Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Өлкөдө абал курч бойдон


Маевка айылында бир нече үй өрттөндү.
Маевка айылында бир нече үй өрттөндү.

7-апрелдеги ыңкылаптан соң өлкөдө кырдаал курч бойдон калууда. Мындан улам серепчилер утурумдук бийликтегилер кызмат талашып, элдин коопсуздугун сактоого ойдогудай көңүл бурбай жатканы айтууда. Ал эми бийлик өкүлдөрү абалды жөнгө салууда болгон иштер аткарылып атканын билдирди.

7-апрелдеги ыңкылыптан бери өлкөдө абал тынчый элек. Бишкектин тегерегинде миңдеген адам шаар четиндеги жерлерди басып алууда. 19-апрелде Маевка айылында үлүш жерди басып алгандар менен үлүш ээлеринин ортосундагы кагылышуудан 33 адам ооруканага түшүп, бешөө каза тапты.

Жалал-Абадда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери бир нече күндөн бери митингге чыгып, 20-апрелде облустук ички иштер башкармалагынын жетекчилигине Кубаныч Төрөбаевди отургузду. Буга чейин аймак губернаторун да шайлап алышкан.

Айрым серепчилер ушундай кырдаалда утурумдук өкмөт башчылары өз ара кызмат талашуу менен алектенип, калктын коопсуздугун коргоого чарк-чамасы жетпей атат деген пикирин билдирүүдө.

Буга 19-апрелде ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязовдун тегерегиндеги окуя дагы бир мисал болду. 19-апрелде Бишкекте эки жүздөй милиция кызматкерлери Б.Шерниязовду министрлик кызматтан алуу, анын ордуна системаны жакшы билген адамды дайындоо талабы менен көчөгө чыккан. Утурумдук өкмөт өкүлдөрү Шерниязов кызматтан алынып, анын ордуна Бакыт Алымбеков дайындалганын маалымдаган. Мындан соң кечинде Б. Шерниязовдун 300дөн ашуун тарапкерлери убактылуу өкмөт жайгашкан Коргоо министрлигинин алдына барып, Шерниязовду өз кызматында калтырууну талап кылган. Убактылуу өкмөт чукул жыйын өткөрүп, Б. Шерниязовду кайрадан ички иштер министринин милдетин аткаруучу ордуна калтырганын кабарлады.

Саясат таануучу Бакыт Мааткеримов мына ушул өңдүү көрүнүштөр бийликтегилер кадрдык маселе боюнча бир ойго келишпей атканын тастыктады деген ойдо:

- Утурумдук өкмөттүн өз ара кызмат талашуусу, кечээги Шерниязовдун тегерегиндеги окуя эки кочкордун башы бир казанда кайнабасын дагы бир жолу көрсөттү. Бийликтеги үч ири партия Крыловдун тамсилиндегидей ар кимиси өз тарабына арабаны тартып атат. Эл коопсуздугу, мамлекеттүүлүктү сактоо маселеси четте эле калды.

Мындай пикирге “Ата мекен” партиясынын өкүлү Равшан Жээнбеков да кошулат. Анын оюнда, убактылуу өкмөттө жетекчилерди алуу жана бекитүү маселеси талаштуу болуп, көптөрдү нааразы кылууда:

- Жаңы бийликтин иштегенине он күндөй убакыт болсо да бийлик коомдук тартипти сактай албасын көрсөттү. Балким алар жакшы саясатчы чыгаар, бирок чабал өлкө башчылары, өкмөт мүчөлөрү экени билинип атат. Бирок дагы деле кеч эмес. Бийликке профессионал адамдарды алып келип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштөө керек.

Ал эми утурумдук өкмөттүн өкүлү Алмазбек Атамбаев учурда өкмөттөгүлөр колдун келишинче иштеп атканын, кызмат талаш жок экенин айтат:

- Отунбаева, Бекназаров, Сариев, айтор утурумдук өкмөттүн башында тургандардын баары күнү-түнү иштеп атат. Ар кандай топтор келип алып кызмат алууга тырышып жатат. Буга жол берилбейт. Балдар бирөө кызмат алсын деп өлгөн жок. Алты айдан кийин бул өкмөт иштейби же бийликтен кетеби, аны калк өзү чечет.

Айрым адистер эгерде абал тез арада колго алынбаса А.Атамбаев айтып аткан алты ай аралыгында тополоңдор токтобой, өлкөгө, калкка бир топтогон зыян болоорун айтышууда.

Андыктан мындай абалдын чыгуунун бирден-бир жолу - утурумдук өкмөттү тез арада легитимдештирүү, дейт саясат таануучу Бакыт Мааткеримов:

- Утурумдук өкмөт мүчөлөрүн эл шайлбаган соң өкмөттү тез арада мыйзамдаштыруу зарыл. Болбосо Конституциядан тыш кабыл алынган мыйзамдардын баары жокко чыгарылып атпайбы.

Өлкөдөгү курч кырдаалдан чыгуу жолун 20-апрелде “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов сунуштады. Ал маалымат жыйынында 7-8-апрелдеги кан төгүүлөрдөн соң утурумдук өкмөт абалды турукташтырууда кескин чараларга баруудан чочулап атканын, бирок бул маселени сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу мүмкүн эместигин айтты. Андыктан аталган партия атайын декрет даярдап, аны утурумдук өкмөткө сунуштаган. Бул тууралуу Ф.Кулов буларды айтты:

- Тополоң чыгарып, жер басып, бейкүнөө адамдардын мүлкүн тартып алып, кишилерди өлтүрүп аткандарды токтотуу зарыл. Ал үчүн элди дүрбөтүп аткан кылмышкерлерди аябастан катуу жазалоо керек. Биз милиция, элдик кошуун өкүлдөрү, өз мүлкүн коргогон жеке адамдарга баскынчыларга каршы курал колдонууга уруксат берүүнү сунуштап атабыз. Мындай жолго барбасак болбой калды.

Ф.Кулов мамлекеттүүлүктү сактап калуу үчүн жарандык коом, саясий партиялар, бейөкмөт уюмдарды “Ар намыс” партиясы тарабынан иштелип чыккан декретти колдоп берүүгө чакырды.

Ал эми утурумдук өкмөт мүчөлөрү тополоңчулар менен жер басып алуучуларга азырынча күч колдонбой, бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет жасалып атканын билдирди.

XS
SM
MD
LG