Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:19

Авас Саипов: Баламды өлтүргөн адам табыла элек


Бүгүн Жогорку Сотто киши колдуу болуп өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун атасы Авас Саиповдун арызы каралат. Ал Жогорку Соттон ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү жана бул кылмышка шектүү деп табылган бир катар кызмат адамдарын кайра суракка алууну суранууда. А. Саиповдун айтымында, тергөөчүлөр Алишер Саиповдун өлүмүн бир бейкүнөө адамдын мойнуна илип, ишти эптеп бүтүрүп салууга аракет кылып жатат.

- Аваз мырза, Жогорку Соттон эмнени күтөсүз?

- Мен Кыргызстандын жаранымын. Балам дагы Кыргызстандын жараны болгон. Мен сот бийлигине ишенем, Кыргызстандын Конституциясын урматтайм, Президентти урматтайм. Жогорку Cоттон Ош шаардык сотунун 29-июлдагы токтомун өз күчүндө калтырышын суранам жана ошого ишенем.

Жогорку Cот дагы кайра тергөө болсун деген чечим чыгарып берет деп ойлойм. Анан дагы Икбол Мирсаитов, Давран Насипханов, милициянын майору Токтосун Асаев, милициянын полковниги Шакир Зулимов, Шухрат Салимов, Бахтыяр Тохтоматов, Элмурад Жусубалиев тергөө амалы учурунда менин алдымда бетме-бет суралышсын.

Кайрадан тергөө амалдары жүргүзүлсүн. Себеп дегенде, эки жылдан бери бизге тергөө амалдары кантип жүрүп жаткандыгы тууралуу эч кандай маалымат беришпеди. Расулов Абдуфарид Набиевичти менин баламды өлтүргөн дешет. Мен буга ишенбейм.

- Сиз айыпталып жаткан Расулов Абдуфарид менен сүйлөшө алдыңызбы, мүмкүнчүлүк болдубу?

- Ооба, сот отурумда мен Расулов Абдуфарид менен сүйлөштүм. Сиз Алишерди тааныйсызбы?, дедим. “Жок”, деди. Бул сот отурумунда болуп жаткан сөз. Сиз, дедим Алишерди өлтүрдүңүзбү? “Жок”, деди. Ошол 24-октябрь күнү кайсыл жерде болгонсуз?, дедим. “Мен Лейлекте өзүмдүн үйүмдө болгонмун”, деди. Ошого далилдериңиз барбы, сизди бирөө көргөнбү?, десем, “бар”, деди.

Азыр менин баламдын ишин жаап, мына кылмышкер табылды деп, бир бейкүнөө адамдын мойнуна коюп, ишти бүтүрүү болуп жатканын түшүндүм. Бул Расулов Абдуфарид Набиевич деген мурда милиционер болгон экен, эгерде анын башка иштери болсо ошол боюнча соттошсун.

Ал эми менин баламдын өлүмүнө бул кишини такыр аралаштырышпасын жана ага такыр тиешеси жок. 9-декабрда болчу Жогорку соттун отурумунда менин суранаарым, Оштогу соттогудай болбостон, коомчулуктан, маалымат каражаттарынан, укук коргоо, эл аралык уюмдардан өкүлдөр болсун. Алар көрсүн, билсин.

- Авас мырза, уулуңуздун өлүмүнүн бети ачылат деп ишенесизби?

- Үмүтсүз шайтан дейт. Мен дагы эле Жогорку Cотко, негизи эле сот органдарына, Президентибизге ишенип турам. Анан дагы да болсо ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге ишенип турам. Ушундай...

А.Саипов: Баламды өлтүргөн адам табыла элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG