Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Абактагы ачкачылык токтоду


№31-абакта отургандар ачкачылык акциясын токтотушту. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы билдиргендей, 25-майда аталган колонияда айып абакка камалып ооздорун тигип алган үч абакташынын бошотулушун талап кылган айыпкерлердин баары ачкачылык жарыялашкан.

Түрмөдөгүлөр нааразылык иш-чарасын түшкө таяп токтотушту. №31-колонияга Адилет министрлигине караштуу Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчи орун басары Таалайбек Муралиев баштаган топ барды. Башкармалыктын маалымат катчысы Сергей Сидоровдун “Азаттыкка” билдиришинче, азыр абакта кырдаал турукташып тынчып калды:

- Түшкө карай түрмөдөгүлөрдүн баары тамактанышты. Ал эми айып камагына алынган үчөө тигип алган ооздорун ачты.

Сергей Сидоровдун маалымдашынча, ооздорун тигип алгандар - Маймеров, Байбосунов жана Исаков аттуу кесилген адамдар. Бул адамдар өтө оор кылмыш менен: бирөөсү адам өлтүрүп, экинчиси мамлекеттик мүлккө кол салды, дагы бирөө адам денесине оор жаракат келтирди, деп түрмөгө кесилген.

Үчөө тең кургак учук ооруканасында даарыланып жаткан. Оорукана жетекчилигине баш бербей, “өзүм билемдик” аракеттерге барышкан. Кечки саат ондо жатаар маал болсо да, сыналгы көрөбүз деп чыгышкан, дейт С. Сидоров:

- Аларга эскертүү берилген. Аны угуп да коюшкан эмес. Режимди бузганы үчүн айып камагына камоо чечими чыккан. Каршылык көрсөтүшкөнүнө карабай аларга кол көтөрүлгөн эмес. Айып камагына алынгандан кийин ооздорун тигип алышкан

Айрым укук коргоочулар кыргыз түрмөлөрүндө бир катар көйгөйлөр бар экенин айтып, абалды опурталдуу катары сыпаттап, тынсыздануу билдирип келет.

Абдыкерим Ашыров “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун өкүлү. Анын айтымында, абактагы мындай тополоңдор түрмөдө отургандар менен абак кызматкерлеринин бири-биринин укугун сактабай, эрежелерге баш ийбегенден улам келип чыгат:

- Түрмөдө отургандар да эрежени сакташы керек. Түрмө кызматкерлери да абакта отургандардын укуктарын, кызыкчылыгын толук бойдон коргошу керек. Эгерде конфликтер болуп кетсе,ал мыйзамга, эрежеге таянып чечилиши керек. Жолугушуу, сүйлөшүү жолдору мыйзамдын чегинде, эки тараптын тең кызыкчылыгын, укугун коргогонго көмөк болот.

Күчөтүлгөн тартиптеги №31-колонияда азыр эки жүздөй адам жатат. Бул абакта былтыр да ачкачылык жарыялап нааразылык акция өткөн. 2005-жылы тополоң болуп, аны териштирүүгө барган Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев ошол жерден киши колдуу болгон.

XS
SM
MD
LG