Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Кар калың, жол тайгалак, жолоочулар кантти экен?


Ысык-Көлдө Түп-Кеген жолунда кыргыз-казак чек арасына жакын жерде карга тыгылган унаалардан он үч адам куткарылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдысамат Паязов "Азаттыкка" баяндап берди.

-Кардын эрте жаашы менен биринчи кырсык катталды окшойт. Кечээ Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен жеринде Түп-Кеген жолунда унаалар карда калып, он үч адам куткарылганы кабарланган. Абдысамат мырза, азыр алардын абалы кандай?

- Азыркы учурда алардын акыбалы жакшы. Кечээ күнү эртең менен саат тогуздар чамасында биздин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каракол шаарындагы куткаруучулар тобуна ошондой маалымат түшкөн, Түп-Кеген жолунун 60-70 чакырым аралыгында кардын жааганына байланыштуу автоунаалардын жүрүшү кыйындап, ошол жерде кыйынчылык жаралган деп жардам катары суралган.

Биздин куткаруучулар ал жерге барып, түштөн кийинки саат 4-5ге чейин автоунаалардын баардыгын кардан чыгарышты, 13 адам, 5 автоунаа бар экен. Алардын баардыгын алып келип, Каракол шаарындагы мейманканага жаткырышкан. Алардын акыбалы жакшы. Эми бул жерде айтып кетишибиз керек, быйылкы жылы кардын эрте түшүшү көптөгөн проблемаларды жаратып жатат. Алардын негизгилеринин бири автоунаачыларга жол жүргөндө кыйынчылыктарды туудуруп жатат.

- Сиздердин кышка карата жалпы камылгаңыздар кандай?

- Камылгабыз аябай жакшы. Бул жерде бир нерсени туура түшүнүш керек. Жолду тазалоо күндөлүк иште Транспорт министрлигинин негизги милдети. Анын жер-жердеги бөлүктөрүндө иштеген жолчулар - жол ишканалары бул жумушту түздөн түз аткарыш керек. Ал эми биздики негизинен эгерде Ош-Бишкек, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркештам, Ош-Исфана сыяктуу стратегиялык мааниси бар чоң жолдордо өзгөчө кырдаалдар түзүлүп кала турган болсо, ошол жолдорду тазалоо, же өзгөчө кырдаалды жоюу маселелерди биздин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизги милдети.

Бул боюнча азыркы учурда атайын даярдыктар көрүлүп, маселен өткөн жылы билесиздер, Ош-Бишкек жолунун Токтогул районунда ачылган участкасында өтө чоң кар көчкү түшкөн. Эми эгерде быйыл дагы кар катуу жаай турган болсо, ошондой эле көрүнүштөр байкалышы мүмкүн. Ошондуктан азыркы учурда ведомстволор аралык комиссияга Транспорт министрлиги жана Ички иштер министрлиги кандай иштер аткарышы керек, ошол маселелер каралып жатат.

Себеби Транспорт министрлиги жолдордун тазалыгына жооп берсе, Ички иштер министрлигинин МАИ кызматкерлери жол коопсуздугу боюнча жооп беришет. Ошондуктан ушул эки министрликтин жол боюнча тиешеси бар уюмдарынын иштери боюнча Ведомстволор аралык комиссияга материалдар даярдалып, ошол даярдыктар боюнча иштер алып барылууда.

-Министрликтин алдында кинологиялык кызмат ачылбады беле. Анан үйрөтүлгөн иттер куткаруу иштерине качан колдонула баштайт?


- Кинология боюнча үйрөтүлгөн иттерди ишке салуунун өзүнүн стадиясы бар. Азыр булар ишке киришүү стадиясына жетейин деп калды. Азыр аларды үйрөтүү иштери жүргүзүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG