салары айтылууда.

XS
SM
MD
LG