Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Ош: ЖОЖ мугалимдерине бойкот жарыялоо демилгеси


26-октябрда ОшМУнун студенттери келишим акы кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясына чыккан.
26-октябрда ОшМУнун студенттери келишим акы кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясына чыккан.

Ош шаар бийлиги жогорку окуу жайлардагы коррупцияга бөгөт коюу максатында, жалпы студенттерди пара алган мугалимдердин сабагына бойкот жарыялоого чакырды. Шаар башчысы студенттердин массалык түрдө сабактарга катышпай коюусу аркылуу окуу жайлардагы паракорлукту азайтууну көздөп жатканын билдирди.

Ош шаарында миңге чукул студенттин катышуусунда өткөн жаштар форумунда, студенттер шаар мэрине аларды экзамен учурундагы коррупция кыйнаганын айтып даттанышты.

Шаар башчысы Мелис Мырзакматов Оштогу бардык окуу жайлардагы коррупцияны ооздуктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдап, ага студенттердин өздөрүн да мүчө болууну сунуштады. Мындан сырткары, алдыдагы кышкы сессияда пара алган мугалимдердин сабагына студенттерди массалык түрдө катышпай, бойкот жарыялоого чакырды:

- Мага келип, пара алган мугалимдердин тизмесин бересиңер, мен силер менен кошо барып алардын сабагына бойкот жарыялайбыз! Алардын сабагына жалпыбыз катышпай коюшубуз керек! Мен бул маселеде силер менен кошо жүрөм. Ага жетекчи катары сөз берем! Это не выход, но борьба!

Шаар жетекчисинин мындай чакырыгы иш-чарага катышкан жаштардын колдоосуна ээ болду. Атургай студенттердин айрымдары жалпы жаштарга кайрылып, мэрди «биздин атабыз» деп да атап жиберишти.

Окуу жайлардын биринде 4-курста окуган Алибек Адылбеков, эгерде шаар башчысы берген убадасын эсинен чыгарбаса эле, анда студенттер кышкы экзаменде пара алган мугалимдердин сабагына бойкот жарыялоого даяр экенин айтат:

- Көпчүлүк жетекчилер ушундай маселени айтып чыгышат, бирок аягына чыгарбай коюшат. Жыйынтыгында аларга ишенген студенттер өздөрү кыйынчылыкка кабылышат. Демек жетекчилер сөз берсе, анда биз бойкот жарыялоого даярбыз, себеби мен коркпой эле айта алам, азыр көпчүлүк мугалимдер пара алат.

Деген менен жергиликтүү бийликтин ЖОЖдордогу коррупция менен күрөшчү мындай ыкмасын, окуу жай мугалимдери нааразылык менен кабылдашты.

Алардын көпчүлүгү, окутуучулук профессордук курамдын, жалпы эле мугалимдердин беделин кемсинтүү деп баалашса, айрымдары бул ачык эле провокация деп айтышты. Окуу жайлардын биринин мугалими Кайрат Даминов «Азаттыкка» буларды айтты:

- Бул туура эмес. Студенттер өздөрү мындай кылбайт, аны бирөөлөр уюштуруп жатат да. Коррупцияны жоюш керек, бирок сабака катышпай коюудан башка жол караш керек. Мындай ыкма мугалимдерди сыйлабаганга жатат. Бул башаламандыкка да алып келиши мүмкүн. Башка, конкреттүү бир программа сунуш кылыш керек.

Студенттердин айтымында, буга чейин да Оштогу жогорку окуу жайлардагы коррупциядан арылуу, жок дегенде аны азайтуу үчүн бир канча иш-чаралар өтүп, убадалар берилгени менен, кымындай да майнап чыккан эмес.

Шаар башчысы жаштарга бойкот жарыялоо сунушун айтып жаткан чакта, студенттер коррупцияны ооздуктоону кыргыз чиновниктеринен баштоону сунуш кылышты.

- Биринчи Жогорку кенеш, биздин бийлик тазаланса, анан жаштар тазаланат. Биздин түшүнүк боюнча, азыр акча берип гана чоң кызматка отурасың. Эл да бекер айтпайт да.

Ошентип соңку жылдары өзгөчө оожалган окуу жайлардагы паракорлук өнөкөтүн тыюуга шаар бийлиги билек түрө киришип турган чагы. Ошто буга чейин да экзамен учурунда түрдүү уюмдар, партиялар «Жоголсун паракорлук» сыяктуу иш-чараларды өткөрүп, жаштар болсо «Коррупцияга жол жок» ураанын көтөрүп, көчөлөрдө акцияларды уюштуруп келишкен. Эми бул иш-чаралар быйыл шаар бийлигинин демилгеси менен студенттердин «массалык сабактарга катышпай коюу», «бойкот жарыялоо» сыяктуу иш-чаралары менен коштолгону турат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG