Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Кыргызстандын түштүгү Батыштын көңүл чордонунда


Кыргызстандын түштүгүндөгү абал азыр да Батыш басма сөз каражаттарынын көңүл чордонунда.

Eurasia View интернет баракчасы АКШнын Хелсинки комиссиясынын өткөн аптада Кыргызстандагы кырдаал боюнча өткөргөн талкуусу тууралуу билдирген. Анда АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Кыргызстанга болгон иш сапары тууралуу айтып берип, “кыргыз бийлиги түштүктөгү капсалаңдан кийин өзбек тегиндеги жарандардын ишенимине жете албады” деп билдирген. “Түштүктө өзгөчө өзбектердин арасында кырдаал оор бойдон сакталып кала берүүдө” деген Роберт Блейк Ош шаарынын мэри өзбектерге бейтарап мамиле жасабай жатканы тууралуу даттанууларга күбө болгонун айткан.

Хелсинки комиссиясынын талкуусунда сөз сүйлөгөн эл аралык тынчтык боюнча “Карнеги” фондунун Орусия жана Евразия боюнча адиси Марта Брил Олкотт кинени тикелей кыргыз бийлигине коюп, өкмөт билип туруп өзбектерге каршы сезимдерди шыкактандырып жатканын айткан.

Аталган баракчада чыккан дагы бир макалада Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, түштүктөгү тополоңдо өмүрүнөн ажырагандардын саны 355ке, жаракат алгандардын саны 2326га жеткенин билдирген. “Бирок бейөкмөт уюмдар өлгөндөрдүн саны алда канча жогору экенин ырасташууда жана бери дегенде 60 киши дайынсыз жоголуп кеткен. Эң аз дегенде 400 миң киши журт которууга аргасыз болуп, Өзбекстандан кайтып келген 40 миң киши талкаланган турак-жайларынын алдындагы чатырларда күн өтөрүшүүдө” деп айтылат макалада.

Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык фонддун аткаруу комитетинин төрагасы Сажит Ибатуллин аймактагы бардык өлкөлөрдү Арал деңизинин бассейниндеги экологиялык кырсыктарды алдын алуу жаатында кызматташтыкты күчөтүүгө чакырган. Бул тууралуу ЕККУнун интернет баракчасында кабарланды. Ибатуллин ЕККУнун Венадагы туруктуу кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп, Аралдын суусунун бөксөрүшү Борбор Азиянын алдындагы эң башкы экологиялык кырсыктардын бири экенин, 1960-жылдардан бери деңиздеги суунун көлөмү он эсе азайганын эске салган. Ал ошондой эле ЕККУга мүчө өлкөлөрдү казак президенти Нурсултан Назарбаев сунуш кылган демилгени колдоп чыгууга жана техникалык-каржылык жардам көрсөтүүгө чакырган.

1-августта Өзбекстанда бардык телефон кызматтары токтотулган. Бул тууралуу Түркияда чыгуучу “Zaman” гезитинде кабарланды. Гезиттин кабарына ылайык, 1-августта өлкөдө жогорку окуу жайына кирүү сынактары өткөрүлгөн үчүн өлкөдө катталган бардык уюлдук телефон компаниялары кызматтарын токтотуп койгон. Себеби сынак учурунда бүтүрүүчүлөр уюлдук телефондон сынактын жоопторун көрө алышмак.
XS
SM
MD
LG