Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:03

Г.Жумабаева: Гендердик саясат боюнча коомдук көзөмөл калыптанган


Гендердик саясат, аялдардын коомдогу, саясаттагы орду тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун кызматкери Гүлбарчын Жумабаева “Азаттыкка” маек курду.

- Сиздер “Аялдарды лидерликке тартууда маселелер жана тоскоолдуктар” деген темада бир катар шаарларда аялдар менен жолугуп жатасыздар. Мына ошондо кайсы проблемаларды козгоп жатышат?

Гүлбарчын Жумабаева: “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун алкагында “Аялдардын лидерин тандайыбыз” аттуу долбоору иштеп келет. Бул долбоор буга чейин дүйнөнүн Нигерия, Палестина, Марокко аттуу өлкөлөрүндө иштеп келсе, акыркы бир топ жылдардан бери “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун алкагында иштөөдө.

- Негизинен айымдар кайсы проблемаларды көтөрүп жатышат?

Гүлбарчын Жумабаева: Жолугушууда аялдар көбүнчөсү акыркы жылдарда диний түшүнүктөрдүн аялдардын лидерлигинен бир канча алдыга өсүп, билим берүү жаатында диний түшүнүктөрдүн айрыкча түштүк жергесинде басымдуулук кылып, айрым бир айылдарда өспүрүмдөрдүн билим берүүсүнө да терс таасирин тийгизип жаткандыгы белгиленди.

- Кыргызстандагы гендердик саясат кандай жүргүзүлүп жатат?

Гүлбарчын Жумабаева: Гендердик саясат акыркы беш-алты жылда аксап келсе, учурда гендердик саясат боюнча Жогорку Кеңеште көпчүлүгү дебесек да, 50 пайызы аялзаты. Алар да аялзатына тиешелүү маселелерди, мисалы, энелердин өлүмүн, ушул өңдүү көйгөйлөрдү сөзсүз түрдө көтөрүп жатышат.

Биз ушул жолугушууларды уюштурганда, окууларды өткөргөндө негизи гендердик маселе боюнча Кыргызстанда коомдук көзөмөл калыптанып калганын байкадык.

"Азаттыктын" архивинен: Аялдар укугун коргоо боюнча жөө жүрүш

Иш-чарага отузга чукул укук коргоочу жана депутат айымдар катышты. Акциянын катышуучулары оболу Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулуп гүл коюшту. Андан соң Курманжан датканын эстелигинин алдына келишти. MiT

Аялдар укугун коргоо боюнча жөө жүрүш
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG