Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Америкалык аскерлерди Ала-Тоодон чыгарууга мезгил келдиби?


Жалал-Абат облусунун коомчулугу «Манас» аба бекетинде турган америкалык аскер базасынынын зарылдыгын белгилешүүдө. Алардын пикири боюнча аскер базасы өлкөнүн коопсуздугу үчүн да кызмат кылып, экономикалык жактан да колдоодо.

Жакында орусиялык «Эркин пресса» деп аталган басылманын суроолоруна жооп кайтарган президент К.Бакиев “Манас” аскер базасын өлкөдөн чыгаруу жөнүндө сөз козгоого мезгил жеткендигин билдирген. Бакиевдин сөзү боюнча Ооганстанда согуш токтоду, америкалыктар ал жакта жүргөнү маңзат өстүрүү күчөдү.

АКШнын аскер базасын өлкөдөн чыгарууга карата коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылууда. Жалал-Абат облустук бийликтин бөлүм башчысынын орунбасары Муса Эргешовдун жеке пикири боюнча жүргүнчүлөр каттаган «Манас» аба бекетинде аскердик базанын орношу туура эмес. Абабекеттин аскердик кемелери бөлүп чыгарган күйүүчү май менен түтүн айлана-чөйрөнү булгап, натыйжада адамдардын ден-соолугуна зыян апкелиши ыктымал:

- Биздин Кыргызстандан башка чет элдик жарандары учкан жерде аскер күчтөрүнүн турушу туура эмес менимче. Башка жерге көчүрсүн. Аткени телевизордон көрсөтүп атат, шаардан четирээк, өзүнө ыңгайлашкан база болсо туура болмок.

Бүгүнкү күндө америкалык аскер базага муктаждык азайды. Өлкө жаранын атып өлтүргөн базанын жоокери жоопко тартылбай, өлгөн киши үчүн компенсация төлөнгөнү белгисиз. Бирок Кант шаарында орусиялык учактар тургандыктан күчтөрдү тең салмакта кармап туруу үчүн америкалык аскер базанын зарылдыгы бар.

Аба базасы менен болгон келишимди кайра караштырып, Иранга согуш жарыяланса, ага каршы аскер базанын согуштук учактары колдонулабы-жокпу, ал тууралуу кепилдик алгандан кийин гана аны Кыргызстандан чыгарбай, өлкөнүн чек ара аймактарына көчүрүү жагын ойлонсо болот. Ушундай пикирдеги жалалабаттык тургун Мураталы Үчкемпировдун ою боюнча маселе жеке президент тарабынан эмес, парламенттик талкуудан кийин чечилүүсү абзел:

- Мамлекеттик деңгээлде депутаттар карап чыгып, анан кийин бир жыйынтыкка келет деп эсептейм. Муну чечүүнү Жогорку Кеңешке коет элем. Аэропорт «Манастан» башка авиабазаны куруп болсо дагы четке, эл жок жерге көчүүсү зарыл.

Облус тургуну Нурбек Касымбековдун пикирине караганда америкалык аскер базасы Ооганстандагы терроризм менен күрөшүүгө чакырылган. Ооганстандагы НАТО аскерлерине керектүү жүктөрдү ташуу менен ал жакта тынчтыкты орнотууга, Кыргызстандын коопсуздугун сактоого салым кошууда. Аба базасында иштегендерге жумуш берип, өлкөнү экономикалык жактан колдогондугун да унутпоо керек:

- Ошол максатта азыр иштеп жатат. Демек, бул Орто Азиядагы коопсуздук үчүн керек болуп эсептелет. Экинчи жагынан бизге кандайдыр бар деңгээлде, республиканын бюджетине экономикалык көмөк көрсөтөт. Себеби 81 млн. доллар бир жылдык биздин бюджетке түшүшү дагы бул бир топ эле сумма болуп эсептелет.

Кызматы менен аты-жөнүн атабоону өтүнгөн мамлекеттик кызматкер талиптер Ооганстан менен Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч келтирип турганда АКШнын аскер базасын өлкөдөн чыгаруу маселесин көтөрбөө керек деген пикирин билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG