Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:32

Чыгаандарды эскерүү


Чыңгыз Айтматовдун эң соңку сүрөттөрүнүн бири
Чыңгыз Айтматовдун эң соңку сүрөттөрүнүн бири

Жакынкы күндөрдө Кыргыз кино үйүндө маркумдар Чыңгыз Айтматовду жана Үсөн Кудайбергеновду эскерүү кечелери өтөт. Эгер көзү тирүү болгондо 12-декабрда Чыңгыз Айтматов 81 жашка чыкмак, ал эми Үсөн Кудайбергенов болсо өтүп бараткан жылда 70 жашка толмок.

Казактын белгилүү кинорежиссеру Ардак Амиркулов тасмага алган Чыңгыз Айтматовдун “Кош бол, Гүлсары” фильми өткөн жылы эл аралык Ысык-Көл кинофестивалында баш байгеге ээ болгон болчу.

Совет мезгилинде "Мосфильмден" кинорежиссер Сергей Русевский Айтматовдун “Гүлсарат” чыгармасы боюнча “Жоргонун жүрүшү” фильмин жараткан эле. Ардак Амиркуловдун “Кош бол, Гүлсары” кинофильми азырынча Айтматовдун чыгармалары боюнча тасмага алынган соңку тасма.

11-декабрда Кыргыз кино үйүндө Чыңгыз Айтматовду эскерүүдө Ардак Амиркуловдун фильми көрсөтүлөт жана Чыңгыз Айтматовдун фотокөргөзмөсү уюштурулат.

Кыргыз кино департаментинин директору Абибилла Пазылов Айтматовдун чыгармасы боюнча тасмага алынган эки кинофильмге карата төмөндөгүдөй пикирин билдирди “Азаттыкка”:

- Кинорежиссер Русевский “Жоргонун жүрүшү” фильминде адам менен жылкынын байланышын поэтизациялап, романтикалуу маанайда көрсөтсө, ал эми Ардак Амиркулов совет мезгилиндеги малчылардын, койчулардын, жылкычылардын турмушун реалдуу чагылдырып, Айтматовдук деңгээлге жетүүгө жасаган аракети менен айырмаланат. Себеби Ардак Амиркулов ал учурга бүгүнкү күндүн чындыгынан карап, ошол кездеги мучүлүштөрдү, кемчиликтерди, жаза басууларды терең көрсөтүп бералган.

Кыргыз элинин дагы бир чыгаан уулу каскадер Үсөн Кудайбергенов СССРдин “Мосфильм”, “Кыргызфильм”, “Ленфильм”, “Одессафильм” жана башка көптөгөн киностудияларында 300 дөн ашуун кинофильмге тартылып, татаал образдарды жараткан.

Кыргыз киноматографисттер союзунун төрагасы Таалай Бапанов Үсөн Кудайбергенов менен Төлөмүш Океевдин “Чыңгыз ханды” тартуу максаттары болгонун эскерди:

- “Чыңгыз хан” тууралу абдан чоң фильм тартылмак, Төлөмүш Океевдин идеясы боюнча. Мына ошол фильмге карата Үсөн Кудайбергенов абдан чоң трюктарды аткарып, тартылган эле. Тилекке каршы тасма тартылбай калды. Бирок Үсөн Кудайбергенов ойногон трюктар сакталуу.

Эскерүүдө Үсөн Кудайбергенов жөнүндө тартылган даректүү тасма көрсөтүлөт. Ошондой эле учурда “Кыргызфильм” киностудиясында атактуу кыргыз каскадеру тартылган кинофильмдерден үзүндүлөр жыйналып алынып, монтаждалууда.

Таалай Бапанов каскадер Үсөн Кудайбергеновдун инсандык сапаттарын жогору баалады:

- Кыргыз элинин тарыхындагы менменсинген далай эр азамат жигиттин образын Үсөн Кудайбергенов аркылуу элестетип калдык. Өзү да баатыр мүнөз, тайманбас адам эле. Айтып калчу: бир маселенин айынан министрликке же дагы бир жогорку бийликке киргенче, мага токойго барып ак илбирсти кармап келүү оңой деп. Тайманбас, намыскөй, чындыкты бетке айткан, “кыргыз” деп жүргөн адам эле...

300 дөн ашуун кыргыз жана дүйнөлүк кинофильмдерде өтө татаал трюктарды аткарган Үсөн Кудайбергенов Кыргызстандын эч кандай мамлекеттик сыйлыктарына илинбептир. Бирок кыргыз каскадеру Үсөн Кудайбергенов ат менен 29 метр бийиктиктен секирүү менен дүйнөлүк рекорд коюп, дүйнөлүк рекорддордун Гиннес китебине кирген.
XS
SM
MD
LG