Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Курман Айт майрамыңыздар менен!


“Азаттыктын” таңкы уктуруусунда Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов кыргыз калкын Курман Айт майрамы менен куттуктады.

-Жалпы мусулмандар бүгүн Курман айтты майрамдап атышат. Ушул Курман айт жөнүндө кыскача түшүндүрмө берип кетсеңиз. Кандай майрамдалат?

- Урматтуу мусулмандар, биринчиден, баарыңыздарды ыйык касиеттүү болгон Курман Айт майрамы менен чын ыкласыман куттуктайм. Бул майрам башка майрамдан өзгөчөлүгү, мусулмандардын эң чоң майрамы.

Ошондой эле бул майрамда Аллах таалага жакындоо үчүн өзүнүн ишенимдүү пенде экенин көрсөтүү үчүн жанынан жакшы көргөн нерсесин Кудайдын жолуна курмандык кылуу буйрулган.

Ал бир жандыкты союу, мисалы кой, эчки, уй, төө жаныбарларга шариат уруксат берген. Ошолорду чын ыраазылыгы менен берилип, ыклас менен кудайдын жолуна берип жиберүү дегенди түшүндүрөт.

Учурунда Ибрагим Алейсалам кудайга жакындоо үчүн өзүнүн уулун, баласын бергенге да даяр болгон. Ошондуктан бизге Алла таала бир жандыкты союуну буйруду. Биринчи өзгөчөлүгү бул майрамдыкы ушунусу менен.

Экинчиси, дүйнөдөгү бүт мусулмандар ыклас кылып насип кылып баргандар ажылык милдеттерин аткарып атышат. Ажылык дагы Курман айт учуруна туура келгендиги менен өзгөчөлөнүп турат.

- Ажылык сапар демекчи, Кыргызстандан ажылыкка Мекеге зыяратка баргандардын абалы менен тааныша алдыңыздарбы?


- Таанышып турабыз, күнүнө кабарлашып турабыз. Кудайга шүгүр Арафат тоосунда болушту, ажылык милдеттеринин парзын аткарып атышат. Кудайга шүгүр бүгүнкү күнгө карата зыяраттарын аман-эсен жасап атышат.

- Кыргызстандык бир адам кайтыш болду деген маалымат бар?

- Ошондой деген маалымат бар. Ал боюнча ал жактагы биздин штабдын жетекчилери, ажы башчылары толук тиешелүү жумуштарын жүргүзүп атат.

- Бүгүн эски аянтта дагы жалпы мусулмандар үчүн Курман айт намазы болобу?

- Кудай буюрса, бул биздин Кыргызстандагы мусулмандардын эң өзгөчөлүгү ушунда турат. Башка жерден аянтта намаз окууну кездештирүү кыйын. Бул дагы болсо биздеги дин эркиндигинин шарапаты деп айтсак туура болот. Кудай буюрса, саат тогуздан баштап айт намазын окуганга аракеттер болуп атат, жүз миңдеген адамдардын катышуусунда.

- Ал эми жаны мечиттин курулушу боюнча эмне айтмаксыз?

- Жаңы мечиттин курулушу боюнча, Кудайга шүгүр, бүгүн эң алгачкы жерди казуу иштери башталган, жумуш жүрүп атат. 24-ноябрда президент менен жолугушканыбызда да ал киши да ушул маселеге токтолуп, мындан кийин да материалдык жардам берүү жагын баса белгиледи. Кудай буюрса, жаздын алды менен курулуш иштери толук камдуу башталат.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG