Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Жалал-Абад: кандуу калаба боюнча айыпталгандардын иши сотто


Темир тор артындагы айыпталуучулар, 2010-жылдын 6-сентябры.
Темир тор артындагы айыпталуучулар, 2010-жылдын 6-сентябры.

6-сентябрда Базар-Коргон райондук көчмө сот өз ишин Ноокен районунда жүргүздү. Анда арасында укук коргоочу Азимжан Аскаров болгон 8 киши сурак беришти. Эки соттолуучудан башкасы өз айыптарын четке кагышты. Сот иши бүгүн да уланууда

6-сентябрда соттолуучулардын бардыгы өздөрүнө коюлган кинелер боюнча көрсөтмөлөрүн беришти. Соттук териштирүү 2-сентябрда башталган. Анда соттолуучуларга “адам өлтүрүүгө жана массалык башаламандыктарга катыштыгы бар” деген айыптар коюлган. Бирок мындай кинени башка соттолуучулардай эле укук коргоочу Азимжан Аскаров да четке какты.

Жабырлануучулар менен мамлекеттик айыптоочулар жана бир нече күбөлөр укук коргоочу менен айрым соттолуучулар 12-июнда Базар-Коргон районунун Сайдуллаев көчөсүн тосуу ишине, Ош-Бишкек жолунун боюнда милиция өлүмү менен коштолгон окуяга катышканын ырасташууда.

Ноокен райондук сотунун имаратынын кире беришинде дубалдарга илинген плакаттар.
Ноокен районунда улантылган Базар-Коргон райондук көчмө сотуна 6-сентябрда келген Азимжан Аскаровдун жактоочусу Нурбек Токтакунов тиешелүү кылмыш иши менен кайрадан таанышуу керектигин билдирди. Анын айтымында, соттолуучу менен жолугушуп, көзмө-көз сүйлөшүп, түйүндүү маселелерди такташып алууга тартип сакчылары уруксат берген эмес. Адвокат Азимжан Аскаровдун оң көзүнүн көгала болгон себеп-жагдайы иликтенүүгө муктаж экендигин айтты.

Жактоочунун А.Аскаровду медициналык текшерүүдөн өткөрүү өтүнүчүн башка айыпталуучулардын адвокаттары да колдошту. Алар да өз коргоочуларынын ден соолуктарын күбөлөндүрүү жагын соттон өтүнүштү. Жактоочу Нурбек Токтакунов набыт болгон милициянын туугандары адвокаттар менен соттолуучулардын сөздөрүн улам бөлүп, ызы-чуу салганына нааразы болду:

- Соттун уруксаты жок мени убактылуу кармоочу жайга киргизишкен жок. “Анда мен иштей албайм, мен мындай шартта иштегенге мүмкүнчүлүгүм жок” деп айттым. Прокурор Турдумамбетов “кел, милдетиңди аткар, иштей аласың” деди. Мен оозумду ачсам эле сүйлөттүрбөсө, токтотуп атса... Аскаровдун көзү көгала болуп атат, мен аны билишим керек, мен азыр билбейм, ал эмне деп салат экен. Урматтуу прокурор, көзү көгала экенин көрүп жатасыңарбы?

Бирок жактоочулардын сотту токтото туруу сунушуна мамлекеттик айыптоочулар менен жабырлануучулар макул болушкан жок. Базар-Коргон район прокурорунун жардамчысы Жанар Канаев укук коргоочунун көзүнүн көгөрүшү – талкууланып жаткан кылмыш иштерине тиешеси жок экендигин билдирүү менен сотту улантууну сунуш кылды:
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын майору М. Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова жана туугандары.

- Эми ушунча адамды чогулутуп алып, адвокаттын өтүнүчүн териштире турган болсок дагы отурушубуз керек. Соттон кийин кирип, аңгемелеше берсин. Анда таанышып чыгыш керек эле, түндө уктабай болсо да. Ал сиздин маселеңиз, качан убакыт табасыз. Бул кишинин көзүнүн көгөргөнү боюнча сиз арызыңызды жазыңыз, милиция жетекчиси текшерүүдөн өткөрсүн. Анан талдайбыз ким көгөрткөнүн.

Сот ишине төрагалык кылган судья Нургазы Алимкулов жактоочулардын өтүнүчтөрүн карап чыгып, айыпталуучулардын ден соолуктарын текшертүү маселесин алар ушу тапта убактылуу кармоо жайында турган Ноокен райондук прокуратурасына милдеттендирди. Жактоочуларга алардын өз коргоочулары менен тыныгуу маалында сүйлөшүп алууга уруксат берген жобо бар экенин түшүндүрдү:

- Ички иштер министрлигинин 2010-жылдын 29-марттагы буйругу бар. Бул буйрукта камак жайда отурган айыпкерлердин жолугушуусу тууралуу жобо жазылган. Сиз соттолуучулар Базар-Коргондон бул жакка алынып келинип, азыр кармалып турган Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына кайрыласыз. Алар соттолуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө укуктуу.

Азимжан Аскаров
Укук коргоочу жана башка соттолуучулар медициналык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартышты. Азимжан Аскаров көзүнүн көгөрүшүнө тартип сакчыларынын тиешеси жок экенин, тескерисинче, алардын коопсуздугун сактап турганын “Азаттыкка” билдирди. Аскаров өзүнө коюлуп жаткан айыптардын курулай доомат экендигин кайталап, мыйзамсыздыктардын бетин ачканы үчүн тартип сакчылары буга дейре изине түшүп, эми 13-июндагы окуя ага шылтоо болгондугун жашырган жок:

- Айыпталуучулардын коопсуздугун коргоо үчүн бизди РОВДдан эки тараптан коруп алып чыгып жатышат, тар жерден бир-эки эшиги бар жерден жүгүрттүрүп. Мени менен соттолуп жаткандардын баары жаштар. Эки адамга бирден кишен салышкан. Жүгүрүп баратып, менин бут кийимим чечилип кетип, аны эңкейип кием деп алдымдагы адамдын башына эки жолу уруп алдым. Милиция урган жок. Алтымышка кирген адамды милиция урат беле?

Сот өтүп жаткан имараттын кире бериш чендеги дубалдарга 13-июнда Ош- Бишкек жолунун боюнда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын майору М. Сулаймановдун туугандары анын өлүмүнө себепкер болгон адамдарга эң жогорку жаза берүүнү талап кылган плакаттарды илип коюшту. Анын атасы Жусуп Сулайманов соттон баласына кол салгандарга мамлекеттик кылмышкер катары баа берүүнү өтүндү:

- Бул мамлекетке каршы чыгып атат, адам өлтүрүп атат, адам өлтүргөнгө курал жасап атат. Эң жогорку жаза бер, балам буларга! Эгерде андай болбосо...
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG