Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:52

АКШ - Кыргызстан: жардам, анан расмий таануу


АКШ Мамлекеттик катчысынын Чыгыш жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Роза Отунбаева менен журанлисттер алдында, Бишкек, 2010-жылдын 14-апрели.
АКШ Мамлекеттик катчысынын Чыгыш жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Роза Отунбаева менен журанлисттер алдында, Бишкек, 2010-жылдын 14-апрели.

АКШ Мамлекеттик катчысынын Чыгыш жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк Бишкекте убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда. АКШ азырынча Кыргызстандын жаңы бийлигин расмий тааныбаганы менен экономикалык жардам берилээри айтылды.

14-апрелде Бишкекке эки күндүк иш сапар менен келген АКШнын мамлекеттик качысынын орун басары Роберт Блэйк (Robert O.Blake) алгач убактылуу өкмөт башчы Роза Отунбаева менен жолугушту. “Мамлекеттик катчы Клинтон мени Кыргызстанга жиберип, убактылуу өкмөттүн демократияны калыбына келтирүүгө карата кадамдарын колдоого, өлкөдө жаңы шайлоо өткөрүү, Конституцияны кабыл алуу иш-тартибине көмөк көрсөтүүгө АКШ даяр экендигин билдирет”, деди ал журналисттер менен болгон маалымат жыйынында.

АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле демократиялык өнүгүү менен ажырагыс байланышта экендигин айткан Роберт Блэйк, “убактылуу өкмөттүн демократияга ык коюшу үмүттөрдү пайда кылат”, деп кошумчалады.

Убактылуу өкмө башчы Роза Отунбаева эки тарап тең Кыргызстандагы абалды толугу менен кылдат түшүнөөрүн жана АКШ көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин тастыктады. Бул тууралуу АКШнын мамкатчысы Хилари Клинтон менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө да сөз болгонун билдирди:

- Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга жардам берүүгө даяр. Азыркы абалдан тезирээк чыгып кетүү үчүн жетишээрлик жардам берилээрине ишенебиз.

Расмий Вашингтондун өкүлү ушул эле күнү Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен дагы жолугушту. Министрдин милдетин аткаруучунун орун басары генерал-майор Кубанычбек Орузбаев жолугушуу маалында кыргыз тарап аскердик кызматташуу жаатында эмес, учурдагы өлкөдөгү абалга байланыштуу каржы-экономикалык көмөк көрсөтүүнү суранганын маалымдады.

7-апрелден тарта мамлекеттик башкарууну колуна алган убактылуу өкмөт Бишкектин “Манас” эл аралык аба майданында жайгашкан коалициялык күчтөрдүн Транзиттик борборун өлкөдө калтырабы же жокпу деген суроо байма-бай берилүүдө. Коргоо министрлигинде өткөн маалымат жыйынында журналисттердин “Манастагы” Транзиттик борбор тууралуу маселе каралдыбы? - деген суроосуна, генерал-майор Орузбаев, “Чынын айтканда каралган жок. Себеби бул базанын [Транзиттик борбордун] өзүнүн милдети, аткара турган жумушу бар”, - деп жооп кайтарды.

Буга чейин кыргыз-америка алакасы коомчулукта “баалуулуктардан кызыкчылыктар жогору” деген мүнөздө жөндөлүп, анда АКШ тарап өз аскерий базасын кармап туруу максатында Кыргызстанда демократиянын өнүгүүсүн көз жаздымда калтырганы үчүн кескин сынга алынып келген.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Кимберли МакДональд (Kimberly McDonald) “Азаттыкка” берген маегинде, америкалык тарап кайсы өкмөт болбосун демократия менен адам укуктарын туу тутуп кызматташа берээрин жашырбады:

- Бул жаатта биз мурдагы өкмөт менен дагы иштешкенбиз жана жаңы келген өкмөт менен дагы мурдагыдай эле кызматташа беребиз. Убактылуу өкмөт гуманитардык көмөк көрсөтүү, демократиялык өнүгүү багытында биз менен кызматташкысы келсе, биз өз программларыбызды чын ыкластан уланта беребиз.

14-апрелде убактылуу өкмөт Бишкектеги Кытай, Иран, Түркия элчиликтеринин өкүлдөрү менен жолугушканы маалымдалды. Ушул эле күнү убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев Москвага экинчи жолу иш-сапар менен кетсе, ага улай орусиялык бир катар маалымат каражаттары расмий Кремль кезектеги ыңкылаптан кийинки Кыргызстанга 20 млн. доллар өлчөмүндө грант, 30 млн. долларлык жеңилдетилген насыя, 25 миң тонна күйүүчү май жана жазгы айдап-себүүгө 1,5 миң тонна үрөн көмөк көрсөтө турганын жазып чыгышты.

Р. Отунбаева: АКШ көмөк көрсөтүүгө даяр
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG