Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:47

Санжарбек Кадыралиевдин сөөгү жерге берилди


Маркумдун сөөгү кичи мекени Кызыл-Сеңирге коюлду. 16-апрель,2009-жыл.
Маркумдун сөөгү кичи мекени Кызыл-Сеңирге коюлду. 16-апрель,2009-жыл.

Эки күн мурда Бишкекте белгисиз бирөөлөрдүн огунан ажал тапкан депутат С. Кадыралиевдин сөөгү бүгүн Өзгөндүн Кызыл-Сеңир айылына коюлду. Маркумдун тажыясына жалпысынан беш миңден ашуун киши катышып, кошуна Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келгендер да болду. Жогорку Кеңештин соңку эки чакырылышына депутат болуп шайланган маркум быйыл ноябрда 33 жашка толмок.

Аза-митингди Өзгөн районунун акими Байышбек Жуманазаров ачып, кыргыз эли чоң жоготууга учурагандыгын, ал эми «Ак жол» партиясы бараандуу мүчөсүнөн ажырагандыгын жарыя кылды. Ошондой эле маркум депутат 2005-жылкы март ыңкылабына активдүү катышып, түштүк жергесинде коомдук тартипти сактоого жана улут аралык мамилелерди жөнгө салууга зор салым кошконун белгиледи.
Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев да парламент оор жоготууга кабылгандыгын билдирип, жаш депутатты атып өлтүргөндөрдү “канкорлор” деп атады.

Ошондой эле өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин жана парламенттин атынан Кадыралиевдин ата-энесине, тууган-уруктарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүштү.

Өкмөттүн өкүлү, экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров да ушундай эле мааниде сөз сүйлөдү.

Санжарбектин атасы Карымшак Кадыралиев болсо зар какшап мындай деди:

- Уулумдун асыл тилектери көп эле, тилекке каршы, ошол максаттарына жетепй калды. Кыска, бирок нуска сүйлөөчү. Улуу-кичүүгө убада берсе, сөзсүз аткарчу. Эми ушул бойдон кайран баланын аты өчүп кетпесин. Өлкө жетекчилиги ойлонуп, бир жакшы жерге Санжарбектин ысымын ыйгарса арбагы ыраазы болот эле.

Сөзүн жыйынтыктап жатып Карымшак Кадыралиев: - Досторуң тууган-урактарың, мекендештериң акыры өчүңдү аларына ишенем. Ажал улук, баш ийбеске арга жок. Акыреттикке баарыбыз барабыз. Акыреттен жолугушкуча , кош бол, уулум! – деп аза митингинин катышуучуларын ыйлатты.

Ошентип, белгисиз бирөөлөр башына аткан октон Бишкек шаарындагы үйүнүн жанында каза тапкан депутат Санжарбек Кадыралиевдин сөөгү өзү туулуп-өскөн Кызыл-Сеңир айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Санжарбек Кадыралиев азыркы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин экинчи ирет президенттикке коюусуна демилге көтөргөндөрдүн бири эле.

Жогорку Кеңештин акыркы эки чакырылышына депутат болуп шайланган. Аман турганда маркум быйыл 16-ноябрда 33 жашка толмок.

Депутат Санжар Кадыралиевди атып кетишти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00



Тасма: Бишкектеги Санжарбек Кадыралиев набыт болгон жай.

Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевди 14-апрелде үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Кабарчыларыбыз окуя болгон жерден чакан тасма тартып келишкен. MiT, ES.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG