Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:32

"220" кыймылы кол топтоо акциясын баштады


Нарын шаарында кымбатчылык элди көчөгө чыгарды
Нарын шаарында кымбатчылык элди көчөгө чыгарды

Кыргызстанда өкмөттүн тарифтерди жогорулатуу жана энергетикалык ишканаларды жеке менчикке сатуу саясатына каршы “220” деп аталган кыймыл түзүлдү.

Аталган кыймыл “чү” дегенде эле өлкөнүн бүт аймагында кымбатчылыкка каршы кол топтоо иш-чарасын баштады. Алар койгон талаптарын бийлик аткарбаса, анда ар кандай каршылык аракеттерине өтүшөөрүн эскертишти. Кабарчыбыз кыймылдын жетекчиси Гүлнара Журабаеваны кепке тартты.

-Гүлнара айым, бул жаңы кыймылды эмне максатта түздүңүздөр, анан кыймылдын аты “220” деп аталышы эмнени туюндурат?


-Мен жетектеген “Лидерлер мектеби” долбоорунун бүтүрүүчүлөрү азыркы учурда жалпы элди түйшөлткөн маселе менен күрөшүүнү сунушташты. Биз ал үчүн иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында ушул тапта Кыргызстандыктарды энергетика маселеси катуу түйшөлтүп жатканын байкадык, өзгөчө тарифтердин кымбатташы.

Ойлоп көрүңүздөр, өкмөт эмне үчүн калктын калың катмары менен кеңешпей туруп, бааларды өзү каалагандай көтөрөт? Биз ушул маселелер менен күрөшүп, жалпы коомчулука түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер менен кеңешип “220” кыймылын түптөдүк. Кыймылдын атын талкуулап, кеңешип, электр кубаттуулугунун стандарты болгон 220 вольттун негизинде ушундайча атадык.

-Азыр сиздер кол топтоо иштерин баштадыңыздарбы?

-Ооба, кол топтоо башталды. Себеби, азыркы өкмөт “Түндүк Электро” ишканасын 3 млн АКШ долларына сатып жиберди деген маалыматты уктук. Мурдагы өкмөт башчы И. Чудинов болсо бул ишкананы 137 миллион долларга баалаган экен. Жылдык кирешеси 6 млн доллар болгон ишкананы 3 млн долларга эмне үчүн сатып жиберди деген суроо туулат.

Биздин улуу муун мындан да оор мезгилде курган, бүт кыргыз элине тиешелүү ишканалар, азыр эмне үчүн белгисиз бирөөлөрдүн колуна берилиши керек? А “Чакан ГЭС” деп жатышат, ал өзү кандай ишкана? Бириккен Улуттар Уюму өкмөт энергосекторду менчиктештирбеш керек деп абдан туура белгилеген, себеби дегенде бул аракет өлкөнү кедейлике гана алып барат.

-Карапайым калк арасында сиздердин демилгеңиздерди кандай кабылдап жатышат?

-Бизге абдан көп маалыматтар келип жатат, маселен Нарындагы эле нааразылык акциясын алалы. Ошон үчүн биз жалпы коомчулукту ушундай оор кырдаалда биригүүгө чакырабыз. Биз бириккенде гана бир нерсени өзгөртө алабыз, ошондо бийлик эл менен эсептешип калат. Болбосо эртең биз энергосекторду көзөмөлдөн чыгарышыбыз мүмкүн, анан мамлекетти көзөмөлдөн чыгарабыз. Анда биздин өлкөнү чет өлкөлүк оюнчулар гана башкарып, багытызды ошолор аныктап калышы мүмкүн. Бул өтө жаман тенденция.

-Эми сиздер кол топтоп, аны президентке, өкмөткө, парламентке жеткирип гана тим болосуздарбы же кандайдыр бир нааразылык акцияларды уюштуруу планыңарда барбы?

-Биз 14-мартта чоң митинг концертин өткөрүүнү болжоп жатабыз. Бирок буга шаар бийлиги уруксат бербешин билебиз. Ошон үчүн биз 14-март күнү эрте менен сары тасмаларды байлап авто жүрүш уюштурабыз. Ал эми саат 14:00дө болсо форум өткөрүп, концерт уюштурабыз.

-Өзүңүз билесиз, кыргыз өкмөтү, президент баш болуп тарифтерди көтөрүүнү аргасыз кадам деп түшүндүрүп жатышпайбы. Сиз кандай ойлойсуз, жарандык коомдун түрдүүчө нааразылык иш-чаралары, тынымсыз кайрылуулардан натыйжа чыгабы? Президент сиздерди угат деп ишенесизби?

-Азыркы президент жарандык коомду укпай турганын көрсөтпөдүбү. Мен сизге чынын айтып коеюун бизди угаарына көп деле ишенбейм. Бирок мунун баары элдин колунда. Эгерде эл биз уюштурган иш-чараларга жигердүү катышып, укуктарын коргой алышса, демонстрацияга чыгышса албетте укмак, ал кайда бармак эле? Эл өз проблемасын айтууга укугу бар, жарандар өз позициясын ашканада отуруп алып айтпай, башка жарандар менен тилектештик билдирип, биригиши керек. Биз эмнени каалайбыз? Биз энергосекторду мамлекеттин менчигинде калышын, тарифтердин ылдыйлашын каалайбыз. Булар элдин менчиги болушу керек.

-Гүлнара айым, “220” кыймылы алдыдага курултайларга кандай көз караштасыңар? Оппозициянын курултайына катышасыңарбы же бийликтин Ынтымак курултайына катышып ошол жерде элдин үнүн президентке жеткирүү ниетиңер барбы?

-Биз бийлик курултайына Президенттик катчылык аркылуу чакырылдык. Алар президенттин курултайына бей өкмөт уюмдарды да катыштырышты каалап жатышат. Бирок ал курултайда конкреттүү эмне маселе каралат? Ар түрдүү маселе дешет. Анда бирөөлөр айтат, айылдагы мектепке ремонт зарыл деп, дагы бирөөсү айылдын көпүрөсү бузулуп калды дейт.

Мисалы мен ал маселелерди чече албайм, демек мен ал курултайга катышып эмне кылам? Ал эми оппозициянын курултайында конкретүү төрт маселе каралат деп чечим чыкты. Аны элдин баары билет болуш керек. Дал ошол төрт маселе тең мени кызыктырат, түйшөлтөт.

Оппозиция “Элдик курултай” деп атаганы үчүн баарына микрофон жетиштүү болот деп ойлойм. Элдин үнү угулат деп үмүт кылам. Биздин “220” кыймылыбыз ошол курултайда элдин кызыкчылыгын көтөрүп чыгабыз. Себеби биздин негизги максатыбыз энергосекторду мамлекеттин менчигине калтыруу жана тарифтерди арзандатуу.

-Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG