Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Медиа эксперттер: Ош коогалаңы бир тараптуу чагылдырылууда


Оштогу тополоңдон кийин, 17-июнь.
Оштогу тополоңдон кийин, 17-июнь.

Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар дүйнөдөгү маалымат каражаттарында байма-бай чагылдырылууда. Бирок айрым адистер көпчүлүк учурларда маалымат бир беткей болуп берилгенин айтып жатышат.

Адегенде эл аралык маалымат каражаттарында Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар боюнча кандай сөз болуп жатканына көз салалы.

Эл аралык "Аль-Жазира" каналынын кабарчысы кыргыз-өзбек чек арасынын жанынан миңдеген өзбек улутундагы кыргызстандык жарандар Өзбекстандан баш паанек табуу үчүн өтүп жатышкандыгын маалымдап жатат. Кабарында ал Өзбекстанга кетип жаткан өзбек улутундагы качкындардын абалына, алардагы гуманитардык жагдайга көбүрөөк басым жасап, өзбек улутундагы адамдардын өлтүрүлүшүнө кыргыз аскерлеринин да салымы бар деп айыптады. Бирок бул кабардын соңуна дейре кыргыз аскерлери ок аткан, атпагандыгы тууралуу тастыкталган маалымат берилген жок.

Дагы бир мисал: “Азыр деле Өзбекстан менен чектеш аймакта жүздөгөн адамдар өмүрүн сактап калыш үчүн коңшу мамлекетке кире албай турушат. Бул адамдар азыр таза сууга, тамак-ашка муктаж, - деп Би-Би-Синин кабарчысы Рейхан Демитри Ошто жүргөн кезинде кабарлаган. Бирок кыргыз тарап тууралуу кеп кылган эмес. Мунун себебин ал Ош шаарындагы кырдаалдын өзгөчө кооптуу болуп тургандыгы менен түшүндүргөн. Бирок эл аралык эрежеге ылайык жагымсыз кесепеттерди алдын алуу максатында бир тараптуу маалымат обого чыкпашы керек.

Мындай бир тараптуу маалымат таркатуу дүйнөлүк маалымат булактарынын дээрлик көпчүлүгүндө байкалып тургандыгын "Интерньюс Нетворк" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мария Райснер да айтат:

- Кыргызстандын түштүгүндөгү болгон коогалаң интернетте дээрлик бир тараптуу ,ал эми андан башка булактарда үстүртөн чагылдырлып жатканын байкадым. Муну менен дүйнөлүк медиа Ош, Кыргызстан жөнүндө аз билет экендиги көрүндү. Мисалы, Кыргызстан жөнүндө жазган журналист чет өлкөдө отуруп, аймактагы кабарчыларынын айткандарынын негизинде макала жазышы мүмкүн. Ал Ошто болуп көрбөгөндөн кийин улуттар аралык маселени билбеши да мүмкүн. Мына ушундай учурларда көп нерсе туура эмес айтылып калат, себеби кайсы конфликт болбосун анын ар кандай себептери бар. Маселен саясий, экономикалык, социалдык жана башка себептери болушу мүмкүн.

Тактык, адилеттүүлүк, тең салмактуулук жана көп кырдуулук дүйнөлүк журналистиканын өзөгүн түзүүчү эреже жана стандарт болуп саналат. Медиа-эксперт Султан Жумагулов да Кыргызстанда болгон окуяларды чагылдырууда дүйнөдөгү алдыңкы маалымат булактары бир беткейликке орун бергени өкүндүрүп жатканын айтат:

- Эл аралык этика, эл аралык журналисттик стандартта иштеген журналисттер аябай ирээнжип калдык. Дүйнөлүк стандартты бизге үйрөтүп, үлгү болуп келген институттар момундай коогалаң болуп жаткан учурда өздөрү ошондой эрежелерди тутуна албагандыгын көргөзүп койду. Ошол азыр жанды кейитип атат.

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад аймактарындага коогалаң башталган алгачкы күндөрү айрым дүйнөлүк теле жана радио, интернет жана гезит барактарында кыргыздарды өтө агрессивдүү көрсөткөн сүрөттөмөлөр берилип, кээ бир макалаларда кыргыздар өзбектерди тукум курут кылып жатышат деген өңдүү сөздөр айтылганы кабарланган. Мына ушундай маалыматтарга чет өлкөдөн күбө болгон кыргыз студент Марат Жаанбаев үстүртөн маалымдоо чыныда орун алганын бышыктады:

- Мисалы, европалык массалык маалымат каражаттарын алып карасак алар үстүртөн эле берип жатышты. Эң негизгиси бул окуяга мурунку бийликтин кийлигишүүсү бар экени айтылган жок. Негизинен өзбек тарап гана жабыркап жатат, кыргыз жаш балдары ичип алып, колдоруна курал жарак алып, өзбектердин үйлөрүн өрттөп, өзбектерди өлтүрүп атат деген эле маалыматтар көп айтылып жатты. Ошондон улам Европа өлкөлөрүндө кыргыздар өзбектерге геноцид уюштуруп жатыптыр деген ой жаралып калды.

Массалык маалымат каражаттарында кеңири колдонулган “геноцид” термини туурасында медиа эксперт Султан Жумагулов мындай пикирде:

- Журналистикада, ал турсун саясатта колдонулбай турган геноцид, тукум-курут саясатын кыргыздар кылып жатат деп айтышты. А геноцид деген – бул бир улуттун экинчи улутка карата атайын иштелип чыккан тукум курут кылуу саясаты. Ал эми бул кан төөгүүлөрдө эки тарап бирдей эле өлдү да, эки тараптан тең бирдей ок чыкты. Анан ушуну геноцид деп айтып чыгышканы өкүндүрөт.

Султан Жумагулов ошондой эле коогалаң маалында маалымат согушу болгонун, бул согушта Кыргызстан утулганын кошумчалады. Мунун себебин ал маалымат согушу Өзбекстан аймагынан жүргүзүлгөнүн жана Өзбекстанга салыштырмалуу Кыргызстандын медиа ресурстарынын аз болгондугу менен түшүндүрдү.

Деген менен маалымат согушу Кыргызстан үчүн саясий гана эмес, экономикалык жаатта да терс таасирин тийгизерин айрым батыш адистери айтышууда. Бир мисал, Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн туристтер көп келет жана алар керек. Соңку окуяларды эске алганда 2010-жылдагы туристтик сезон андай деле оптимисттик маанай жаратпайт өндүү.
XS
SM
MD
LG