Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

А. Нарматов: Чыныгы мусулман жанкечтиликке барбайт


Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов "Азаттыктын" студиясында.
Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов "Азаттыктын" студиясында.

Москва шаарынын метролорундагы бүгүн эртең мененки эки жардыруу мусулман жанкечтилеринин, террорчуларынын колунан келгендиги айтыла баштады. Андыктан Кыргызстандагы таасирдүү мусулман аалымы, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов менен террорчулук, жанкечтилик жаатында сөзгө тарттык.

- Абдышүкүр ажы, бир жаман кабар тарады, эртең менен Москва метросунун эки бекетинде, Лубянка жана “Маданият паркы” деген бекеттеринде удаама-удаа жардыруулар болуп, натыйжада 38 киши набыт кеткендиги, 73 адам жарадар болгондугу, жарадарлардын көбү оор акыбалда экендиги маалымдалууда, дегеле террорчулукка байланыштуу шариатта кандай нерселер айтылат?

- Ислам динибизде жердин кайсы булуңунда, кайсы шаарына барбайлы, мусулмандардын саламдашуусу, “ассалому алейкум” деген, же кыргызча айтканда “биз сиздерге тынчтыкты каалайбыз” деген сөз. Ошондой эле пайгамбарыбыз мусулман ким десе, колунан жана тилинен ким зыян көрбөсө ошол мусулман дейт. Андан кийин кереметүү Куранда, кимде ким бир жанды өлтүрсө баардык инсаниятты, адамды өлтүргөндөй күнөөгө жетет дейт. Ким бирөөгө жашоо берсе жардамы менен, бардык адамдарга жашоо бергендей, ал чоң сооп иш кылган болот дейт. Ошондуктан бүгүнкү болгон, сиз айтып аткан окуяларды, албетте иликтөө кызматтары иликтеп ким экенин аныкташы мүмкүн. Бирок негизинде мусулман адам эч качан мындай жаман ишке барбаш керек. Динибиз бир гана жөнөкөй бир адамдын эмес, жаныбардын да, жаратылышка да эч бир нерсеге зыян жеткирбеген,тили менен колу менен зыян жеткирбеген адамды мусулман дейт. Динибиз бул нерсеге өтө каршы.

- Ал эми жанкечтилер деп айтып атпайбызбы, жардырып бир нече адам өлө турган шартты түзүп туруп, өздөрү кошо өлүүгө макулдук берип атат. Дегеле ушулар жөнүндө шариатта кандай айтылат?

- Шариатта Аллах-Таала берген жанды Аллах-Таладан башка эч ким алууга укугу жок делген. Ошондуктан жанкечти дегендерди иликтөө кызматтары иликтеп, тактаар ким экенин. Чынында бир мусулманмын деген Аллахтын кыямат күнүнө акыры Аллахтын астына барып жооп бере турган адам бул ишке эч качан барбаш керек, барбайт дагы.

- Ушул жардырууларды чечен жикчилери жасады деген алдын-ала маалыматтар болуп атат, алдын-ала маалымат экенин Москва дагы белгилеп атат. Дегеле чечен мусулмандары жөнүндө, алардын терроризмге буга чейинки катышы жөнүндө өзүңүздүн ой толгооңуз болсо керек?


- Албетте мен коопсуздук кеңешинде, же алардын иликтөө кызматтарында иштебегендиктен эрте бир нерсе айтуу өтө кыйын нерсе. Баса белгилээрим, көбүнчө азыр дүйнөлүк деңгээлде ушундай жардыруулар, башкалар болуп жаткан нерседе мусулмандарга, Исламга жаап жаткан нерсе болуп атат. Билбейм, аныгында түбүнө жетиш өтө кыйын нерсе. Мисалы, акыркы кезде Бен Ладен ж.б. дегени менен ушул убака чейин, бүгүнкү күндө космосто туруп жердеги кумурсканын кыймыл аракетин билип турган кезде, эгер ошол кылмышкер Бен Ладен болсо, же анын жан жөкөрлөрү боло турган болсо, бүгүнкү күнгө чейин ал кармалыш керек эле. Артында көп суроолор белгисиз. Бул суроолорго жооп алыш өтө кыйын болуп калды.

- Чын эле суроолор абдан татаал. Ал эми мусулман эмес адам, Кудайга ишенбеген адам мусулмандардын атынан жанкечтилик, ушундай жардыруу иштерин жасашы мүмкүнбү?

- Мүмкүн, биз саясий өтө таңкалычтуу заманда жашап жатабыз. Ар түрдүү нерсенин күтүлүшү мүмкүн. Бүгүн аны биз аныктай албагандан кийин, бир нерсени билбестен сүйлөш деле шариатта туура эмес нерсе.

- Рахмат маегиңизге
XS
SM
MD
LG