Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:02

Нарындыктар бийликке бир жума убакыт берди


Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты.
Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты.

Нарын шаарында 10-мартта кымбатчылыкка нааразы болгондор митингге чыгып, электр кубатына тарифтерди мурдагы калыбында калтыруу, тоо шартындагылар үчүн каралган социалдык жеңилдиктерди сактоо, пенсиянын көлөмүн жогорулатуу, тоо кендерин сатууну токтотуу жөнүндө талаптарды көтөрүштү.

Ошондой эле президенттин уулу Максим Бакиевдин бир жуманын ичинде өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган үндөр жаңырды. Бул талаптар аткарылбаса анда эл мөөнөтсүз ири акцияларга чыга турганы эскертилди.

Митингдин катышуучулары Исмаил Исаковдун, Балыкчы, Петровка боюнча соттолгондордун бошотулушун талап кылышты. Эгерде бул талаптар 16-мартка чейин аткарылбаса, анда мөөнөтсүз ири митингдер башталаарын айтышты.

Нарындагы митингге Бишкектен СДПК фракциясынын башчысы Роза Отунбаева, белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев, "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев барып катышты.

Митинг болуп жаткан жерде жергиликтүү бийлик башчылары жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы жүрүштү.

Митингди уюштуруучулар төрт миңге жакын адам чогулганын айтышууда. Байкоочулар өз кезегинде митингдеги элдин саны үч жарым миңге чукул деп айтып жатышат.

Нарында миңден ашуун адам катышкан биринчи митинг 24-февралда болуп, анда тарифтерди көтөрүүгө мораторий киргизүү, тоо шартындагы отун-сууга болгон жеңилдиктерди сактоо жөнүндө талаптар айтылган.

- Бул жерде биздин максатыбыз электр энергиясынын тарифин мурдагы калыбына - 70 тыйынга түшүрүү, 110 киловатт жеңилдигибизди кайра берүү, анан тоолуу аймактарда каралган 50 пайыздык жеңилдикти алып салбоо,-деп билдирген «Ата мекен» партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Адыл Эсенбеков "Азаттыкка".

Биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров 2-мартта Нарынга барып, нааразы болгондор менен жолуккандан кийин 5-мартка белгиленген митинг токтотулган болчу.

Биринчи вице-премьер өкмөттүк жыйында Нарындагы элдин социалдык-экономикалык турмушундагы кыйынчылыктар үчүн жетиштүү чараларды көргөн эмес деп бардык жоопкерчиликти облустук бийликке жүктөгөн.

Бирок ошондон кийин нарындыктар А.Жапаров Бишкекке алардын талаптары тууралуу туура эмес маалымат айтып барды деп нааразы болуп чыгышкан.

Адыл Эсенбеков мурдагы митингде губернатордун, шаар бийлигинин кызматтан чететтүү боюнча дагы талап коюлбаганын, бул жөнүндө биринчи вице-премьер туура эмес маалымат жеткиргенин билдирди:

- Биз эч кандай андай талап койгон эмеспиз. Аны туура эмес маалымат жеткирип, ошондой сөздү бурмалашкан. Биздин талабыбыз биринчи айткан талаптар болчу. Өткөндө А.Жапаров келип кайра баргандан кийин биз Нарын эли жеңилдик төлөм 200 сомду ала албай ыйлап, анан акыр-чикирди чыгара албай ыйлап, губернатор менен мэрди кетир деген талаптарды айткан сыяктуу болуп калыптырбыз. Биз эч качан андай айткан эмеспиз. Ал туура эмес жетилген экен.

Президент К. Бакиев 9-марттагы Жарлыгы менен Тынчтыкбек Чекиевди Нарын облустунун губернатору кызматынан бошотуп, анын ордуна Алмаз Акматалиевди дайындаган.

Жаңы губернатор чогулгандардын алдында чыгып сүйлөп, ал өзү деле жер сатууга каршы экенин, мындай көрүнүштөр тыйылаарын айтып убада берди.

Алмаз Акматалиев буга чейин Нарын районунун акими, Нарын областынын губернаторунун биринчи орун басары, Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келди. Жаңы губернатор облустагы нааразылык толкунун басуу аракеттерин көрүп баштады.

Нарын шаарынын тургуну Марат Ешкуловдун тасмасы. 10-март, 2010-жыл.

Биринчи бөлүк



Экинчи бөлүк



Үчүнчү бөлүк

XS
SM
MD
LG