Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Кыргызстанда коррупциянын кылы кыйшая элек


Эл аралык "Транспаренси интернешнл" уюму 180 өлкөдө коррупциянын абалын иликтеп, Кыргызстан 162-орунда экенин билдирди. Кыргызстан жалпысынан жемсөөлүк кеңири жайылган 18 мамлекеттин бири катары таанылыптыр.

Коррупцияны алдын алуу агенттигинин түндүк аймагы боюнча өкүлү, саясий илимдеринин кандидаты Эркайым Мамбеталиева "Транспаренси интернешнл" уюмунун отчету боюнча ой-пикир бөлүштү.

- Сиз ушул өңүттө кандай баа бере аласыз, эл аралык иликтөө уюмунун баасы канчалык деңгээлде акыйкат таразаланды?

- Былтыркы жылы Кыргызстан 166-орунда болчу, быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу бул көрсөткүчтөр төрт тепкичке төмөндөптүр десек болот, 162-орунду ээлеп. Албетте, "Трансперенси интернешнл" уюму дүйнө жүзү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөндө көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча баалашат. Ошонун ичинде коррупцияга каршы иштеген мамлекеттик органдын дагы иш алып баруусу боюнча жана эл коррупцияны кандай кабыл алып атат деген суроо боюнча дагы өздөрүнүн пикирлерин көптөгөн эксперттер жыйынтыктап анан чыгарышат.

Албетте, өз ишибизди алып барышыбыз керек. Бирок бир жагынан бир эле “Трансперенси интернешнл” эмес, мисалы Дүйнөлүк Банктын дагы көрсөткүчтөрүнө да таянышыбыз керек. “Трансперенси интернешнл” боюнча дагы кээ бир окумуштуулардын, коррупция жаатындагы эксперттердин дагы өз сын-пикирлери бар. Себеби жалпы элдин баа берүүсүнө таянышат дагы, бул кээде объективдүү көрсөткүч болбой да калышы мүмкүн.

- Кыргызстанда ушул агенттик өзү, же агенттиктин айланасындагы талдоочулар, эксперттер деп коелу, ошолор иликтөө жасайбы. Кыргызстанда жергиликтүү көз карашта коррупциянын абалы кандай?

- Биздин агенттик тарабынан 2007-жылы Бишкек шаары боюнча бизнес чөйрөсүндө корруциянын кайсы формаларына дуушар болуп атышат деген кеңири изилдөө жүргүзүлгөн. Анан быйылкы 2009-жылы март айынан баштап он-лайн добуш берүү жүргүзүлдү. Бирок ал жерде кайсы структуралар көбүрөөк коррупцияга дуушар болуп атат, канча тоскоолдук болуп атат деп ушул көрсөткүчтөргө гана таянганбыз.

Азыр болсо агенттикте биз суроолордун үстүнөн иштеп жатабыз. Он-лайн добуш берүү жүргүзүлдү дагы, мындан кеңирирээк системалуу иш алпарып, Кыргызстан боюнча өзүбүздүн көрсөткүчтөрүбүздү дагы алып чыксак деген ниетте азыр ушулардын үстүнөн иш жүргүзүлүп жатат.

- “Трансперенси интернешл” уюму дагы айтып атат, ушул өкмөт структурасындагы мекемелерде коррупция көп болуп атат деп. Азыр Кыргызстанда дагы бир термин пайда болду, коррупцияга каршы күрөштөгү коррупция деген. Бул өңүттө силерде кандай аракеттер, чаралар бар. Мисалы, мурдараак тергөөнү, байкоо жүргүзүүнү, көзөмөлдөөнү өзүбүзгө алабыз дегендей да бир аракеттер башталды эле?

- Эгерде дүйнө жүзүндөгү коррупцияга каршы уюмдардын моделдерин алсак, ар кандай моделдер бар. Биздин Кыргызстан алдын алуу моделин алган өзүнө. Бирок иш алып барууда биз көптөгөн проблемаларга дуушар болдук. Ошондуктан мүмкүн чынында эле алдын алуу эле процессине көзөмөл кылбастан, оперативдик тергөө жүргүзсөк дагы мүмкүн эффективдүү натыйжага жетет белек.

- Бул маселе ишке ашып атабы?

- Жок азыркы күндө ишке ашкан жок.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG