Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:21

Акыл таймашы башталды!


29-мартта Бишкек шаарындагы №5 мектеп-гимназиясында окуучулар арасында так илимдер боюнча республикалык олимпиаданын биринчи айлампасы өттү. Сынак 14 сабак боюнча болуп, ал 1-апрелге чейин созулат.

Республикалык олимпиаданын уюштуруучуларынын маалыматы боюнча, бул жылы акыл таймашына 448 окуучу катышууда.

№5 мектеп-гимназиянын босогосун аттаарым менен олимпиадага кирип кеткен окуучулардын ата-энелеринин, мугалимдеринин толкунданууларына күбө болдум.

Кимдир бирөөнү же бир нерсе күткөндө да убакыт өтө жай өткөндөй сезим пайда болот эмеспи. Улам саатты карап коюп, мектептин босогосун кайра-кайра жалт эте караган Заринанын сиңдиси олимпиаданын катышуучусу. Заринаны кепке тартканымда ал буларды белгиледи:
Окуучум бир эле мени эмес, бүт Алай элин сыймыктандырып, биринчиликти алат деп күтөм.


- Синдим бүгүн бул сынакка катышууда. Мен сынак кандай өтөт деп кызыгып келдим. Азыр олимпиадага катышып деле кереги жок. Мурда калыс өтчү эмес. Өзүм мындан эки жыл мурун Талас облусу боюнча олимпиадага кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагы боюнча катышкам. Канча күч, канча аракет жумшадым! Аягы келип туура эмес жыйынтык чыкты. Менин упайым көп болуп, биринчи орунда келе жатканымды баары эле көрүп, билип турушкан. Анан эле биринчи орунду башка кыз алып калды. Ал кыз бир кой берип, биринчи орунду сатып алды деп кийин угуп калдым. Колуман эмне келет? Эч нерсе кыла алган жокмун.

Ал эми биология мугалими Апал айымды кепке тартканыбызда, ал алтынчы класстан бери даярдап келе жаткан окуучусунун Республикалык сынакка катышып жатканына сыймыктанып турганын жашырган жок:

- Биз Ош облусуна караштуу Алай районунун Санталат Умаркоджоев атындагы орто мектептен келдик. Кичинекей айылдын окуучусу республикалык олимпиадага катышканы мени аябай сүйүндүрөт. Анткени айылдын мектептериндеги чыныгы билимге умтулган балдардын жолу ачык экенине дагы бир ирет ынанып турам. Окуучум бир эле мени эмес, бүт Алай элин сыймыктандырып, биринчиликти алат деп күтөм.

Азыркы заман окуучуларга өтө көп талаптарды коет эмеспи. Мезгил ыргагынан артта калбай, заман талабына жооп бергидей билимге ээ болууга умтулгандар да арбын.

Заман талабына жараша


Белгилей кетчү жагдай, Орусияда мектеп олимпиадаларында сынак жазуу же оозеки түрдө жүрбөстөн, заманбап технология – компьютер колдонулат. Бул болсо акыл таймаштын таза жана калыс өтүшүн камсыз кылат. Азырынча мындай деңгээлдеги олимпиадалар Кыргызстанда качан өтөөрү белгисиз.

Тарых сабагы боюнча олимпиаданын катышуучусу Алмүрөк Жумагулов Талас шаарындагы “Себат” лицейинде окуйт. Алмүрөк олимпиадада тапшырманы алгачкылардан болуп аткарып чыкты. Алмүрөк олимпиадада биринчи орунга ээ болсо, жогорку окуу жайына өтүүгө чоң жеңилдик болоорун белгиледи:

- Былтыр 9-класста окуп жүргөндө 10-класстар арасындагы олимпиадага катышкам. Быйыл Респупликалык олимпиадага экинчи ирет катышуудамын. Олимпиада окуучулар үчүн чоң эшиктерди ачып берет деп ойлойм. Анткени байгелүү орундарга илинсең жогорку окуу жайларга өтүүгө жеңилдиктер берилет. Эгер мен биринчи орунду алып калсам, сөзсүз мыкты окуу жайды тандап алмакмын. Ал окуу жайдын диплому кийин жумушка орношууга жарайбы, жарабайбы ошого көңүл бурмакмын.

Ал эми Нарын облусунун Ак-Талаа районунан келген Айзат олимпиадада мектеп программасында окубаган да суроолор болгонун айтты:

- Суроолор абдан эле татаал болду. Себеби бизде адам жана коом сабагынан окуу куралдар аз жана эски. Ал эми бүгүнкү олимпиадада биз өткөн программада жок суроолор кездешти. Мисалы, саясат, психология, политология өңдүү предметтер боюнча да кездешти.

Улуту өзбек болсо да кыргыз тилинде мыкты сүйлөгөн Аброр Абдрахманов Ош шаарынан келген. Ал кыргыз тилдүү мектептин намысын коргоп, олимпиадага биология сабагы боюнча катышып жатат:

- Бул олимпиадага биринчи орунду алам деп келдим. Анткени мен биринчи орунду алсам Ош шаарынын аброюн бир топ көтөрмөкмүн. Ата-энем жана мугалимдеримдин мага болгон үмүтүн актасам экен деп турам.

Кызыктын бардыгы алдыда


Республикалык сынак 3 күнгө созулуп, башка облустан келген окуучулар, дегеле сынактын катышуучулары үчүн атайын программалар түзүлгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргыз билим берүү академиясынын уюштуруу иштери боюнча башкы адиси Айнагүл Осмоналиева билдирди:
Эгер мен биринчи орунду алып калсам, сөзсүз мыкты окуу жайды тандап алмакмын.


- Олимпиадага келген балдар үчүн атайын үч күндүк программа түзүлгөн. Айталы, сынактары бүткөн соң, 31-мартта, окуучулар Ата бейитке гүл койгону барышат. Андан соң түшкү тамактануудан кийин “Манас” университетине экскурсияга барышат. 1-апрель күнү саат 10до олимпиаданын жабылыш салтанаты Опера жана балет театрында болот.

Олимпиаданын жыйынтыгында 48 жеңүүчү аныкталат. Бул үчүн 96 байгелүү орун каралган. Жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар жана 1-2-3 даражадагы дипломдор ыйгарылмакчы. Мындан сырткары эң жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгон 9 мектеп аныкталып, ага да өзүнчө сыйлыктар каралган.

"Азаттыктын" архивинен: Адамдын күчү - билимде

Жаштардын “Азаттык+” сыналгы көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы мектептердеги билим берүүнүн деңгээлине жана реформаларга арналды.

"Азаттык+": Адамдын күчү - билимде
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:49 0:00
XS
SM
MD
LG