Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

М. Ниязов: Кыргызстан тышкы коркунучка да, ички коркунучка да даяр эмес


Өзбекстанда болуп аткан окуялар кокустук эмес. Өзбекстандын өзүндөгү бийликке каршы күчтөр чыгып атышы мүмкүн. Ал эми алар Кыргызстандан келген деген ойлорду да четке какпаш керек. Андай болуп калышы да мүмкүн. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, саясий жана коомдук ишмер Мирослав Ниязов “Азаттыкка” берген маегинде ушундай ой-талдоосун бөлүштү.

- Мирослав мырза, 26-майдын түнүндө Ажиян облусунун Ханабад шаарында бир нече сакалчан адам ички иштер бөлүмүнүн, коопсуздук кызматынын имаратына жардыруу жасады, кол салды деген маалымат тарады. Буга байланыштуу азыр кыргыз-өзбек чек аралары күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынды. Бул окуяга сиз кандай баа бересиз?

- Өзбекстанда болуп аткан окуялар кокустук эмес. Өзбекстандын өзүндөгү бийликке каршы күчтөр чыгып атышы мүмкүн. Ал эми алар Кыргызстандан келген деген ойлорду да четке какпаш керек. Андай болуп калышы да мүмкүн. Чек араны жабууга ошо да себеп болуп атса керек. Биз болсо ушул сабакты көргөндөн кийин өзүбүздүн коопсуздугубузду изилдеп көрсөк болмок эле.

Кыргызстанда коопсуздук системабыз жок болуп атат. Тышкы коркунучкабы, ички коркунучкабы, биздин даярдыгыбыз жок.
Мына он сегиз жылдан бери биз көз карандысыз мамлекет болуп, кудай бизге эгемендикти берип, бизди сыноого койду. Ошол сыноодон биз бүгүнкү күнгө чейин өтө албай атабыз. Кыргызстанда коопсуздук системабыз жок болуп атат. Тышкы коркунучкабы, ички коркунучкабы, биздин даярдыгыбыз жок.

Албетте, бизде Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Коопсуздук Комитети дегендер бар. Бирок ачыгын айтканда бүгүн мамлекеттик деңгээлде система жок болуп атат. Ошондуктан Өзбекстанда болуп аткан окуяга кайдигер карабашыбыз керек. Бул нерсе Кыргызстанда да болуп кетиши ыктымал.

- Сиз өзүңүз да белгилеп кеттиңиз, Ханабаддагы жардырууну Кыргызстан аркылуу келген адамдар жардырышы мүмкүн деген маалымат тарады. Бул, албетте, эки өлкө ортосунда чыңалуу жараткан алгачкы окуя эмес. Буга чейин Чек айылында да бир окуя болуп кетпедиби. Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы мамиле кандай өзгөрүүгө тушугушу мүмкүн?

Бийликтин кадыр-баркы жок. Бакиев баш болгон бийликтин баркы жок.
- Мына байкасаңар жалаң эле Чек эмес, казак туугандар биздин Улуттук электр өткөргүчтү эл аралык мыйзамдарды эч кандай карабай бул биздики деп чыгышты. Кыргыз эли менен эсептешпеген мындай көрүнүштүн себеби бирөө эле: бийликтин кадыр-баркы жок, Бакиев баш болгон бийликтин баркы жок. Ошондуктан кыргыз элине өзбек туугандар дагы, казак туугандар дагы ушундай үстөмдүк мамилени кылып атат. Бийликтин баркы болгондо мындай жолго булар эч качан бармак эмес.

- Өзбекстан атайын кызматтары аркылуу кыргыз тарап суу маселесине, энергетика саясатына байланышкан акыркы демилгелерине, Орусия менен биргелешкен долбоорлоруна тоскоолдуктарды жасаш үчүн атайылап Ханабад окуясын чыгарды деген кеп тарады. Сиз мурдагы чекист катары мындай маалыматка ишенсизби?

- Менде мындай маалымат жок, мындай өтө оор маалыматка ишене албайм. Анткени Казакстан деле, Өзбекстан деле кыйынчылыктарды тартып атышат. Биз деле ошондой кыйынчылыкта болуп атабыз. Ошон үчүн атайын жасалма жол менен атайын чыр чыгарабыз дегенге мен ишенбестигимди белгилеп коюшум керек.

- Кандай дейсиз, Кыргызстанда Ооганстанды турукташтыруу боюнча иштеп аткан АКШнын аба-аскерий базасын калтыруу жөнүндө кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болушу мүмкүнбү?

- Кыргызстандын, кыргыздын улуттук кызыкчылыгы үчүн бизге ошол коалициялык күчтөрдүн авиабазасы керек. Америкалык авиабазанын турганы бизге пайдалуу эле. Өзүбүздүн коопсуздукка жардам берген бир мекеме болуп атат.

- Кыргызстан өзүнүн чек ара коопсуздугун сактап, ошол эле мезгилде кошуна мамлекеттер менен ымалалаш жашашы үчүн эмне кылышы керек?

- Коопсуздук система деген оңой иш эмес. Буга өтө чоң бир жагынан каражат керек, экинчи жагынан эң негизгиси туура көз караш керек, кайсы жол менен Кыргызстандын коопсуздугун сактай алабыз деген. Албетте, коопсуздук деген тышкы саясатыбызда ошол кошуна мамлекеттер менен ынтымакта жашашыбыз керек. Коңшу мамлекетте тынч эмес, баш аламандык болсо биз тынч жашай албайбыз.

- Рахмат, маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG